Тукуму азайып бараткан ак илбирс

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Август этегинде Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум өтөт. Аталган форумга ак илбирстер байырлаган он эки өлкөнүн жетекчилери жана өкмөт өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана донор уюмдардын лидерлери, илимий мекемелердин кызматкерлери катышмакчы.

Чакырылган өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Кытай, Индия, Казакстан, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Ɵзбекстан бар.

Ак илбирс байырлаган 12 өлкө бар. Алар Бишкектеги жыйында ак илбирстин тукумун сактоо боюнча эл аралык деңгээлдеги чараларды талкууламакчы.

Өткөн аптада Голливуддун атактуу актеру Леонардо Ди Каприо интернет аркылуу Бишкекке форумга чакырылган 12 өлкөнүн лидерлерине кайрылып:

"Кыргызстанда ушул жылдын август айында ак илбирстер жашаган бардык он эки өлкөнүн лидерлери чогулат. Аларга ак илбирстерди сактоо үчүн чечкиндүү чараларды көргүлө деп айткылачы. #SaveSnowLeopards",-деп айтылат анын WWF сайтындагы кайрылуусунда.

Ак илбирстердин Кыргызстандагы абалы

Кыргызстандын өзүндө 2014-жылы Ɵкмөттүн чечими менен илбирстерди сактоо максатында «Хан-Теңири» улуттук мамлекеттик паркы уюшулган.

Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда да ак илбирстердин саны 300дөн ашпайт.

«Азыркы учурда Кыргызстандагы ак илбирстер 280 ден 300гө чейин деген расмий маалыматтар бар. Ѳткөн кылымдын 70-80-жылдарында ак илбирстер өлкөнүн тоолуу аймактарынын бир топ жеринде кездешкен. Бирок соңку жылдары саны кыскарып, байырлаган аймактары Нарын, Ысык-Көл, соңку маалымат боюнча Алай тарапта ак илбирстер кездешет»,-дейт Эл аралык "Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо" программасынын катчылыгынын башчысы Кыял Алыгулова.

Анын айтымында учурда Кыргызстанды байырлаган ак илбирстердин саны кыскарып же көбөйүп кеткени тууралуу так сандарды айтуу кыйын. Бирок браконьерлер аткан учурлар бар экенин эске алганда, ак илбирстер санын көбөйдү деп айтууга да болбойт.

Браконьерлердин бутасында

Ак илбирстер жер шарынан тукуму кыскарып, жоголуп бараткан жапайы жаныбарлардын бири. Алар деңиз деңгээлинен бир нече миң метр бийиктиктеги Гималай жана Тибеттин бийик-аска-зоолорун байырлашат.

Тактап айтканда, ак илбирстер деңиз деңгээлинен 1000 метрден 5400 метр бийиктикке чейинки аймактарда жашашат. Браконьерлерди көп кызыктырган бул жарткыч жаныбардын териси абдан баалуу эсептелет.

Дүйнөдө төрт миңден алты миңге чейин ак илбирстер бар экени айтылып жүрөт. Соңку иликтөөлөргө караганда 2008-жылдан бери дүйнө жүзүндө 221ден 450гө чейинки ак илбирстер адамдын колу менен өлтүрүлгөн.

Браконьерчиликтин 90 пайызы беш өлкөгө таандык - Кытай, Монголия, Пакистан, Индия жана Тажикистан.

Ак илбирстин жайыты дагы тарып баратат

Ушул жылдын башында Кытайдын Тибет аймагынан тартылган ак илбирс менен бул тукумдагы башка жер шартына ылайыкташып жашаган кабыландар аралашып жүргөнү чагылдырган сүрөт жана тасма жартылыш коргоочулары катуу тынчсыздандырды.

Климат жылуу болуп, негизинен төмөнүрөөк аймактардагы токойлуу жерлерди байырлаган кабыландар бийик тоолорго чыгып ак илбирс менен бир аймакта байырлап калуусунан иликтөөчүлөр кооптонушкан. Январдагы Непалда өткөн ак илбирстер боюнча жыйында так ушул маселе каралган эле.

Кытайдын Цинхай провинциясындагы улуттук паркта тартылган сүрөт жана тасмада ак илбирстер менен кабыландар төрт миң метр бийиктикте, бир аймакты байырлап жашап жатканы тартылган.

Кабыландар глобалдык жылуулуктан улам жогору карай жылып, Азиянын айрым бийик тоолуу аймактарын ээлеп баратышат. Мындай абалдан улам ак илбирстер байырлаган аймактар кыскарып, жан багууда атаандаштык жаралып, алардын тукуму кыскарып, жок болуп кетүү коркунучу пайда болду.

Изилдөөчүлөр Непалда дагы ак илбирстер байырлаган бийик жерлерге кабыландар аралаша баштаган учурларына күбө болушканын айтып жатышат.