You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ташкент жолугушуусу: "Бири бирибизди колдойбуз»
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке сапары учурунда кызматташуу боюнча 12 документ кабыл алынды.
Ошондой эле өз ара ишенимди чыңдоо, коңшулук мамилелер жана достукту бекемдөө боюнча декларацияларга кол коюлду.
Президенттин расмий сайты кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу боюнча протоколуна кол коюлганын кабарлады.
Макулдашуулардын ичинде Кыргызстандын Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы салык жана валюталык кылмыштарга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшкөн департаментинин ортосунда «Экономикалык жана каржылык кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык» боюнча келишим бар. Ички иштер министрликтеринин ортосунда «Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана психотроптук каражаттарды сатууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык» боюнча келишимдерге кол коюлду. «Аскердик кызматташтык боюнча» да Кыргызстандын Башкы штабы менен Өзбекстандын Коргоо министрлиги ортосунда келишим кабыл алынган.
Эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда минералдык жер семирткичтерди жеткирүү тууралуу келишимдерге жетишилди.Туризмди өнүктүрүү боюнча кызматташтык тууралуу макулдашуулар болду. Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багыты боюнча жүк ташуу тууралуу да макулдашууларга жетишилгенин белгилей кетели.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жарым жылдын аралыгында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 10 эсеге өскөндүгүн белгилеген.
"Эгерде биз тоскоолдуктардын бардыгын алып салсак, бул кадам эки тараптуу мамилелерибизге жана эки тараптуу кызматташуубузга дагы бир дем берет", - деп Шавкат Мирзиёев жолугушууну утурлай өткөрүлгөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында 200 млн долларлык келишимге кол коюлгандыгын маалымдаган.
"Менимче бул башталышы гана", -деген өзбек лидери.
"Президенттер эки делегацияда адвокат болуп, элдердин адвокаты болуп жатышат. Мен биргелешип жыйынтыкка иштегенге көнбөй калган делегация мүчөлөрүн түшүнүп турам. Бирок Президенттер түшүнүшүү болбой турган жерлерде бардык маселелерди кайра иштеп чыгууга тапшырма берди. Президенттер дагы бир ирет, балким эртең менен чогулуп, бул маселелерди аягына чейин чечишет", - деди Өзбекстандын президенти.
Президент Атамбаев өзбекстандык кесиптешине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Кыргызстандын келерки президенти бүгүн башталган багытты улантып, үзгүлтүксүз ишти камсыз кылат деп ойлойм", -деп Алмазбек Атамбаев анын президенттик мөөнөтү аяктагыча өлкөлөр ортосундагы бардык маселелер чечилип, тиешелүү макулдашууларга кол коюларына ишенимин билдирди.
"Балким бир айдан кийин биз Чолпон-Атада жолугушуп, бардык маселелерди чече алабыз деп ишенем. Бүгүн 12 документке кол коюлат, биз дагы 5-6 документке кол коелу деп турабыз. Биз жаңы мамлекет түзө албайбыз, бирок биргелешип иштеше алабыз. Алдыда али элдерибизге пайда алып келчү чоң иштер күтүп турат", -деди Алмазбек Атамбаев.
«Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери конфликттердин, мина коюулардын жана талаш-тартыштын чек арасын достуктун чек арасына айландырган мамлекет башчылары катары тарыхта калышын кааларын белгиледи»,-деп жазды президенттин расмий сайты.
Чек арадагы өткөрмө бекеттердин ачылганы чектеш аймактарда жашаган тургундар үчүн чоң жеңилдиктерди алып келгени айтылды.
"Тарых өз сөзүн айтат деп ойлойм. Кыска мезгилдин аралыгында эки президенттин эрки менен өз ара түшүнүшүүнүн мына ушундай деңгээлине жетиштик. Боордош эки өлкөнүн элдери буга татыктуу баа берет деп ойлойм. Пекиндеги, Астанадагы биздин жолугушуулардан кийин, Самаркандагы тарыхый сүйлөшүүлөрдөн кийин биз бардык багыттар боюнча абдан чоң жыйынтыктарга жетиштик. Саясый өз ара алакабыз туурасында кеп кылсак, бир дагы чечилбеген маселе жок. БУУда, КМШда, Кызматташуунун ислам уюмунда биз бири бирибизди колдойбуз, эч кандай маселе болбойт. Соода-экономикалык мамилелерде биз сиз менен сүйлөшкөндөй, ишкерлерибизге эч тоскоолдук кылбайбыз", - деп белгилеген Шавкат Мирзиёев.
Сентябрь башындагы Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда да өлкө лидерлери бир катар келишимдерге жетишкен. Эң негизгиси чек араларды аныктап, такташуу боюнча келишим болгон.
Бишкек сапарынынан кийин өзбек тарап он жылдан бери бир тараптуу жабылып турган кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекетти ачкан.
Бул жолу Атамбаевдин Ташкентке сапары дагы жемиштүү болду деп бааланды.
Алдыда дагы чечүүгө зарыл болгон бир катар маселелер бар экени эки тараптан тең айтылып жатат. Анын ичинде чек араларды кесип өткөн сууларды пайдалануу маселеси дагы бар. Айрым маалымат булактары Орто-Токой суу сактагычын ижара төлөө системасы менен пайдалануу боюнча макулдашуу кийинкиде карала турганын жазып чыкты. Чек араларды такташууда дагы алдыда эң оор делген тилкелер боюнча тараптар орток пикир таба алабы деген маселе турат. (AbA)