Өзгөндө табылган курал-жарактын артында ким турат?

Кыргызстандын Ош облустук милициясы "Өзгөн аймагында террордук иш-аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу зат, куралдар жана ок дарылар табылды" деп билдирүү таратты.

"2018-жылдын 18-октябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАКнын) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, республиканын аймагында террордук иш аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу зат, ок атуучу куралдар жана ок дарылар табылган. Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 17-октябрындагы токтомуна ылайык, Өзгөн районунун аймагында атайын жашырылган жайды тинтүү учурунда төмөндөгү курал-жарактар алынган: 1 даана РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы; 2 даана тротил шашкасы; 17 даана 7,62 Калашников автоматынын октору; 1 даана 16-калибриндеги 7,62 огуна ылайыкташтырылып колдо жасалган ок атуучу курал; 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү, оптика жасалгасы менен ок атуучу курал. Бул табылган жардыруучу зат жана ок атуучу курал-жарактардын ээсин тактоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Өзгөн шаарынын тургундары 1975-ж.т. С.Б жана бир тууган иниси 1979-ж.т. С.Р тарабынан катылгандыгы аныкталган. Аталган жарандар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болушкан. Ошондой эле Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмдун активдүү мүчөсү Мухтаров Сиражиддин Зиявудинович (каймана аты "Абусалох") менен тыгыз байланышы болгондугу жана Сирияда согуштук аракеттерге катышып, андагы топтун биринин лидери экендиги айкын болгон. Бул жарандардын жүргөн жерин тактап жоопкерчиликке тартуу боюнча эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат",-деп билдирди Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Ош облусу боюнча Сириядагы куралдуу жаңжалга аралашуу үчүн ар кандай азгырыктар менен чыгып кеткендер саны 381 киши дейт коопсуздук кызматы. Алардын элүү үчү үй-бүлөсүн алып чыгып кеткен. Токсон төртү жаш балдар жана жүз беши аялдар. Отуз сегиз кишинин ошол жакта мерт болгону тууралуу маалыматтар бар.

Абу-Салах ким?

Жогоруда сөз болгон Абу-Салах (Сиражиддин Мухтаров) 1990-жылы Ош шаарынын чет жакасындагы Кашкар-Кыштак айылында туулган. 2000-жылдары Мухтаров Сириядан диний билим алган. 2012-жылы Сириядагы "Катибат Имам аль-Бухари", тобуна кошулуп кетип, кийин тарапташтары менен "Катибат ал-Таухид ва ал-Жихад" тобун түзгөн.

Сирияда куралдуу жаңжал башталгандан кийин Абу-Салах экстремисттик, террордук ишмердүүлүгүн Кыргызстанда активдүү жүргүзүп баштаганы айтылып, бир нече кылмыштарга айыпталган. "Ал-Каиданын" идеологиясын агрессивдүү жайылтканы менен белгилүү.

"Катибат ал-Таухид ва ал-Жихад" 2014-жылы Сириянын аймагында түзүлгөн. 2015-жылы "Аль-Каидадан" бөлүнүп чыккан, Сирия жана Ливандын аймагындагы "Жебхат ан-Нусра" тобуна кошулууга ант берген. Бул уюм Сирияда оппозиция тарапта согушуп жатат. "Аль-Каида" жана "Жебхат ан-Нусра", "Катибат ал-Таухид ва ал-Жихад" уюмдарына Кыргызстанда тыюу салынган эле.

"Мындан үч жыл мурун декабрда Кара-Суунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында өз үйүнө жакын жерде 37 жаштагы Юнусжан Абдужалиловду террордук уюмдун өкүлдөрү атып кеткен. Кийин бул окуя боюнча 16 киши кармалган. Бул куралдуу топко адам өлтүрүү боюнча буюртманы "Абу-Салах" (Сирожиддин Мухтаров) ысымдуу террордук топтун амири бергени белгилүү болуп, ага издөө жарыяланган",-деген эле Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Топтун курамы

Бул экстремисттик топко Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандары кирген. Ошондой эле Кытайдын батышындагы уйгурлар кошулган.

Топко келип кошулгандар негизинен Кыргызстан жана Өзбекстандан азгырылып келген. Сирияга азгырыктар 2014-2015-жылдары катуу жүргөнүн кыргызстандык күч органдары да белгиленгени бар. Кийин өлкө мындай азгырыктарга каршы масштабдуу операцияларды өткөрүп, бир нече булактарды ачыкка чыгарган.

2016-жылдын башында айрым маалымат каражаттары "Таухид валь-Жихад" Абу- Салахтын Орусияга жихад жарыялаган кайрылуусу тууралуу жазышкан.

Петербург жана Стокгольм

Эки жыл мурун Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алган. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу "Площади Восстания" станциясынан табылган. Орусиянын Тергөө комитети "теракт" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны ишке ашырган деп теги кыргызстандык Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду шектүү аташкан эле.

Теракттан каза тапкандар саны 16 кишиге жеткен. Жардыруудан кийин Москвада жана Санкт-Петербургда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген бир нече киши камакка алынды. Орусиянын атайын кызматы аларды террордук уюмдарга катыштыгы болгон жана метродогу жардырууга тиешеси бар деген шек менен кармаганын айткан.

Петербургдагы теракттан үч күндөн кийин Швециянын Стокгольм шаарында оор жүк тарткан унаа катуу ылдамдыкта келип, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен окуя катталды. Бул террордук аракет катары каралып, жакында эле 39 жаштагы Өзбекстан жараны Рахмат Акилов өмүр бою эркинен ажыратылган.

Шведдик Sveriges Radio журналисттери Абу Салах менен Акилов "Одноклассники" коомдук сайтында дос экенин жазып чыгышкан эле.

Кеткендер маселеси бүтүп, эми келгендер көйгөйү

Сирия менен Түркиянын чегиндеги Идлиб провинция Асаддын режимине каршы чыккан күчтөрдүн акыркы таянычы болуп калды. Жакын арада аймакты экстремисттик, террордук топтордон тазалоо операциясы тууралуу айтыла баштады.

Сириянын түндүк-батыш тарабы Борбор Азиядан барган уйгур, өзбек, тажик жана кыргыз согушкерлери үчүн баш калкалоочу жайга айланды. Бул аймакта "ал-Каида" тобу дагы иш алып барганы маалым.

"Идлиб провинциясындагы эң көп чет өлкөлүк жихадчылар - ыдырап кеткен Советтер Союзу мамлекеттеринен жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунан баргандар. Буга чейин "Хейат Тахрир ал-Шам" тобуна байланышы бар Идлибдеги орус тилдүү жихадчылар Сириянын президенти Асадды колдогон күчтөр жана Ирандын шиит согушкерлерине каршы туруштук беребиз деп жарыялаган. Алар Идлибди "Шамдын бошотулган аймагы" деп санайт. "Түркистан Ислам партиясы" Идлибдеги жихадчыл топтордун бири. Бул топ 1980-жылдары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда "Чыгыш Түркистан Ислам кыймылы" деп аталган. Жихадчыл топ атын "Түркистан Ислам партиясы" деп өзгөртүп, 1997-жылдан бери Ооганстанда иш алып барганы маалым. Бул топ "ал-Каида" жана Талибан кыймылы менен тыгыз мамиледе. 2012-жылы уйгур согушкерлери Идлиб аймагына көчүп келип, Сириянын өкмөт күчтөрү менен салгылашууларды жүргүзүүдө. Идлиб провинциясындагы Жиср ал-Шугур шаарында сегиз миңден он миңге чейин уйгур согушкерлери бар экени айтылууда",-деп жазды Дин жана саясат изилдөөчү Уран Ботобеков.

Сириядагы жаңжалга аралашып кайтып келгендердин көбүн Кыргызстандын коопсуздук кызматтары камакка алып, сот тарабынан жазага тартылды. Айрымдары жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, өз айылдарына кайтып барышкан. Бирок аз сандагы кишилер гана кайтып келишкен.

Коопсуздук кызматы кайтып келгендердин көбүн аба майданында эле кармашкан. Элге аралашып билинбей калам деп жүрүп, бир нече айдан кийин кармалгандары да бар. Эми Сириядагы жихадчыл экстремисттик топтордун акыркы таянычына сокку урула турган болсо, согушкерлер артка кайтып келеби же башка калка издейби деген маселе бар. Кыргызстандын коопсуздук кызматы Сирияга азгырылып кеткен жарандар боюнча маалыматтары бар экенин айтып, кайра өлкөсүнө кайткандар жазасыз калбайт деп билдирүүдө. (AbA)