Июнь коогалаңына жети жыл: эмне өзгөрүүлөр болду?

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

2010-жылдагы июнь коогалаңын эскерүү иш-чараларына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышып, "Энелердин көз жашы" эстелигинин жанында куран окулуп, коогалаңдан каза тапкандар эскерилди.

Ѳлкө президенти Алмазбек Атамбаев кайрылуу жолдоду.

«Бүгүн ошол күндөрү кан төгүүлөрдү токтотуп, тынчтык менен туруктуулукту орнотуу Кыргызстанга канча кыйын болгонун, элдер, адамдар ортосундагы ишенимди кайтаруу үчүн кандай гана чечимдер, аракеттер көрүлгөнүн эске салгым келет. Андан бери Кыргыз Республикасы эл биримдигин жана этнос аралык мамилелерди чыңдоо боюнча өз концепциясын токтоосуз жүзөгө ашырып келатат. Мындай каргаша кайталанбас үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Ушундай күч-аракеттерибиздин артынан Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун жаңжалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча өзгөчө тажрыйбасы топтолууда. Эл ичинде ишеним, өз ара урмат мамилелер акырындан жакшырып баратат. Ар башка этнос өкүлдөрү эл аралык мелдештерде жана конкурстарда Кыргызстандын туусун сыймык менен көтөрүп чыгууда»,-деп айтылат кайрылууда.

Жекшембиде Бирикекен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга иш сапары учурунда Ош шаарына да келе турганы белгилүү болду. Мындан эки жыл мурун улуттар уюмунун мурунку баш катчысы Пан Ги Мун Ошко келген сапарында июнь окуяларынын кесепеттерин жоюудагы аракети үчүн кыргыз өкмөтүнүн ишин жогору баалап, бирок ошол эле учурда «июнь окуясынын түпкүлүктүү себептерин аныктоо жана чыныгы акыйкаттыка жетүү аракети максатына жетпей жатканына» тынчсыдануусун билдирген эле.

Кыргыз расмийлери бул карагашалуу окуялар тыкыр иликтенип, түпкүлүктүү себептери аныкталып, мындайга экинчи жол берөө максатында чаралар көрүлүп келатканын жүйө тартып келүүдө.

«Бул окуянын себептери так аныкталган. Бир нече жолу комиссиялар иштеди, эл аралык, улуттук, парламенттик комиссиялар иш алып барды. Ушундай окуяларды болтурбоо, алдын алуу, Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдоо, этностор аралык мамилени чыңдоо боюнча эки жыл боюу концепция иштелип чыкты. Бул жөн эле кагазда калып калган документ эмес, бул бардык жагын эске алган. Концепцияны ишке ашыруу боюнча өкмөттүн планы кабыл алынып, каражат маселеси да чечилген»,-деди президенттин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулматов.

Учуруда кыргыз жараны калыптануу этабын баштан кечирүүдө. Тегине карабай өлкөдө кыргызстандыкпыз деген түшүнүк калыптанышы керек деп кошумчалады Кулматов.

"Өзүңүз көрүп жатасыз азыр Сирия эмне болуп жатат? Украинада эмне болду? Башка дүйнөнүн булуң-бурчунан ушундай курчуган кырдаалдарды мисал тартса чыга берет. Жети жыл мурунку окуяларда коогалаңдын үч эле күндө эч кандай кийгилишүүсү жок эле токтогону, бул - абалтан ийиндешип жашаган эки элдин чагымычыларга алданганын туюп, бири-бирин жакшы түшүнгөн, туугандык сезимдери бар үчүн коогалаң өөрчүбөй токтогонунан кабар берет. Андан кийин ооба, бир аз таарынган, араздашкан мамиле болду десек болот. Соңку беш-алты жылда туура жүргүзүлүп жаткан саясат, иш аракеттер, жашоону мурдагын нугуна салып баратат",-дейт Ош шаарындагы өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Рашидхан Ходжаев.

Бирок ошол эле учурда коогалаңга катыштыгы болгон, аны уюштурган, коогалаң учурунда кылмыштуу аракеттерге баргандарды жазага тартмайын кесепеттер жоюлду деп айтууга болбойт-деди Ходжаев.

"Орустардын жакшы накыл кеби бар "жазасыздык кийинки кылмышты жаратат" деген. Июнь окуяларын чыгаргандар, ким болсо да жазасын алыш керек. Ошондой элдин көкшөөсү сууйт. Кимдир бирөө жакынын жоготту, кимдир бирөөнүн үй-жайы өрттөлдү тонолду дегендей. Алардын жүрөгүндө так бар да. Кылмышкерлерди камап, жазасын берсе, көптөрдүн көкшөөсү сууп, элдин ынтымагы дагы андан бетер бекемеделет эле деп ойлойм".

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов, учурунда июнь коогалаңы боюнча иликтеген парламенттик комиссияны жетектеген.

«Июнь окуясын эки элдин ортосундагы чатак деп эсептебеш керек. Бул айрым жикчилдер, жаңы бийликке каршы чыккан айрым кишилер, саясат менен уюшкан кылмыш дүйнөсү жуурулушуп кеткенинен улам жүз берген. Ѳлкөнү ойлобой, элди ойлобой өз керт башынын кызыкчылыгын ойлогондордун башамаламндык уюштурганы деп эсептесе болот»,-деди Мамытов.

Сырттан айтылган ар кандай сын-пикирлерге карабастан негизгиси бул окуялардын сабагын алып, өлкөдө туруктуулук орногону чоң жетишкендик болду. Келечегинде буга жол бербей турган биримдикти карманышыбыз керек деп кошумчалады Мамытов.

2010-жылдагы Ош, Жалал-Абат аймактарында болгон башаламандыктар учурунда 400дөн ашуун киши каза таап, миңдегени жаракат алган. Ондогон кишилер дайынсыз жоголгон. Турак-жайлар, мекемелер өрттөлгөн эле. Окуяга катыштыгы болгон кишилерди жазага тартуу аракеттери жети жылдан бери уланып, жүздөгөн сот иштери өттү. Соттук териштирүүлөр дале соңуна чыга элек.