You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
А. Сарыбаев : Куйкалаган ысыкта күпүлдөп иштей албайсың
Кыргызстанда жайдын аптаптуу күндөрү башталып, Кыргызстандын айрым аймактарында күндүн ысыктыгы 40 градуска жетти. Күндүн өтө ысык болушу ден-соолукка канчалык зыянын тийгизет?
Би-Би-Си бул суроо менен Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаевге кайрылдык.
Акбай Сарыбаев: Жалпылап алганда абал жакшы. Бирок, жайдын ысык мезгилинде салыштырмалуу тез жардам чакыруу көбөйөт. Айрыкча жүрөк, кан-тамыр оорулары менен жабыркаган кишилер ооруканаларга көп кайрыла баштайт. Акыркы үч күндү алсак, абал туруктуу. Ысыктын кесепетинен улам масштабдуу түрдө ооруканага кайралгандардын саны өскөн жок.
Би-Би-Си: Күн катуу ысыганда кишилердин иштөө жөндөмдүүлүгү да төмөндөйт деп айтылып жүрөт. Мунун ченеми канча? Айталы, канчалык ысык болгондо абалды кооптуу деп айтасыздар?
Акбай Сарыбаев: Күндүн ысыктыгы 35-36 градустан ашканда күн кишинин организмине зыянын тийгизе баштайт. Ысыктык 37 градустан ашкандан кийин жарандар айрым эрежелерди сакташы керек. 38-40 градустан ашканда кишинин иш жөндөмдүүлүгү 30 пайызга төмөндөйт. Маселен, ысыктын күнү Европа мамлекеттеринде иш токтойт. Күн баткандан кийин ишке чыгышат. Ал эми бизде андай учурлар катталган эмес.
Би-Би-Си: Ысыктын күнү ден-соолукка зыян келтирип албаш үчүн кандай кеңеш бересиз?
Акбай Сарыбаев: Ысыктан коргонууну мен үч позицияга бөлүп карайм. Биринчиден, кийинүү ыкмасы. Күн ысыкта адам бош жана жеңил кийиниши зарыл. Кийим ачык түздө болуусу маанилүү. Ошондой эле кебезден же зыгырдан тигилген кийимдерди кийүү керек. Дагы бир маанилүү маселе, күнгө чыгып жатканда баш кийим кийип алуу зарыл. Анткени башка күн өтүп кетүүсү ыктымал. Андан тышкары кары-жаш дебей күн ачуу тийген кезде, тактап айтканда саат 11:00дөн 17:00гө чейин күнгө чыкпоого аракет кылышы керек. Кишилердин иштеп жаткан бөлмөсүндөгү оптималдуу температура 20-25 градусту түзүүсү зарыл. Мүмкүнчүлүк болсо отурган жай шамалдап туруусу керек. Экинчиден, суюктук ичүү режими. Суу ичүү кишинин физикалык кыймылынан көз каранды. Эгер кара жумуш кыла турган болсо күнүнө 5-6 литрге чейин суу ичүүгө уруксат берилет. Бирок ал кишинин дени-карды соо болуусу маанилүү. Ал эми өтө оор жумушка аралашпагандарга ысыктын күнү бир суткада 3 литрге чейин суу ичүү жетиштүү. Киши суусаганын күтпөстөн бир ууртамдан иче бериши керек. Суунун температурасы 16-18 градус болуусу шарт.
Үчүнчүдөн, туура тамактануу. Ысыктын күнү күчтүү тамак-ашты азайтуу маанилүү. Көпчүлүгү суюк тамакка басым жасоо зарыл. Жеңил-желпи тамактарды жана жемиштерди көбүрөөк жеш керек. Негизги тамакты күн салкында, аз көлөмдө жеш керек. Анткенин киши тамакты аш кылып жатканда, организм жылуулук бөлүп чыгарат. Тамактануудан кийин кишинин организминин жылуулугу 10-15 пайызга көтөрүлөт. Күн ысык мезгилде мындай өзгөрүүлөрдүн бардыгы организмге терс таасир тийгизет. Ысык 5-7 жашка чейинки балдар үчүн кооптуу. Экинчиден 65 жаш курагынан өтүп калгандарга. Үчүнчүдөн, ашыкча салмактууларга. Төртүнчүдөн, жүрөк кан тамыр оорусу менен жабыркагандарга. Эмне үчүн жүрөгү начар кишилер үчүн кооптуу? Анткени ысыкта киши тердеп, сууну көп жоготкондуктан кан коюлуп, уюп калуу тобокелдиги жогору болот.