You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президент аппаратынын тизгини Мухаммедкалый Абылгазиевге берилди
Президенттик аппараттын жетекчиси кызматына Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.
Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган учурда 1-вице-премьер-министр кызматына келген. Буга чейин Социалдык фондду жетектеп жүрдү, президенттин кеңешчиси, президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп эмгектенди.
Өткөн апталарда президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов отставкага кетип, саясий чөйрөдө чоң талкууларды жаратты. Анын ордуна ким келери тууралуу түрдүү божомолдор болгон. Бирок президенттин жанындагы татыктуу адамдардан биринчи кезекте аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мукамбеткалый Абылгазиевдин аты аталган эле. Ал мурда алты жыл бою Социалдык фондду башкарган, бирок Жээнбековдун ишенимине киргени биринчи вице-премьер-министр болуп турган учурда болду.
"Бири өкмөт башчысы, экинчиси биринчи вице-премьер болуп турганда ишенимдүү мамиледе болушуп, көз караштары шайкеш экени билинген. Азыркы учурда бардык жагын эске алууга тийиш. Анын адамгерчилик сапатын, ишмердик жана ишенимдүүлүк сапатын да эске алат болуш керек. Аппарат жетекчисин тандоодо дагы бир критерий катары анын ар кандай кырдаалда ишти алып кете турган, тигил же бул саясий топтор менен тил табыша билген да жөндөмүн эске алып, дайындашы ыктымал,- деген аналитик Алмаз Кулматов.
Жаңы жетекчинин таржымалы
- Мукамбеткалый Абылгазиев1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.
- 1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
- Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
- 1994-1995-жж. - «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;
- 1995-1997-жж. - «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;
- 1997-1998 -жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;
- 1998-1999 -жж.- Биринчи май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын жетекчиси;
- 1999-2003-жж. - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;
- 2003-2009-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчиси, аппарат жетекчиси, башкармалыгынын мүчөсү;
- 2009-2010-жж. - Социалдык фондун төрагасынын орун басары;
- 2010-2016 жж.- Социалдык фондунун төрагасы;
- 2016-2017 жж.- Биринчи вице-премьер-министр;
- 08.2017-09.2017-ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
- 2017-жылдын 12-сентябрынан - Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары.