Ч. Харьехузен: Үркүндөн кийин кыргыздар Европадан жардам сураган

1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу документтер Германиядагы архивдерден табылып, ал 8-июлда Кыргызстандын Улуттук архивине өткөрүлүп берилген.

Би-Би-Си бул документтерди Германиянын Тышкы иштер министрлигинин архивинен таап, аларды изилдеп жаткан тарых илимдеринин кандидаты Чынара Харьехузенге кайрылып, документтерди кантип тапканын жана кандай кызыктуу маалыматтарды топтогонун сурады.

Чынара Харьехузен: Мага Кыргызстандан Германиядагы архивдерден 1916-жылы Түркистанда болгон көтөрүлүш тууралуу маалыматты издеп көрөсүңбү деген буйрутма келди. Мен немис кесиптештериме кайрылып, архивдик материалдар тууралуу сураштырып баштадым.

Мага колониалдык доор тууралуу изилдеп келген теги алжир тарыхчы кесиптешим кеңеш берип, мен бир нече архивдик агенттиктерине кайрылдым.

Биринчи Дүйнөлүк согуш, Орус империясы жана Түркистандагы көтөрүлүш тууралуу документтерди Германиянын Тышкы иштер министрлигинин архивинен тапса болот деп айтышты. Мен ошентип бул архивде жарым жыл иштеп, айтылган материалдарды таптым.

  • Бул видеону көрүңүз: <link type="page"><caption> Үркүн - Улуттук боштондук көтөрүлүш</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/multimedia/2015/08/150818_sapartv_urkun" platform="highweb"/></link>

Би-Би-Си: Бул архивдерде кандай жаңы маалыматтар табылды?

 Тарых илимдеринин кандидаты Чынара Харьехузен

Сүрөттүн булагы, Chinara Harjehusen

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тарых илимдеринин кандидаты Чынара Харьехузен

Чынара Харьехузен: Биринчиден, Германия ал учурдагы колониалдык державалар - Улуу Британия, Франция жана Орусия империясына атаандашып, күч алып тургандыктан орус империясы жана Түркистан тууралуу аскердик жана дипломатиялык маалыматтарды чогултууга басым жасашкан жана аймактагы окуяларга кылдаат көңүл бурушкан.

Алар Орусия башкарган Түркистан жана коңшу Афганстан, Кытай, Персия жана Индияга да кызыгышкан.

Германияга чөлкөмдөгү геосаясий атандаштык абдан кызык болгон. Демек Германия Орусия империясы менен Британ империясынын ортосундагы окуяларды изилдешкен. Айрым учурда кийгилишип турган.

Германиянын Тышкы Иштер министрлигинин архивинен табылган документтердин арасынан Кыргыз делегациясы тарабынан Германияга жолдонгон каттарды таптым. Ал каттар Европанын жетекчилерине жана АКШнын президентине жолдонуп, Түркистандын калкын орус оторчул саясатынан коргоп калууну суранышкан. Немис архивдеринде мындай маалыматтар өтө көп, алар изилдене элек.

Демек Улуттук боштондук кыймылынан кийин кыргыз жана Түркистандагы башка калктар бир гана чыгышты көздөй качпастан, Европага чейин жеткен.

Айтылган делегация Европанын айрым мамлекеттеринин жетекчилери менен жолуккан, анын ичинде Германиянын расмийлери да аларды кабыл алган.

Бул делегацияга бир гана кыргыздар эмес, Борбор Азия чөлкөмүндөгү башка улуттар да кошулган.

Чынара Харьехузен: Демек Улуттук боштондук кыймылынан кийин кыргыз жана Түркистандагы башка калктар бир гана чыгышты көздөй качпастан, Европага чейин жеткен

Сүрөттүн булагы, Chinara Harjehusen

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чынара Харьехузен: Демек Улуттук боштондук кыймылынан кийин кыргыз жана Түркистандагы башка калктар бир гана чыгышты көздөй качпастан, Европага чейин жеткен

Би-Би-Си: Канча архивдик документтерди алып келдиңиз?

Чынара Харьехузен: Мен архивдик маалыматтарды изилдеп, тиешелүү бир миңге жакын барак документтердин сүрөт копияларын алып, архивге өткөрүп бердим. Алардын арасында карталар да бар.

Би-Би-Си: Изилдөөңүздө кайсы маалымат сизди өзгөчө кызыктырды?

Чынара Харьехузен: Бул өтө оор суроо, себеби мени көп маалымат кызыктырды. Биздин чөлкөм стратегиялык мааниге ээ болчу. Ал себептен бул документтер аркылуу Борбор Азияга тиешелүү маалыматтар өтө кызык болду.

Мени биздин өлкөдөгү саясий процесстер өтө кызыктырды. Анын ичинде Орусия империясы ал учурдагы Персия, азыркы Ирандын территориясы көздөй жүргөнү. Орус империясынын Афганстанды көздөй темир жол курганы жана эмнеге бул кадамдар Германияга маанилүү болгону кызык болду.

Ошол эле учурда Германиянын Улуу Британия менен чогу иш жүргүзүп, Орус империясынын Түркистандагы аракеттерине туруштук берүүгө жасаган кадамдары жана Түркистандын өзүндө болгон окуялар бизге өтө маанилүү.

Би-Би-Си: Бул архивдик документтер мындан ары эмне болот?

Чынара Харьехузен: Чогулган материалдарды 8-июлда Улуттук архивге өткөрүп бергем. Архивдин директору бул документтер немис тилинен которулуп, беш жылдын ичинде басылып чыгарылат деп айтты.

Келечекте немис архив документтери менен ишти улантышыбыз керек. Бул мага эле эмес, Кыргызстандын жана Борбор Азиянын башка тарыхчыларына да өтө кызыктуу болот деп ойлойм.

Андан тышкары Улуттук архивдин директору Германия менен тарых багытында кызматташууну улантыш керек экенин баса белгиледи. Менимче немис архивдеринде Кыргызстан тууралуу маалыматтар бар.

Чынара Харьехузен: Орусия империясы топтогон маалымат Германия чогулткан маалыматтан айрымаланып турат

Сүрөттүн булагы, none

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чынара Харьехузен: Орусия империясы топтогон маалымат Германия чогулткан маалыматтан айрымаланып турат

1916-жылы боюнча маалымат топтоп жатканда, изилдөөчүлөрдүн көбү Орусиянын архивдерин карашкан. Ал эми Европанын архивдери жакшы изилденген жок. Бул документтер так жазылган жана орус архивдеринен айрымаланып турат.

Германиядан тышкары Франция жана Улуу Британиянын архивдерин да изилдешибиз керек. Бул мамлекеттердин да Борбор Азияда геосаясий кызыкчылыгы болгон. Ал себептен алар да дипломатиялык жана аскердик маалымат топтошкон.

Би-Би-Си: Улуттук Боштондук көтөрүлүш тууралуу Европанын архивдик материалдары орус архивдик документтерден канчалык айрымаланып турат?

Чынара Харьехузен: Албетте бул суроого жооп берүү үчүн бир мезгилди алып, ар бир материалды салыштырып чыгыш керек.

Жалпысынан алсак мен да Москвадагы аскердик-тарыхый архивинде жана Орусиянын башка архивдеринде изилдөө жүргүзгөм.

Менимче Орусия империясы топтогон маалымат Германия чогулткан маалыматтан айрымаланып турат. Мисалы орус империясы окуянын бир гана өңүтүн карап, ага тиешелүү маалыматтарды топтосо, немистер биздин чөлкөмдү коңшу мамлекеттерде болуп жаткан окуялар менен чогу карашып, геосаясий кызыкчылыктар боюнча маалымат топтогон.

Чынара Харьехузен: Германиядан тышкары Франция жана Улуу Британиянын архивдерин да изилдешибиз керек

Сүрөттүн булагы, none

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чынара Харьехузен: Германиядан тышкары Франция жана Улуу Британиянын архивдерин да изилдешибиз керек

Менимче Түркистандагы саясий процесстерди коңшу Кытайда, Иранда, Индия жана Кавказда болгон окуялар менен чогу караш керек. Ал эми Орус архивдери чектелген фокусту алышкан.

Ошондой эле немистер 1916-жыл боюнча окуяларды орус Провослав чиркөөсүн, туткунга түшкөн аскерлер, аймактан барган качкындар жана өзүнүн агенттерин булак катары колдонушкан.

Орус империясы Провослав чиркөөсүнүн маалыматтарын эмнегедир колдонгон эмес. Алар өтө кызыктуу маалыматтарды топтошкон.

Демек окуялар окшош болгону менен айрым деталдар орус булактарында жок жана, албетте, Европага жеткен качкындар тууралуу Орус архивдеринде эч маалымат жок.