You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
СССРдин оор мурасы: Борбор Азияны ууландырган уран калдыгы
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Бишкекте совет мезгилиндеги өндүрүштөн калган Борбор Азиядагы уран калдыктарын экологиялык реабилитациялоо маселеси талкууланды. Эл аралык конференция Европа коммисиясы тарабынан уюштурулган.
"Европа Биримдиги менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин жардамы аркасында үч өлкөдө сакталган калдык жайларды калыбына келтирүү үчүн план түзүлгөн. Анын негизинде бүгүнкү күнү калдык сактоочу жайларды зыянсыздандыруу, калыбына келтирүүгө 85 миллион евро талап кылынат. Бүгүнкү иш чара ошол багытта жүрүп жатат",-деди Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Азамат Мамбетов.
Мунун алдында Европа парламентинин өкүлдөрү баштаган топ, уран калдыктары сакталган аймактарга барып келген.
"Аткарыла турган иштердин биринчиси, бул уран калдыгы сакталган аймакта жашаган калкты маалымат менен камсыздоо. Мурда бул жерлерде атайын тосомолор болгон. Азыр жок. Ошондуктан радиоактивдүү калдык көмүлгөн жайлар тууралуу элге түшүндүрмө бериш керек. Экинчиси, аймактардагы радиоактивдүүлүк канчалык экенине баа берүү зарыл. Табият кырсыгы күтүлгөн, сууга жакын жерлердеги калдыктарды жылдыруу маселеси бар",-деди Европарламенттин депутаты Мишель Ривази.
Фергана өрөөнүнө коркунуч туудурган уран калдыктар
Борбор Азиядагы эң чоң уран калдыгы - Кыргызстандын Майлуу-Суу аймагында. Майлуу-Сууда "Кансыз согуш" жылдарында 1946-жылдан баштап, 22 жыл боюу эки гидрометаллургиялык завод иштеп, уран өндүргөн. Завод 1968-жылы жабылган. Сууга жакын жайга көмүлгөн радиокативдүү калдыктар бүтүндөй Фергана өрөөнүнө коркунуч туудуруп келе жатат. Коркунучтун масштабы чоң.
"Майлуу-Сууда курамында ураны бар уулуу заттар көмүлгөн 23 жай бар. Баардыгы сайдын жээгинде жайгашып калган. Жээктерди чыңдоо иштери 50 жыл мурун жүргүзүлгөн. Андан бери деле жумуштар жүрүп жатат, бирок жетиштүү эмес. Ошондуктан коркунуч бар. Мына, №8-калдык сакталган жайды көрүп турасыңар, сууга өтө эле жакын. Тоо боорунда көчкү коркунучу бар, үстүндө жарака кеткен. Көчкү жүрсө, бул жердеги 700 миң куб уран калдыкты сүрүп сууга алып түшсө, бүтүндөй Фергана өрөөнүн ууландыруу коркунучу бар. Бул аймактагы көпчүлүк уран калдыктары сакталган жайларда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүшү керек. Көбү суу аккан сайдын эле жээгинде турат. Суу жеп баштабасын деп убактылуу чыңдоо иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Авариялык калыбына келтирүү иштерине деп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын 3-4 миллион сом бөлөт. Бул эми толук калыбына келтирүүгө жетпейт",-деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин Майлуу-Суудагы адиси Каныбек Ташкенбаев.
Анын айтымында, калдык сактоочу жайларга эң чоң коркунуч туудурган бул табигый кырсыктар. Маселен, былтыры уран калдыгы сакталган жайлардын бирине жакын жерге көчкү түшүп, сууну бөгөп калган.
"Суу калдык сакталган жайга чейин көтөрүлүп кетсе, кесепети оор болот эле. Бактыга жараша тосулган көчкүнү жарып кетти",-деди адис.
Буга чейин эл аралык жардамдар аркылуу суу жээгиндеги өтө кооптуу делген калдыктардын бири жылдырылып, башка жайга көмүлгөн.
Радиациондук калдыктар сакталган жайлардагы экологиялык абалга баа берип, техникалык-экономикалык негиздемелерди жасаган германиялык «Визутек» компаниясынын адистери Майлуу-Сууда атайын изилдөөлөрдү өткөрүүдө.
"Эки жыл ичинде жер кыртышын, абаны, сууну иликтеп, изилдөө тыянагынан кийин гана кайсыл уран сакталган жайлар элдин салматтыгына кооптуу, кайсынын жылдырыш керектиги белгилүү болот",-деди Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурaдил Маматов.
Миң-Куштун Туюк-Суусу
Нарындын Миң-Куш аймагында советтер союзу маалында уран кени казылып, кийин анын калдыктары төрт жайга көмүлгөн. Алардын бири Туюк-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жайга жакын жерди көчкү коркунучу тооруп турат.
"Азыр калдык сактоочу жайга унаа жолу салынып жатат. Көчкү коркунучу тооруп тургандыктан уран калдыгын башка жайга көчүрүү аракетин көрүлүп жатат. Менимче 2019-жылы калдыкты көчүрүү иштери башталат",-деди Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Ниязбеков. Эки жыл мурун уран калдыгын көчүрүүгө 1,8 млрд. рубль керектелери айтылганы бар. Анын жетимиш пайызын Орусия өзүнө алганы тууралуу маалыматтар айтылган.
Бул жайга жакын жерде жашаган 22 бүлөнү өкмөт көчүрөбүз деп эскертип кеткен менен эч кандай чарасын көрө элек.
Мындан сырткары калдыктар сакталган жайлар Ала-Буканын Шекафтар айылында бар. 1946-1967-жылдары уранды иштеткен шахтадан чыккан калдыктар сегиз жайга көмүлгөн. Кажы-Сай, Сумсарда дагы калдык көмүлгөн жайлар бар.
Калдык сакталган жайда эс алгандар
Калдыктар көмүлгөн жайларга атайын белгилер коюлган менен мал аралап кеткен, кишилер кенебей жүргөн учурлар көп.
"Мурда союз учурунда айланасы тосулуп турган. Кийин аны эл бузуп-жарып кеткен. Эл менен тынбай эле түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бирок болбой эле ошол жерге барып улак чабат, жазында кооз, түзөң жердеги бир калдык сактоочу жайга барып алып, шишкебек жасап эс алгандары болот. Анан кокуй бул зыян экен деп компенсация сурагандары бар. Тегерегин тосуп бекемдегенге дагы каражат керек. Белгилер коюлган, ага маани беришпейт",-деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин Майлуу-Суудагы адиси Каныбек Ташкенбаев.
Миң-Кушта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл аралык уюмдар менен иштешкен жаштар бар.
"Элге маалымат бериш керек. Башында радиация эмне экенин билбей эле, радиация жыттанып жатат деп айтып жүрүштү. Биз мүмкүн болгон аракетти көрүп, эл аралык уюмдардын жардамы менен атайын көрсөтмөлөрдү чыгарып келип, элди окутуп жатабыз",-деди Миң-Куш тургуну Артур Нарымбаев.
Уран калдыктарынын кесепеттерин жоюуга каражат керек
Өткөн кылымдын 70-жылдары жабылган уран калдыктары каралбай калып же табигый кырсыктан улам коркунучка кептелген. Кыргыз бийлиги эл аралык жардам аркылуу калдык сактоочу жайларды бекемдөө, зыянсыздандыруу маселесин соңку жылдары байма-бай көтөрө баштады. Буга чейин Европа өнүктүрүү банкы менен Еврокомиссиянын ортосунда Борбор Азиядагы уран калдыктарынын кесепеттерин жоюу, зыянсыздандыруу боюнча атайын эсеп ачылганы айтылган. Бул эсепке Европа Биримдиги 16,5 миллион евро жана Норвегия 600 миң евро каражат которгон. Долбоор жалпы Борбор Азияны камтып (үчөө Кыргызстанга, төртөө Өзбекстан жана Тажикстанга таандык), 85 миллион евро керектелет деп эсептелген. Эми калган 70 миллион евро табыла элек. Буга байланыштуу ноябрь айында Лондондо донорлор менен атайын конференция өтөт.
Тажикстандагы уран калдыктар
Тажикстандын түндүгүндө уран кенин иштетүүдөн калган 54,8 миллион тонна калдык калганы айтылып жүрөт. Жалпы аянты 180 гектар жерди ээлеген жайга көмүлгөн.
Бул жерлерде дагы калдык жайларын бекемдөө, зыянсыздандыруу иштери жүрбөгөндүктөн, төмөн жагындагы Сыр дарыяга түшүп, Өзбекстан, Казакстанга коркунуч жаратат деген кооптонуу бар.
Аймакта уран өндүрүү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин башталып, 1980-жылдары токтотулган.