You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Биологиялык сааттын “уруксаты” жок уктабаңыз
Суткалык биологиялык же болбосо циркаддык ыргак - козу карындан баштап адамга чейинки бардык жандууларга тиешелүү экенин билесизби?
Жандуу нерсенин баарында, анын ичинде микроскоп менен гана көрүнө турган бактериянын дагы суткалык биологиялык ыргагы бар. Биологиялык ыргак - болжолу менен 24 саат бою жүргөн, биздин жашообуздун ыргагын аныктаган биологиялык процесс.
1. Суткалык биологиялык ыргак дээрлик Жер жүзүндө жашоо менен кошо пайда болгон
Жердеги алгачкы тирүү клетка күндүз ультрафиолеттин таасиринен жабыркап, түнкүсүн калыбына келип турганы айтылат. Адамдын организми дагы ушундай эле иштейт - түнкүсүн, уйку учурунда калыбына келтирүү процесстери иштейт.
2. Ички биологиялык саат адамга гана тиешелүү эмес
Суткалык биоыргак күндүн нурунан энергияны иштеп чыга алган бардык жандууларда бар.
Күндүн нуру сыяктуу сырткы стимулдар менен байланышына карабастан, циркаддык ыргак ички, эндогендик жаратылышка ээ болуу менен организмдин биологиялык саатын көрсөтөт.
Француз ботаниги Огюстен Пирам Декандоль 1834-жылы эле мимозанын гүл ачуу-жабуу узактыгы суткадан кыскараак болуп, 22-23 саатты түзгөнүн аныктаган.
3. Биологиялык саат жашоонун ыргагын аныктайт
Суткалык биоыргак тирүү жандыктарга күн-түндүн, жай-кыштын келишин сезип, аларга даярданууга жардам берет.
4. Синхронизация функциясы бар ички саат
Синхронизация үчүн жооп берген сиздин биологиялык саатыңыз гипоталамуста жайгашкан. Бул саат-синхронизатор сутка ичинде сизге дирижер сыяктуу белгилүү жөнгө салуучу белгилерди жөнөтүп турат.
5. Сизде "периферикалык саат" дагы бар
Сиздин бардык орган жана ткандарыңыз гипоталамустагы башкы саат менен синхрондошо турган кошумча периферикалык саатка ээ.
6. Саат ар бир клеткада бар
Организмдин ар бир клеткасы өзүнүн ички сааты менен жашайт. Ал 24 саат ичинде клеткада болгон өзгөрүүлөргө жооп берет.
7. Жылдык ыргак
Түн узарганда мээ мелатонинди көбүрөөк иштеп чыга баштайт. Мелатонин - уйку жана сергектик абалдарын жөнгө салуучу гормон.
Көптөгөн жаныбарлар, мисалы бугулардын мындай өзгөрүүлөргө реакциясы кышкы уйку жана көбөйүү убактыларына даярдануу менен билинет.
Адам организми дагы мындай өзгөрүүлөргө реакция жасайт. Организм кышкысын инфекциялар менен күрөшүү үчүн антителолорду көбүрөөк чыгара баштайт.
8. Күн нуру режимди сактоого жардам берет
Эгер сизге күндүн нуру жетишпесе, биологиялык саатыңыз 24 сааттык ыргактан чыгып кетет.
Көздө жайгашкан сенсорлор жарык жана караңгынын таасиринен улам, организмдеги синхрондошуу процессине жооп берүүчү сигналдарды мээге жөнөтөт.
9. Уктоо убактысы келдиби?
Организм сиз ойгонгон учурдан баштап уйкуга даярдана баштайт.
Бирок сиздин биологиялык саатыңыз "Укта!" демейинче сиз уктабайсыз.
10. Синхрондошуунун бузулуусу же болбосо жетлаг
Жетлаг - циркаддык ыргактын табигый суткалык ыргак менен дал келбөөсү.
"Жетлаг" тууралуу сөз кылганыбызда биологиялык саат бир убакыт алкагында, ал эми бөйрөк, мээ жана булчуңдар башка убакыт алкагында иштеп жаткан болот.
Сааттардын синхрондошуусу үчүн ар бир убакыт алкагына болжолу менен бир саат керектелет. Башкача айтканда сиз учуп барган шаар менен сиздин убактыңыздын айырмасы үч саат болсо, организмдин жаңы убакытка көнүүсү үчүн үч күн керек болот.
11. Социалдык "жетлаг"
Социалдык жетлаг туруксуз график менен иштегендерге, же болбосо "социалдык" жана "биологиялык" сааттары аябай айырмаланган адамдарга тиешелүү.
Эгер сиздин ойготкуч-саатыңыз биологиялык сааттын сигналынан мурда шыңгыраса, демек сиз "социалдык жетлаг" режиминде жашайсыз.
Көпчүлүк изилдөөлөр "социалдык" жана "биологиялык" сааттардын бири-бирине дал келбөөсү депрессия, жүрөк оору, диабет, май басуу ал тургай рактын пайда болуу ыктымалдуулугун жогоруларын көрсөтөт.
12. Өспүрүмдөр көбүрөөк укташы керек
Өспүрүмдүн организминдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам биологиялык саат ойгонуу сигналын демейдегиден жок эле дегенде эки саат кеч жөнөтөт.
Өспүрүмдү эрте менен саат 7де ойготуу, элүү жаштагы адамды таңкы беште ойготуу менен барабар.
Өспүрүмдүн чоңоюшу менен биологиялык сааттар мурдагы калыбына келет. Биологиялык сааттын "уруксаты" жок уктабаңыз