Парламенттик шайлоо: Күрөө акы төмөндөсүн

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

"Жаратман эл" партиясы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, парламенттик шайлоого карата партиялар үчүн күрөө акыны 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүүнү сунуштап чыкты. Бул үчүн партия эл арасында кол топтоону сунуштоодо.

Жаңы партиялар үчүн жол!

Кыргызстандагы жаңы, жаш партиялардын бири «Жаратман эл» партиясы Жогорку Кеңешке шайлоого карата партиялар үчүн күрөө акы өлчөмүн азайтуу маселесин көтөрүүдө.

"Азыркы шайлоо мыйзамы 2015-жылы шайлоонун алдында жаңы партиялар парламентке кирбеши үчүн 500 миң сомдон 5 миллион сомго 10 эсе көтөрүлгөн. Шайлоого аз убакыт калганда шарттар өзгөрүп, ал шайлоого катышам деген жаш партиялар андай шарттарга даяр эмес болчу. Биздин оюбузча ал убакта бул мыйзам кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн эле кабыл алынган",- деди аталган партия өкүлү Расул Түлеев.

Ал кийикни кезектеги парламенттик шайлоо алдында дагы чукулунан шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, күрөө акы дагы эселеп өсүшү мүмкүндүгүн эскертти.

"Жаңы жана жаш партиялар үчүн шайлоого катышуу абдан маанилүү жана керек. Шайлоого катышып алар тажрыйба алышат, үйрөнүшөт. Ошол эле учурда бул атаандаштыкты да шарттайт эле. Азыр беш-алты партия бар, аларга каржы жагынан атандаш болуу мүмкүн болбой баратат. Президенттик шайлоо деле көрсөттү бизде эки гана күч бар экен бул: бийлик жана каражат күчү", - деп кошумчалашты партия өкүлдөрү.

Шайлоо рынокко айланды

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңеште алты партия келген. Алар: КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен".

Соңку парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй кымбат өнөктүк болгон.

Шайлоого аттанган ар бир партия БШКга күрөө катары 5 миллион сом төлөшүп, беш пайыздан аз добуш алгандарына, күрөө акчасы кайтарылган эмес.

Күрөө акыдан да өнөктүк өзү кымбатка туруп, партиялык тизмедеги орундар соодаланганы айтылып келет.

"Шайлоочу азыр добушун сатуучу, талапкерлер добушун сатып алуучуга айланып калды. Бул рынок, биз ага бөгөт койбоюнча кайра эле ушул көрүнүш "партия эмес акча жеңет болот",- деди Би-Би-Сиге Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" партиясынан депутат Каныбек Иманалиев.

Олигархиялык парламенттин айырмасы

Соңку парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 34 партия БШКга арызын берип каттоодон өткөн. Бирок шайлоодо ал партиялардын ондон ашыгы эле активдүүлүк көрсөткөнү маалым. Көтөрүлгөн күрөө акы айынан жаш, жаңы партиялар ппарламент сыртында калышкан.

Кийин шайлоо жыйынтыгы чыкканда эксперттер Жогорку Кеңештин жаңы курамы олигархтык болуп калганын белгилешкен.

"Олигархия саясатка келгенде бүттү, ал жактан атаандаштык мүнөздөгү саясат чыкпайт. Ал жакта демократия фиктивдүү мүнөздө болот. Парламентраизм жөн эле көрсөтмө курал катары колдонулат. Үчөө: бийлик, олигарх анан криминал кошулса өтө коркунучтуу. Ал жакта мамлекеттик өсүү болбойт. Товардын, партиянын, инсандардын да конкуренциясы болбойт",- деди депутат Каныбек Иманалиев.

Кыргызстанда 220га чукул саясий партиялар бар делет.

Кийинки кезектеги парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылга белгиленген.