"Ачык асман" саясатынын сааты чыктыбы?

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз өкмөтү "Ачык асман" саясатын жүзөгө ашырууга белсенип жатканын расмий сайтына жарыялады. Өкмөт өзү даярдап жаткан мыйзам долбоору менен паралментте даярдалган мыйзам долбоорун салыштырып көрүп, айрым толуктоолор менен кабыл алынышы мүмкүн экени айтылууда.

Би-Би-Си мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевге кайрылып, эгер "Ачык асман" саясаты кабыл алынса эмне өзгөрөт деп сурады

А. Нурбаев: Эң биринчи өзгөрүү - билет бааларынын арзандашы жана коопсуздук. Башкысы мамлекет элге кызмат кылыш керек. Бул 2003-жылдан бери сөз болуп келүүдө. Тилекке каршы ар кандай тоскоолдуктардын, кээ бир чиновнтктердин кызыкчылыгынын айынан алдыга жылган жок. Ошондо жергиликтүү авиакомпаниялар "биз бутка туруп алалы" деп, 5-10 жыл сураган экен. Андан бери 15 жыл өттү. Ошолор эле кайра каршы чыгып жатышат. Депутаттар тобу биригип мыйзам долбоорун сунуштаганбыз. Өкмөт да өзүнүн мыйзамын алып чыкты. Бирок премьер-министрге жолугуп, биздин депутаттык топ өзүнүн мыйзамын көрсөткөндөн кийин, өкмөт өзүнүкүн чыкыртып алып, биздикин колдоп беребиз дешти. Буюруса, келерки аптада коммитетке чыгат.

Би-Би-Си: Сиздер сунуштаган мыйзам менен өкмөт жазган мыйзамдын ортосунда негизинен кайсыл жагынан айырмачылык чыкты?

А. Нурбаев: Эң негизгиси өкмөт уруксат берүү же бербөө укугун өзүнө алып, өзүбүз чечсек дегенинде. А биз болсо бешинчи даражадагы ачык асман мейкиндигин жарыялагандан кийин өкмөтсүз эле аэропорт менен сүйлөшүп учактар келип- кете бериши керек деп жатабыз.

Би-Би-Си: Буга чейин "Азыр деле чоң- чоң мамлекеттерге ким тоскоол кылып жатыптыр? Каалаган учурунда келип-кете берсин. "Ачык асман" деп койсо эле, киши көбөйүп, учактын каттамы көбөйүп кетпейт",-деп сиздерди сындагандар дагы болду. Бул канчалык негиздүү?

А. Нурбаев: Эң биринчи биз аны жарыялашыбыз керек. Экинчиден, азыр деле уруксат берилгендигин көрүп жатабыз. Мисалы, бизге коммитетке Катар менен каттам ачуу сунушу боюнча келди. Ал Жогорку Кеңештен ратификациядан өтөт. Ага эле алтай убакыт кетет андан кийин президент кол коёт, мыйзам жана башка толгон-токой убарасы бар. Ошентип бул өтө көп убакытты алат, чиновниктердин бюрократиясынан өтөбү жокпу белгисиз. Уруксат болсо эле жыргап кетебиз деген нерсе болбошу керек. Биз жыргап кетиш үчүн дал ушул маселелелерден үстүндө өкмөт баш көтөрбөй иштеши керек. Өкмөт иштеп, "Бизде ачык асман саясатынын бешинчи деңгээли киргизилди, биз аркылуу учуңуздар" деп дүйнө жүзүнө жар салышы керек. Аэропорт өзү да иштеш керек. "Ачык асман" саясатын киргизе алсак биздин аэропортко инвесторлор кызыгат, келет. Мына Ошто жаңы аэропортко деп 500 га жерибиз даяр турат. Инвестор бул жердеги инвестициялык шартты карайт "Мен бул жерге аэропорт курсам канча жылда актайт?" деп ойлонот. Ошого даана көзү жеткендей болушу керек. Эгер мыйзам киргизип алсак инвесторго да, бизге да жакшы болот. Мисалы, Ош шаары Фергана өрөөнүнүн борбору болот деп жүрөбүз, бирок иш жүзүндө эч нерсе кыла элекпиз. Мисалы, мен жакында эле Сингапурга барып келдим. Атактуу эл аралык компания биз куруп берели деп кызыгып жатат. Алар "Силерде ачык асман саясаты барбы?" деп сурады. Эгер киргизсеңер биз дагы кызыктар болобуз дейт. Ошондой эле бизде "Манас" аэропортундагы жабдуулардын 70-80% эскирди деп айтып жатышат. Жаңыртууга өздөрү акча бөлө элек. Эгер мыйзам кабыл алынса, алар да чоң инвестор тартып жаңы нерсе өздөштүрүп, алгалап кете алат. Эң башкысы биз чоң-чоң компанияларга бере алабыз. Дүйнө ушул жол менен бара жатат. Биз артта калып жатабыз. Көптөгөн адамдар дагы эле советтер союзундагы түшүнүк менен жашап жүргөнү өкүндүрөт.

Би-Би-Си: Бул бир эле Кыргызстанга эмес коңшу өлкөлөргө да таасирин тийгизе турган саясат болуп жатпайбы. Сиздер ушул жагын да иликтесеңиздер керек?

А. Нурбаев: Мына, "Ачык асман" саясаты бизде жок болгондогу кесепети: бизде Ташкентке караганда билет баасы 40%га кымбат экен. Бир-эки компания монополист болуп алып, ошолор эле байып, эл кыйналууда.

Би-Би-Си: Жаңы жумушчу орундары түзүлөт, туристтердин саны көбөйөт, экономикалык жактан да пайдалуу деп калдыңыздар. Бул нерсени кантип эсептеп көрдүңүздөр?

А. Нурбаев: Бул боюнча Жогорку Кеңеште эксперттик топ түзүлгөн. Армениянын, Грузиянын, Сингапурдун жана Түштүк Кореянын "Ачык асман" саясатын киргизгендеги абалын талдап карап көрдүк. Ал жерде пайда үч эсеге чейин өскөн. Ошол эле транзиттик жүктөр ушул аркылуу өтөт, жаңы жумуш орундарын - ошолордун практикасынын негизинде карадык.

Би-Би-Си: Билеттин баасы арзандайт, коопсуздук маселеси жолго коюлат деп айтып калдыңыз. Коопсуздук маселеси кантип, кайсы механизмдин негизинде жолго коюлат?

А. Нурбаев: Дүйнөдөгү чоң-чоң компаниялар бизге келет жана кире алат. Азыр сыртка биздин өзүбүздүн эле компаниялар учуп жатпайбы. Алар болсо келе элек. Чоң компаниялар өз репутациясын аябай карайт, эскилиги жеткен учактарды колдонбойт. Ошентип жүргүнчүлөрдүн учуусу коопсуз болот.