Шайлоо-2017: Тышкы күчтөрдүн таасири болобу?

    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен Казакстандын президенти Назарбаевдин жолугушуусуна байланыштуу Казакстанга нааразылык нотасын жолдоду. Анда Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири менен казак президентинин жолугуушусу өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары сыпатталган.

Талкуу жараткан жолугушуу

Кыргызстандагы шайлоого тышкы күчтөрдүн таасир тууралуу талкуулар буга чейин эле көп айтылып келгени бар. Кечээ күнү президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен казак президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу бул талкууларга андан бетер от жаккандай болду.

Казакстандык расмий сайттарга жолугушуу тууралуу жарыялангандан кийин аны бир катар жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Социалдык тармактарда жолугушуу учурунда тартылган тасма кызуу талкууга алынып жаткан учур.

Кыргызстандын расмий бийлиги да бул жолугушууга дароо реакция жасап, өлкөнүн Тышкы иштер министрилиги Казакстандын тышкы саясий мекемесине нааразылык нотасын жөнөттү. Анда кыргыз тарап казак президентинин Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин бири менен жолугуп, ага колдоо көрсөткөнүнө таң калып жатканы жазылат:

“Коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей турганын айтканы менен, анын сөздөрү мамлекеттин болочоктогу президентине артыкчылык берип жатканын аныктап турат. Ошондуктан кыргыз тарап айтылган сөздөрдү жана жолугушуунун казак тараптан кеңири чагылдырылышын Кыргызстандагы шайлоого таасир берүү жана өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары сыпаттайт”, - деп жазылат нотада.

Бул боюнча казак тарап азырынча жооп кайтара элек.

Кыргызстандагы саясий жараяндарга сырткы таасир канчалык?

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жетинчи ирет президенттик шайлоо өткөрүү алдында турат. Бир нече жолу парламенттик шайлоо өткөрдү. Эксперттер бул шайлоолордун баарына тең тышкы күчтөр кыйыр түрдө кийлигишип келатат деп белгилешет. Өзгөчө Кыргызстан менен коңшулаш өлкөлөр же стратегиялык өнөктөш саналган өлкөлөр үчүн Кыргызстандагы бийлик башына кандай күчтөрдүн келиши маанилүү. Муну геосаясаттагы кадимки көрүнүш катары мүнөздөгөндөр бар. Ошондуктан алар ал-күчүнүн жетишинче ар кандай жолдор менен бул процесске быйыл да аралашат деген пикирлер айтылууда.

"Бул жолугушуулар жөндөн-жөн болбойт. Назарбаев аларда жөн эле чакырбайт, ортодо кийлигишүүлөр аркылуу ишке ашкан. Негизи биздин кыргыз саясатчыларында дагы эле колониялдык көз-караш бар, ошондон кете элекпиз. Баары бирөөнүн оозун карап, бирөөгө жармашып оокат кылышат. Биздин саясатчылардын баары көп жылдан берки шайлоолордо Кремлге барышат. Бирөөсү дубалдан өтүп Путинге жолугат, бири дубалдан аттай албай Медведевге жолугат. Бул абдан туура эмес, моралдык жактан дагы, мыйзамдык жактан дагы. Ошондуктан биз буга мыйзам чегинде тыюу салышыбыз керек", - деди мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов.

Адамдык фактордун таасири

Буга чейин шайлоого тышкы күчтөр аралашкан деген мазмундагы маалыматтар кезек-кезеги менен чыгып келген. Алардын бири бозгунда жүргөн казак саясатчысы, олигарх Мухтар Аблязов Францияда түрмөдөн чыккандан кийин 2005-2010-жылдагы Кыргызстандагы негизги окуяларга акча жумшаганын, ал бул аркылуу Казакстанга таасир эткиси келгенин француз басылмаларынын бирине билдирген.

Ал эми куулуп сыртта жүргөн мурдакы кыргыз президенттери Акаев же Бакиевдин таасири жөнүндө дагы анда-санда фактыга негизделбеген дооматтар айтыла калып жүрөт. Парламент депутаты Марат Иманкуловдун пикиринде, Кыргызстандагы шайлоонун тагдырын эч бир сырткы күч аныктай албайт:

"Кыргызстандын Баш мыйзамы президенттик шайлоо эле эмес, парламенттик же жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна да сырттан ким бирөөнүн аралашуусуна жол бербейт. Мен бүгүнкү күндө тышкы күчтөр таасир этип жатат дегенден алысмын. Бирок өзүнө ишенбеген кайсы бир талапкердин же саясатчынын тигил же бул өлкө колдоп жатат деген маалыматтары болгону пиар үчүн ойлоп тапкандары. Азыркы учурда атайын кызматтар сырттан каржы алуу, үгүт материалдарын чет жактан ташып келүү же даярдоо сыяктуу иштерди толук көзөмөлдөй алат".

АКШда президенттик шайлоо өткөнүнө бир жылдай убакыт өтсө дагы ал шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча териштирүүлөр токтой элек. Көп өтпөй мындай маалымат Франциядагы президенттик шайлоодо дагы айтылган. Байкоочулар АКШдагы шайлоолорго тышкы күчтөр таасир этип жатса, алакандай Кыргызстандагы шайлоо өз алдынча өтөбү деп суроо коюп турган чагы.