You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жогорку Кеӊеш Терек-Сайдагы кырдаалды талкуулады
Кыргызстандын парламенти Чаткалдын Терек-Сай участкасындагы кырдаал боюнча тиешелүү мекемелердин маалыматын угуп жатат.
Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы кабарлагандай, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат берип: Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай участкасында бейбаштык боюнча 2 факт, ал эми сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факт катталган. Ошондон улам, ал жерге ИИМдин «Шумкар» тобунан жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган эки пост уюштурулганын айтты.
ИИМ маалыматында, ушул жылдын 5-ноябрь күнү жергиликтүү тургундардын бири корголгон аймакка уруксатсыз кирип кетип, посттогу кызматкерлер тарабынан кармалганы айтылат.
«Ал адамгаа түшүндүрүү чаралары жүргүзүлгөндөн кийин аймактан тышкары койо берилген. Ал айылына барып, 15 адам менен кайтып келип, милиция кызматкерлерин сабаган. Анын натыйжасында «Шумкар» тобунун үч кызматкери оор жараат алып, азыр ооруканада дарыланууда. Ушу тапта окуяга байланыштуу 16 адам кармалды. Сот алты адамды 9 айга, тогуз адамды 6 айга чейин камакка алуу чечимин чыгарды», - деди Курсан Асанов.
Андан тышкары "бейбаштык жана бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Чаткал районунда кенди кайтарган милиция кызматкерлерине кол салды деген шек менен кармалган жергиликтүү он беш тургундун баш коргоо чарасын кечээ күнү Жалал-Абад шаардык соту караган. Алтоо эки айга, тогузу бир айга камалды. Ошол эле убакта аларды кээ бир саясий күчтөр колдоого алып, окуя саясатташа баштаганы көрүнүп калды.
Митингге чыгып жаткандарга бир күн мурда областтык жетечилер, "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү барып жолукту.
"Сексен-токсондой адам чыкты. Алар жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуу үчүн чыгышты. Токсон пайызы "Эти Бакыр-Терексай" ишканасында иштеген жумушчулар",-деди областтык милициянын басма сөз кызматы Мыктыбек Турдубеков.
Жергиликтүү тургундар алтын кени чыккан жерде милициянын атайын даярдыктагы "Шумкар" тобунун жоокерлерине өткөн айда кол салган деген шек менен кармалган.
Жергиликтүү тургундардан жабыркаган үч милиция кызматкери азыр ооруканада. Бирөөнүн абалы оор. Бирөө Бишкектеги ооруканага жеткирилген.
Терек-Сай айылынын тургундары "Эти-Бакыр-Терексай" ишканасы цианид колдонуучу фабрикаларды куруп, экологияга коркунуч келтирип жатканы жөнүндө бийлик органдарына арызданып келатышканы белгилүү.
"Жапайы көрүнүш"
Терек-Сайдагы окуялар саясатташа баштаганы даана байкалууда. Саясатчылардын ичинен биринчилерден болуп, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахам Мадумаров үн катып, Терек-Сайдагы элге күч колдонууну токтотууну, камалгандарды бошотууну бийликтен талап кылды.
"Бул аябагандай жапайы көрүнүш. Мен расмий түрдө кайрылам Кыргыз Республикасынын президентине, Жогорку Кеңешине, Кыргыз өкмөтүнө кайрылам. Мындай баш-аламандыкты, момундай жапайычылыкты, өз элиң күч колдонууну токтот деп кайрылам. Эл деген сел, эл бир көтөрүлсө, төрт жүз аскериң эмес, төрт миң аскериң күчү жетпей калганын биздин соңку тарыхтар бир нече жолу тастыктады",-деди Адахан Мадумаров. (КС)