You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ирандан ашказанга катылып келген синтетикалык баңгизаттар
Кыргызстанда өткөн жылы баңгизаттардын психотроптук синтетикалык жаңы түрлөрүн сатууга кыныккан төрт уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Анын ичинде Ирандын эки жараны ашказанына түйүп келген 860 грамм метамфетамин жергиликтүү укук коргоо органдары үчүн күтүлбөгөндөй жаңылык болуп калды.
"Жыл соңунда биз Ирандан баңгизаттарды алып келип жаткан уюшкан баңги тобун колго түшүрдүк. Баңгизаттарды ашказанына жутуп алып келген Ирандын эки жаранын кармадык. Бул уюшкан кылмыштуулуктун жаңы түрү десек болот. Буга чейин мындайды көрө элек болчубуз,"-деди Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Олег Запольский.
Мындай уюшкан кылмыштуу топтор адатта баңгизаттарды сатыш үчүн жаңы интернет технологияларды колдонот. Башкача айтканда сатуулар көбүнчө WhatsAp, Telegram месенджерлери аркылуу болот.
Синтетикалык баңгизаттардын, психотроптук заттардын түрлөрү көп, кеминде беш жүздөн ашык түрү бар, ал аз келгенсип улам жаңы түрлөрү чыгып жатат. Ошондуктан өткөн жылы Кыргызстанда ИИМдин курамында психоактивдүү жаңы баңгизаттар жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшкө адистешкен өзүнчө жаңы бөлүм ачылды. Бирок алардын эксперттик же техникалык потенциалы жетиштүү эмес. Бангизаттардын жаңы түрлөрүнө каршы күрөшүү өзүнчө атайын билим, атайын техника керек, аны бергенге кыргыз өкмөтүнүн өзүнүн каражат өп-чап. Эл аралык уюмдардын колдоосу болбосо иш жүрүшү кыйын.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын ээлигинде турган дүйнөлүк стандарттагы лаборатория дагы убагында БУУнун атайын долбоору аркылуу сатылып келинген. Бул лабораторияда азыр сатууга чыгып жаткан баңгизаттардын баарына экспертиза жасай ала турган потенциал бар.
ИИМдин маалыматына караганда, психотроптук заттарды мыйзамсыз саткан кармалган адамдардын ичинде Кыргызстандын жана Ɵзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жарандары да бар. Демек, бул кылмышка кыныккандар Кыргызстанга башка өлкөдөн да келип жатканын көрсөтөт.
Иликтөөлөр синтетикалык бангизаттарды керектегендер 18ден 35 жашка чейинки жаштар экенин көрсөттү. Алар көбүнчө дискотека, түнкү клубдарда жүргөн жаштар. Ошондуктан мамлекеттик көзөмөл органдары алдын алуу иштерин ушундай жайларда өткөрүүдө.
Бишкекте 6-7-февралда Еврокомиссиянын каржылык көмөгү менен өткөрүлгөн конференцияда баңгизаттын жаңы түрлөрү жана аларга каршы күрөшүүнүн эл аралык тажрыйбасы талкууланды. Иш чарага Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эксперт адистери катышууда. (КС)