Камбар-Ата-1 Өзбекстанды эмнеси менен кызыктырат?

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Өзбекстан Кыргызстан менен Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу курууга ниеттенип жатканын кыргыз өкмөтү билдирди.

Саналуу күн мурун өкмөт башчы Сапар Исаков Камбар-Ата-1 ГЭСи Өзбекстан менен бирге курулаарын, буга коңшу өлкөнүн акционер катары кызыгып жатканын айткан. Муну эки өлкөнүн тең маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бир нече жылдан бери ири жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор башталбай же башталса да аягына чыкпай жаткан чакта өкмөт башчынын бул билдирүүсү көптөрдүн кызыгуусун жараткандай болду.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Үмбөталиев Камбар-Ата 2 же башка ГЭСтер боюнча бирин-экин инвестор чыкканы менен "Камбар-Ата-1" козголбой турганын айтып, Өзбекстанда бийликтин алмашышы менен бул боюнча олуттуу өзгөрүүлөр башталды дейт. Анын пикиринде аталган ГЭСти курууда Өзбекстанды электр энергиясынан да көбүрөөк сугат суу кызыктараарын кошумчалады.

"Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов тикелей каршы чыгып, согуш чыгат деп да келди. Эми ал өлкөдө сырткы саясат такыр өзгөрүп жатат. Жаңы президенти бирге куралы деди. Бул кызыкчылыктардын кагылышы да болуп жатат. Коңшулар буга кошулуп калса үлүшкө ээлик кылуу укугу менен сугат суу маселесин да эстен чыгарган жок. Эми кайсы каражатка курулат? Мамлекеттер өздөрү аракет кылабы же насыя алабы? Болжолдуу бул курулуш 6-7 жылды талап кылат",- дейт эксперт Расул Үмбөталиев.

Кыргызстан суу ресурстарына бай болгону менен андан энергия өндүрүүдө аксап жатканын айткан эксперттер, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу электр таңкыстыгын жоюуга зор салым кошуп, экспортко жол ачмак деп жатышат. Өзбекстандын президентинин сентябрь айындагы сапарында суу ресурстары, ГЭСтер темасы боюнча да сүйлөшүү жүргөнү белгилүү.

"Биз суу маселелелери, электро станцияларды куруу боюнча боюнча абдан олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбайт деп айтты. Мен толугу менен макулмун. Каржы, ресурс кайсы жагынан гана болбосун биз активдүү колдоого даярбыз. Камбар-Ата бизге керек жана зарыл. Биз биргелешип курабыз. Муну абдан терең ойлонуп ишке ашырышыбыз керек. Бул эки тарапка тең пайдалуу болуусу кажет. Бул пайдалуу",- деген өзбек президенти Шавкат Мирзиёев.

Бирок жалпы макулдашуу болгону менен тактай турган маселелер алдыда экенин Улуттук Энергохолдинг да четке какпайт. Бирок ошол эле учурда алдыдагы сүйлөшүүлөрдөн үмүт да чоң экенин билдирүүдө.

"Улуттук энергохолдинг менен Өзбекстан Гидроэнерго меморандум түзүп, кол коюлган. Эки тараптан тең жумушчу топ түзүлгөн. Буюрса жаңы жылга чейин жолугушу болот деп турабыз. Ошого даярдыктар көрүлүп жатат. Азырынча жыйынтык же божомол айтуу кыйын. Бул 3 млрд долларга бааланган чоң долбоор. Келишим түзүлгөндөн кийин каражат табуу керек",- дейт аталган мекеменин электр энергиясын өндүрүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Байгазиев.

Өкмөттүн ГЭСтерди куруу аракетинен бир нече жылдан бери майнап чыкпай катуу сынга кабылып келди. Алсак Орусиялык "Руссгидро" компаниясы курулушун баштап, бирок таштап койгон иши үчүн 37 млн доллардын маселелси арабөк бойдон турат. Алардан кийин келген Чехиялык "Лигласс" компаниясы да ишенимди актай алган жок. Сөз болуп жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары эле Ташкентте даярдалып, өндүрүмдүүлүгү жагынан Токтогул ГЭСинен да кубаттуу деп каралган.