Түрк саммитин эки жылга созгон Кыргызстан

    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кезектеги бешинчи саммити 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турганы жарыяланган эле. Бул саммит Кыргызстанда эки жылга кечигип өткөрүлгөн жатат. 2016-жылы түрк саммити Ысык-Көлдө өтө турган болуп жарыяланып, бирок убагында болбой калган эле.

Анын себептерин Бишкек расмий түрдө түшүндүргөн эмес. Ошол убакта Түркия менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык жаңжал чыгып, ошондо Кыргызстан Россиянын таламын талашып чыккандыктан Түркия менен саясий мамиле бузула түшкөнү бул жерде башкы себеп катары каралып келди.

Би-Би-Си Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын мурдакы орун басары Адахан Мадумаровго кайрылып, алтынчы түрк саммитинин Кыргызстанда убагында болбой калганын негизги себептерин сурады.

Адахан Мадумаров: Түрк тилдүү мамлекеттердин жетекчилеринин жыл сайын жолугушуп туруусу бул салтка айланган жолугушуу. Биздин өлкөдө 2016-жылы өтмөк. Саммиттин өтпөй калганынын себеби, Кыргызстандын, кыргыз бийлигинин күнөөсү. Ойлонулбаган, алешем тышкы саясатынын жана саясий билдирүүлөрүнүн кесепетинен ишке ашпай калган. Анда Түркиянын дарегине жакшы эмес сөздөр айтылып кетти. Мына ошондо мамилебиз аябай сууп кеткен. Түркияга кошулуп Азербайжан дагы келбестигин билдирген. Демек, төрт мамлекеттин экөөсү катышпай калгандан кийин жыйын өтпөйт.

Би-Би-Си: Эрдоган акыркы жолу Кыргызстанга 2013-жылы Түркиянын премьер-министри болуп турган маалда келген экен. Президент болгондон кийин кыргыз-түрк мамилеси соңку 25 жыл ичиндеги эң начар абалда болгонун эскперттер белгилеп жүрүшөт. Өткөн айда Кыргызстандын жаңы шайланган президенти иш сапары менен Түркияга барып келди. Алдыда Кыргызстан менен Түркия ортосундагы мамиле кандай болот деп болжосок болот?

Адахан Мадумаров: Биз андай божомол жасоо үчүн Түркия кайсы багытта бара жатат, дүйнөлүк аренада кандай ролду ойногону жатат, кайсы орунду ээлейм деп жатканын биз так билишибиз керек. Тышкы саясат менен ичкиси айкалышпаган, көңүлүнө карап, жакпай калса атырыла кеткен саясат жалгыз бизде гана болсо керек. Тышкы саясат андайды көтөрбөйт. Жети эмес, керек болсо жетимиш өлчөп бир кесиш керек. Тышкы саясатта айтылган сөз эле эмес, көз-карашың, ишаратындан көп нерсе көз-каранды. Ал эми кыргыз-түрк мамилеси мындан ары кандай өнүгөт деген суроого, президенттердин ортосунда түзүлгөн мамиле кандай болсо, ошого жараша өнүгөт деп кескин түрдө жооп айта алам.

Би-Би-Си: Демек, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайип Эрдогандын мамилеси начар болгон дейсизби?

Адахан Мадумаров: Башында дурус болуп, Түркия жакшы үмүт арткан эле. Бирок, Кыргызстандын бийлиги соңунда туруксуздук кылып, бүгүн айтылганды эртеси жокко чыгара баштагандан тарта, алдынала болжоого мүмкүн эмес маалыматтарды айткандан кийин, Түркиянын мамилеси сууп, алака дээрлик үзүлүп калды.

Би-Би-Си: Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинен башында чоң иштерди күтүшкөн эле. Бирок бул кызматташтык маданий келишимдерден ары өтө албай жатат деген алымсынбаган пикирлерди өзүңүз деле угуп жүрсөңүз керек. Уюмдун азыркы абалы жана келечеги кандай болушу мүмкүн?

Адахан Мадумаров: Мен айткандай, төрт өлкөнүн ортосунда түзүлгөн уюм, алардын жетекчилеринин бири-бирине ишеними терең болсо уюмдун келечеги кенен. Казакстан, Түркияны карап көргүлө, эбегейсиз чоң потенциалдар жатат. Биз дагы алакандай эмес, келечегибиз кең элбиз. Бизде болгону тартип жок. Келишим түзүлгөндөн кийин аны туруктуу аткарып кетүү маселебиз өтө аксайт. Мен түрк тилдүү мамлекеттердин баш катчысынын орун басары болуп иштеп жатып, көшөгө артында көп маселе чечилерин көрүп калдым. Сиздер байкадыңыздарбы, кыргыз президенти соңку учурда кайсы жакка барбасын эч кандай олуттуу келишимдерге кол койгон жок. Себеби, ыйгарым укугу жок. Маселелерге кол койгондон мурун өкмөт менен макулдашуусу керек. Түркия 90 жылдан кийин күчтүү президенттик мамлекетке айланды. Себеби парламенттик башкаруу келечекке жооп бербестигин түшүнүштү. Кечээ шайлоо болбодубу, эми президент бир эле учурда өкмөттүн да жетекчиси болуп калды. Мен ондогон жылдар бою айтып келген ойду Түркия жасады. Кыргызстан чакан өлкө, ушуга президент, өкмөт, өкмөт аппараты, президент аппараты керекпи? Албетте, кереги жок.