Кумтөр: Чечилбеген түйүн, создуккан сунуш

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишим каралып жатканын айтканына төрт айга таяп барат, бирок премьер-министр парламентке али күнгө чейин сунуш киргизе элек.

Ал арада кыргыз өкмөтү канадалык "Центерра" компаниясы менен былтыр кабыл алынган экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн кеминде беш жолу узартып ийди.

Буга чейин бир катар экономист эксперттер ушул келишимди жокко чыгаруу сунушу менен Жогорку Кенешке жана өкмөткө кайрылган эле.

Эскиси жакпайт, жаңысы жок

Өкмөттүн "Кумтөр" боюнча позициясы кандай экенин боолголоо мүмкүн болбой, өлкөдөгү экономикалык эң чоң долбоордун айланасындагы бул бүдөмүк жагдай, коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштоодо.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл 14-июнда өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчет берип жатып Кумтөр кени боюнча жаңы келишим каралып жатканын билдирген.

"Азыркы өкмөттүн көз карашында аны (ред. келишимди) жакшыртышыбыз керек. Макул эмеспиз, биз өзүбүздүн оюубузду айттык. Алар болсо ошол оюбузду угуп кетишти. Эгерде ал стратегиялык келишимге макул боло турган болсок, ошо биздин оюбузду кошуп кандай жыйынтыкка келдик биз сиздерге келели деп атабыз айтып. Андан кийин гана чечим чыгаралы деп атабыз. Ал стратегиялык келишим азыр күчүнө кире элек.", -деген эле өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев.

Парламенттин жайкы эс алуусу аяктап, кезектеги сессиясы башталганына бир айдан ашса дагы өкмөт Кумтөр маселеси боюнча Жогорку Кеңешке келишим боюнча сунуш киргизе элек.

Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Кумтөр маселеси боюнча өкмөткө бир нече жолу кайрылып, бирок жооп ала албай келгенин Би-Би-Сиге деп билдирди:

"Кумтөр маселеси боюнча биз өкмөткө бир эмес, төрт жолу кат жолдодук. Бул маселени мен Координациялык кеңеште да көтөрдүм эле: Кумтөр боюнча маалымат бергиле, Жогорку Кеңеште же комитетте карайлы деп. Мурунку -кийинки келишимдердин негизинде эмнелер аткарылып атат, юристтериңер менен иштешип атасыңарбы деп кат жолдосок, өкмөт али күнчө жооп бере элек. Эмнеге жооп бербей атат айта албайм, демек, келише албай атат бирдекелерден", - деди парламенттин Отун-энергетика комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет төрагасы.

Кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" ортосундагы келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтү алгач 20-апрелге белгиленип, бирок кийин 31-майга, анан 23-июлга чейин узартылып, андан соң 24-август деп, азыр эми 2-ноябрга жылып, баш-аягы беш жолу жылдырылды.

Өкмөт анын себебин түшүндүрө элек, канадалык компания менен жаңы келишим даярдалып жатабы, даярдалса анын шарттары кандай болот коомчулукка маалымат бериле элек.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы жакында эле алмашып, бул кызматка жаңы келген Эдил Осмонбетовдун дагы бул боюнча даяр же так позициясы жок.

Келишимдин шарттары кандай?

Келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтү адатта тигил же бул тараптын келишимди шартын аткарууга даярдыгы жок же калоосу жоктугуна байланыштуу узартылат.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор "Центерра Голдду" 2013-жылы сотко берип, миллиондогон доллар кенемте талап кылганы маалым.

Бирок 2017-жылдагы стратегиялык макулдашуу менен Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна "Центерра " онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.

Былтыр сентябрда өкмөт "Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү" коомдук фондун түзүп, инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллионун Кыргызстанга бир ай ичинде которгон.

Бирок эми бир жылдан кийин ал келишим менен кыргыз тарап өз кезегинде "Центеррага" болгон экологиялык эле эмес, бардык доо арыздарды чакырып алганга мүмкүн кылып, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоодо кол-бут байлагандай абалда калтырганы белгиленип жатат.

"Кумтөргө байланыштуу кыргыз сотторунун чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу ал келишимде айтылып жатат. Сапар Исаковго ким ушундай укук берди? Баш мыйзамда премьер-министрдин ыйгарым укугу тууралуу жерде деле андай жок. Бирок ал ошентип кол коюп атат. Жогорку Кеңеш аны ратификациядан өткөргөн күндө деле анын күчү болмок эмес. Сот бийлиги бизде Баш мыйзам боюнча көз карандысыз да. Бирок эми биздин Жогорку сот ошол чечимдерин жокко чыгарып салган жокпу деп турабыз. Кудай андайды көрсөтпөсүн", -дейт Кумтөр боюнча эксперт Ишенбай Кадырбеков.

Улутташтыруу маселени чечеби?

Кадырбеков азыркы өкмөт Кумтөр маселесинде кыйчалыш абалда калып, ошон үчүн бул маселеде көп унчукпай жатат деген пикирде. Анан калса шайланганына бир жылга чукулдап калган президент дагы Кумтөр боюнча позициясын ачык билдире элек.

Ал арада коомчулукта Кумтөрдү мамлекет карамагына өткөрүү - улутташтыруу темасы кайрадан козголо баштады.

Кумтөрдү улутташтырууну буга чейин Жогорку Кенештеги "Ата Мекен" фракциясы көтөрүп келгени белгилүү. Азыр камактагы лидер Текебаевдин "же капитуляция же национализация" деген жалындуу чакырыга коомчулук эсинен чыга элек. Бирок соңку убакта аталган партиянын бул темадагы үнү да угулбай калды.

"Маселени чече турган бул Жогорку Кеңештин депутаттары. Бийлик өзүнүн колунда болуп аткандан кийин өкмөттөн "ай эмне кыласыңар" деген суроону кайра-кайра бере бербей колунда турган улутташтыруу тууралуу мыйзамды кабыл алыш керек да. Ал мыйзам даяр, убагында аны "Ата Мекен" фракциясы сунуштаган. Ошол мыйзамды алып чыгып ,карай баштаганда, биринчи окууда эле Центерра тизгинин тартат ", - деди Ишенбай Кадырбеков.

Кумтөр долбоору соңку он жылдан бери саясатташкан түйүнгө айланып, чечилбей келатат.

Мурдакы үч өкмөт тең "Центерра" менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, ал сүйлөшүүлөр туюкка кептелген эле.