Сот Аскаровду кайрадан эле өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды

Өкүм окуган соттор Аскаровдун күнөөсү аныкталганын билдирди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өкүм окуган соттор Аскаровдун күнөөсү аныкталганын билдирди

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, кайрадан эле аны өмүр бою эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарды. Өкүм окуган судьялар күбөлөр менен жабырланган тараптын берген көрсөтмөлөрү такталып, Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирди.

Аскаров Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүгү "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча күнөөлүү деп табылды. Андан тышкары 59-берененин негизинде белгиленген жазаларды бири-бирине толук кошуу жолу менен Аскаров өмүр бою эркиндигинен ажыратылсын, мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискациялансын деген чечим чыкты.

Төлөйкан Исмаилова “соттук жараян соттордун бийликке көз каранды экенин көрсөттү” деди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төлөйкан Исмаилова “соттук жараян соттордун бийликке көз каранды экенин көрсөттү” деди

Судьялар өкүмдү угузгандан кийин Аскаров залдагыларга кайрылып, өзү кармалып жаткан абакта ачкачылык жарыялай турганын айтты. Анын коомдук жактоочусу Төлөйкан Исмаилова журналисттерге кайрылып, бүгүнкү соттук иш боюнча нааразылыгын билдирди:

"Соттук жараян соттордун бийликке көз каранды экенин көрсөттү. Кыргызстанда эгемендүү соттор жок, өкмөт тарабынан ачык дискриминация байкалып калды. Биз мындан ары доо-арыз жазабыз".

2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө катыштыгы болгон жана массалык баш аламандык уюштурууга катышкан деген айыптар менен Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган эле.

Азимжан Аскаров азыркыга чейин өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет. (ErA)