Коркунучка айланган унаа жолдору: кырсыкты кантип кыскартабыз?

Кыргызстанда соңку аптада эле 23 киши жол кырсыгынан мерт болду. Расмий маалыматтарга караганда, быйыл жол кырсыктарынын саны 8,3 пайызга өскөн. Соңку күндөрдөгү үрөй учурган кырсыктар коомчулукту дендароо кылып, социалдык тармактар аркылуу бийликти чара көрүүгө чакырган талаптар айтылууда.

Парламентте болсо Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киригизүү демилгеси айтылып, жол эрежелерин бузгандарга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

«Муну жөнгө сала турган Административдик жана Кылмыш-жаза кодекстери бар. Сунушталган мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексине тишелүү. Андагы нормалар маселен, адам ден-соолугунан катуу жапа чексе же каза тапса, анда Кылмыш-жаза кодекси менен каралат. Эгерде айдоочунун алкоголь ичкен ичпегенин текшерген наркологдор туура эмес аныктама жазса, алардын дагы айып пулун бир миллион сомго чейин көтөрүп жатабыз. Азыр мындай учурга беш миң сом гана жаза каралган. Жол кырсыгынан киши ден-солугунан ажыраса же өмүрү кыйылса айдоочуга катаал жаза берүүнү сунуштадык. Ал эми азыркы биз колдонуп жаткан норма боюнча сотторго кенен укуктар берилген. Алар кааласа, 100 миң сомго чейин айып пул салат же коомдук ишке чектейт, болбосо түрмөгө кесет. Учурда кылмыш кылган адамдар 100 миң сом айып төлөйт. Эркинен ажыратуу 3-5 жыл деп каралган. Биздин сунушубузда 5-7 жылга эркинен ажыратуу, айып пулду бир млн сомго көтөрүү каралды»,-деди мыйзам долбоорунун автору КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов.

Расмийлердин маалыматына караганда, Кыргызстанда жол кырсыктары өтө көп катталган учур 2013-жылы болгон. Кийин айып пулдун өлчөмүн көбөйтүп, чаралар катаалдаштыргандан кийин абал турукташкан дейт жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызмат. Мунун менен алар кайра эле дагы жазаларды көбөйтүү менен кыскартаса болот дегенди айткысы келгендей.

Мыйзамдар жетиштүү көзөмөл жок

«Биринчиден, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн органдарда жоопкерчилик жок. Көп киши каза болгондо райондун, облустун же шаардын жетекчилерине чейин кызматтан алынчу эле. Жолдогу кыймыл күчөгөн кезде эч ким көзөмөлдөгөн жери жок. Экинчи себеби, көзөмөл жок болгондуктан жарандар башаламандыкка барууда, ичип алып айдап жатышат. Өткөн аптада Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде болгон жол кырсыгында таңкы саат беште ичип алып айдап жүрүшөт. Азыр рейд иш-чаралары жок. Биз жума, ишемби, жекшемби күндөрү түнү менен текшерип жүрчүбүз, түнкү клубдардын, кафе, ресторандардын жанында тескечүбүз»,-дейт Жол кайгуул кызматынын мурдагы жетекчиси Талантбек Исаев.

«Мыйзам чыгаруудан мурун анын аткарылышына катуу көзөмөл керек. Көптөгөн жол кырсыктары тергөөдөн ары жылбай, сотко өтпөй калып жатат»,-дейт «Жол коопсузудугу» коомдук уюмунун төрайымы Чынара Сапарбек.

Соңку күндөрдөгү жол кырсыктарынан кийин айрым парламентарийлер Ички иштер минстринин дарегине катуу сын-пикирлерди жаадырды.

«Акыркы төрт күн ичинде Кыргызстан деген мамлекет "кырсыкстан" деген мамлекетке айланды. Тактап айтканда, беш күндө 30 киши жол кырсыгынан каза тапты. 9 млн киши жашаган Нью-Йоркто бир жылда 202 киши каза табат. Бизде бир айда эки жүзгө чыгып жатпайбы. Эки жыл мурун кылымыш менен кырсык азайат деп ИИМ олчойгон каражатты коротуп, патрулдук милицияны түзгөн. Кана азайганы? Тескерисинче эки эсе өсүп жатат",-деди парламент трибунасынан КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков.

Жол кырысктарынан жүздөгөн кишилердин өмүрү кыйылып жатса, эч ким жоопкерчилик албайт деген депутат, абалды парлементте талкуулап, өкмөттүк саат өткөрүүгө чакырды.

Жол кырсыгы 8,3 пайызга өстү

"Жол кырысыктары боюнча статистика жакшы абалды чагылдырбайт. Өлкө боюнча соңку он ай ичинде 5197 жол кырсыгы катталган. Былтыр болсо 4796 болгон. Пайыздык көрсөткүч боюнча алганда, быйыл жол кырсыгы 8,3 пайызга өстү. Жол кырсыктарына каза тапкандардын саны 695 адам. Былтыр он айда 771 киши мерт болгон. Жол кырсыктарынын негизги себептери боюнча айтканда, 42 пайызында айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Унаалар кагылышкан учур 36, 5 пайыз. Жол кырсыктарынын ушул эки түрү негизги көйгөй бойдон калууда»,-деди ИИМдин Кайгуул милицясынын башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов.

Жолдо төгүлгөн кан: соңку күндөрдөгү кырсыктар

5-ноябрь күнү таңга маал болгон Бишкектеги унаа кырсыгынан беш киши каза тапкан. Эки унаа кагылышып, айдоочулардын бири унаасынын чыга албай калып, тирүүлөй күйүп кеткен.

Эртеси 6-ноябрь күнү Ош-Бишкек унаа жолунун 457-чакырымында жүз берген жол кырсыгынан он киши мерт кетти.

Милиция маалыматына караганда, газ ташыган унааны айдоочусу башкара албай калып, каршы жол тилкесине чыгып, оодарылып кеткен. Жүргүнчүлөрү менен келе жаткан унаа ага келип урулган. Ушул эле күнү кечинде Манас аэропортуна баруучу унаа жолунда жол кырсыгынан катталып, 4 адам каза болду.

Унаадагылар 31-25 жаштагылар болгон. Айрым маалымат каражаттары бул кырсыктын видеорегистраторго түшүп калган тасмасын жарыялады. Анда абдан катуу ылдамдык менен бараткан унаа башка унаалардан озуп өтүп, жолдон чыгып кеткени тартылып калган. Кийин жол боюндагы даракты сүзүп токтогонун көрүүгө болот. (AbA\AbK)