Коронавирустун жаңы штаммы британдыктарды үйгө камады. Сүрөт

Рождествонун алдында коронавирустун жаңы штаммынан улам Британия сырт дүйнөдөн обочолонуп калды. Өкмөт Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында катаал локдаун жарыялоого аргасыз болду.

Эл аралык коомчулук Британияда тарап жаткан коронавирустун жаңы түрүнө тынчсызданууда. Кырктан ашуун мамлекет Британиядан сапарга чыккандарды кабыл албай турууну чечти.