Голан дөңсөөлөрү боюнча араб өлкөлөрүнүн кайрылуусу

АКШ президенти Дональд Трамп Голан дөңсөөлөрүнө Израил ээлик кыла турганын тааныган документке кол койду.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул кадамы үчүн Трампка ыраазычылык билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши бул аймакты Израилдин ээлигинде деп тааныбайт.

"Мындай чечим ондогон жыл мурда эле кабыл алынышы керек эле",-деди Трамп.

Израил менен Сирия Голан дөңсөөлөрүн өзүнүн аймагынын бир бөлүгү деп билет.

Израилдиктер 1967-жылдагы алты күнгө созулган согуш учурунда бул аймакты басып алган. 1981-жылы бул чөлкөмдү Израил өзүнө каратып алган. Муну ошондон бери эл аралык коомчулук тааныбай келүүдө.

Европа Биримдигинин өкүлү Майя Косьянчич билдирүү жасап, ЕБ мурдакыдай эле Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныбай турганын айтты.

Голан дөңсөөлөрүндө отузга жакын израилдик конуштар бар. Аларда болжолу 20 миңдей киши жашайт.

Эл аралык укуктук нормалар боюнча бул конуштар мыйзамсыз деп саналат. Израилдиктер менен катар эле сириялыктар дагы аймакты байырлайт, негизинен друздар.

Эл аралык реакциялар

Перс булуңундагы араб өлкөлөрү Сауд Арабия, Катар, Бахрейн, Кувейт АКШ президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныган чечимин айыптады.

Мындан мурун Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Голан дөңсөөлөрүн израилдик деп таанууга каршы чыгып, бул аймак Сирияныкы деп билдирүү жасаган.

Сирия болсо Трамптын кадамын өзүнүн суверенитетине кол салуу катары баалады.

"Алар Голан дөңсөлөрү боюнча эчтекени өзгөртө албайт. Канча жыл өтсө да, Голан дөңсөлөрү оккупацияланган Сириянын аймагы катары кала берет. Бул фактты эч ким өзгөртө албайт"-деди Сириянын Тышкы иштер министри Валид ал-Моулем.

Түркиянын тышкы иштер минситри Мевлют Чавушоглу Вашингтондун чечимин кабыл алышпай турганын, БУУ аркылуу буга каршы аракеттенишерин билдирди.

Үч жыл мурун Израил Голан дөңсөөлөрү Израилдин ээлигиндеги жер болуп кала берет деп билдирген. Ошол кездеги АКШ президенти Барак Обама буга тынчсызданган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын колдогон эле. (AbA)