You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзбекстан Кыргызстан аркылуу ЕАЭБ базарына чыгабы?
2018-жылдын башында жеңил унааларды, айыл чарба техникаларын, автобустарды чыгаруу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен иштерин жандантат деп кыргыз өкмөтү билдирүүдө.
Учурда заводдорду ишке киргизүү убактысы, анын кубаттуулугу, жумушчу орундардын саны талкууланып жатат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи орун басары Шумкарбек Адылбек уулу айтып берди:
“Айыл чарба техникалары, жеңил машиналар жана автобустарды чыгарган өзбекстандык ишканалар өзүнүн заводдорун Кыргызстанда ачуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө. Экономика министрлиги менен бирге биздин агенттик бул багыттагы иштерди 2018-жылдын башында жандантабыз”.
Машина өндүргөн өзбекстандык ишканалар 2019-жылы пайдаланууга бериле турганын Кыргызстандагы ишкана жана тейлөө кызматы жаатындагы бирикмелер айтып жатышат. Алардын маалыматында, өзбекстандык инвесторлор эконом класстагы корей машиналарын Кыргызстанда чогултууга даяр экендиги, бул унаалардын баасы да жеткиликтүү болоору айтылып жатат.
Мындай жаңылыктар көптөрдү кубантканы менен текстиль тармагындагы кыргызстандык ишкерлерди кабатыр кылган жагдайлар да бар. Айрым ишкерлер Кыргызстан менен Өзбекстан техника чыгаруудан тышкары текстиль өндүрүшүндө кызматташканы жатканын эске алып, өзүбүздүн базарды алдырып жибербейбизби деп чочулап турганын айтууда. Алардын бири Соода, текстиль тармагындагы өнөр-жай палатасынын төрагасы, ишкер Амир Закиров:
“Бизде унаа чыгарган ишканалар иштеп баштаса, бул көп жагынан жакшы болушу мүмкүн. Бирок алар текстиль тармагы менен биздин базарга кире турган болсо, анда кыргыз ишкерлерине кыйын болуп калат. Анткени алар бул жагынан бизден 10-15 жылга алдыга озуп кеткен. Алар Кыргызстанда ишкана ачса, сөзсүз түрдө өздөрүнүн адамдарын алып келет. Экинчиден Өзбекстанды Кыргызстандын ЕАЭБне мүчө өлкө экени кызыктырат. Бизге ишкана салып, андан ары ЕАЭБ базарларына жол ачылат”.
Президент Шавкат Мирзиёев кызматына киришкенден тартып, Өзбекстан өзүнүн коңшу өлкөлөрү, эл аралык коомчулук менен жакындан кызматташа баштады. Он күн мурда президент Мирзиёев Самаркандда өткөн жыйында Борбор Азиянын регион башчыларынын жана бизнес коомчулуктун ассоциациясын түзүүнү сунуштап, чөлкөмдүн экономикалык потенциалын көтөрүү мүмкүндүгүн айткан. (ErA)