Акаев: "Коопсуз шаарды" парламентке алып чыгуудан өкмөт тайсалдап жатат

Сүрөттүн булагы, Huw Evans picture agency
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекте троллейбус менен жеңил унаа кагылышып, адам өмүрү кыйылды. Өлүм менен коштолгон мындай кырсыктар соңку учурда өлкөдө көп болуп жатат.
Өкмөт көйгөйдү чечүүнүн жолу катары "Коопсуз шаар" долбоорун сунуштап, бирок алты жылдан бери ишке ашпай келет. Коомчулук долбоорду тездетип ишке ашырууда парламенттин дагы көзөмөлү чабал болуп жатат деп сынга алууда. Маселе буга чейин бир нече жолу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилип, бирок кандайдыр бир себептерден улам кийинкиге жылдырылып келген. Бул маселе бүгүн дагы күн тартибине коюлуп, бирок каралбай калды.
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча орусиялык "Вега" ишканасы менен келишимге кол коюлгандан тартып, анын ишке ашуусуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар күч алды көрүнөт. КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков өткөн аптада "Вега" компаниясынын атынан тендерге эки кыргыз жараны катышканын айтып чыкты. Ал мындай жагдай долбоордун артында мандемдүү суроолор бар экенине кабар берет деди.
"Бүгүнкү күндө өкмөт колдоп, менин айрым кесиптештерим коргоп келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоору өтө кооптуу долбоор. Документтерди карай турган болсок, мафиялык мандем, коррупциялык тандем бар. Эл үчүн экспертти жалдаштын кереги жок. Булар долбоорду ушунчалык мыйзам бузуу жолу менен ишке ашырганы турат. Соттун чечими күчүнө кире элек. Ал эми булар келишимди күчүнө киргизип койду. Бюджет парламентке келе элек, өкмөт 2019-жылдын бюджетине 600 млн сом киргизип койду. Анысы аз келгенсип үлүштөрдү бөлүшүп алышыптыр, айыппулдардын 30 пайызы мэрия, 20 пайызын ИИМ, 5 пайызын УКМК алат экен. Мунун кандай түшүнсө болот?",- деген эле депутат.
Коомчулукту чочулаткан "Вега"
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров долбоордун бул ирет дагы багы ачылбай калышы толук ыктымал экенин айтат.
"Долбоор мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Андай болбой турган болсо коррупциялашкан бул долбоор ийгиликтүү ишке ашпайт. Бул жерде кызыктар жактар абдан көп",- деди депутат.
Айрым депутаттар долбоорду парламентин кароосуна алып чыгуудан өкмөт тайсалдап, коркуп жатканын жашырган жок. Документтин Жогорку Кеңеште каралбай улам артка жылып жатышын дагы муну менен байланыштырышууда. Депутат Жанар Акаев долбоорду ишке ашырууда өкмөткө мүмкүнчүлүк берүү керек дейт.
"Мен долбоордун ишке ашып, иштеп кетишине ишенип турам. Андыктан аны тепкилеп жатып калбастан, өкмөткө бир аз убакыт берүү керек. Февралда маалыматтык жабдыктарды орнотуу иштери башталышы керек. Эгер өкмөт айткан мөөнөттө баштабаса, бул долбоор дагы үзгүлтүккө учурашы ыктымал",- деди ал.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Жарандык активисттер аталган долбоорду ар бир шаар өзү ишке ашырса ийгиликтүү болмок, ага шаардык бюджеттин каражаттары деле жетиштүү дейт. Ал эми тендерден жеңип алган "Вега" орусиялык ири ишкана деп айтылганы менен анын буга чейин кандай олуттуу долбоорлорду ишке ашырганы тууралуу маалымат деле жок. Мындай жагдай дагы көп нерседен күмөн жаратат деди жарандык активист Рита Карасартова.
"Бишкек ЖЭБин оңдоодо тажрыйбасы жок ишкананы алып келип алып эмне болдук? Бул ирет дагы ошондой болбосо эле болот?. Жогоруда айтылып жаткан күмөн саноолор жүйөөлүү. Анткени, бизде ар бир чоң долбоордун артында тигил же бул чиновниктин кызыкчылыгы турат",- деди ал.
Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору бир нече жылдан бери ишке ашпай келет. Быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендер өткөрүлүп, аны Орусиянын "Вега" ишканасы жеңип алган. Бирок тендердин жыйынтыгы соттук териштирүү менен коштолуп, сот «Веганын» жеңиши негиздүү деп тапкан.
«Коопсуз шаар» сыяктуу долбоор коңшу Казакстан менен Тажикстанда ишке ашырылган. Кыргыз өкмөтү бул багытта Москванын тажрыйбасын жактырып жатат.








