Чыныгы чалгынчы жана ойдон чыгарылган каармандар: жазуучу Жон Ле Карре тууралуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тыңчылар тууралуу китептери менен дүйнөгө таанылган британдык жазуучу Жон Ле Карре 89 жашында дүйнө салды.
Ле Каррени көп учурда тыңчылар тууралуу романдардын автору катары аташчу. Бирок анын адабий мурасы терең эле. Этикалык, моралдык дилеммадан тартып, адам менен мамлекет ортосундагы бийликтин бөлүштүрүлүшү тууралуу лирикалык ой жүгүртүүлөргө толгон темаларды козгочу. Анын калемине таандык 25 роман миллиондогон нускада 36 тилде жарык көрдү. Соңку романы (Agent Running in the Field) 2019-жылы жарык көргөн.
Жазуучунун чыгармаларынын көбүнө кино тартылды. Анын каарманы - чалгынчы Жорж Смайлинин ролун атактуу актерлор Алек Гиннесс менен Гэри Олдмен аткарган. Жазуучуну британдык белгилүү маданият ишмерлери эскерди. Олдмен анын чыныгы мырзалык мүнөзгө, бийик сапаттарга ээ киши болгонун айтса, жазуучу Маргарет Этвуд болсо Ле Карренин китептерин ХХ кылымдын орто ченинин аңдап түшүнүүнүн ачкычы эле деп атады.
Анын чыныгы ысымы Дэвид Корнуэлл эле. Кийин "Жон Ле Карре" деген адабий псевдоним менен таанылган. Ал 1931-жылы 19-октябрда Дорсет аймагында жарык дүйнөгө келген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Берн жана Оксфорд университеттеринде немис, француз тили боюнча билим алып, аскер кызматын өтөгөн. Окуу жайда сабак берип, Бонндогу Бириккен Королдуктун элчилигинде, МИ-6 чалгын кызматынын архив департаментинде иштеген.
Call for the Dead ("Арбакка коңгуроо") деген биринчи китеби 1961-жылы жарык көргөн. Атайын кызматта иштегендиктен китебин псевдоним менен чыгарган. Ага атакты үчүнчү китеби - The Spy Who Came In from the Cold ("Өлүмдөн кайтып келген тыңчы") романы болду. Автордун айтымында, анын биринчи романдары жетекчилиги тарабынан текшерилип, уруксат берилгенден кийин гана басмага берилген. Ал жашыруун сырларды чыгарып жибербеш үчүн текшеришкен экен.

Сүрөттүн булагы, Ronald Grant
1964-жылы Ле Карренин чыныгы аты-жөнү Москвага советтик агент тарабынан берилген британдык тыңчылардын тизмесине илинип калат. Ушундан кийин атайын кызматтан кетип, чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен. Өзүнүн ачыкка чыгып калганы кийин "Тыңчы, жогол" деген чыгармасынын өзөгүн түздү.
Атактуу жазуучу болуп калган учурунда деле мурдагы чалгынчы көп ачыкка чыкпай, сейрек учурда гана маек берип, атайын кызматта иштегенин дайыма четке кагып келген.
Ал өзүнүн чыгармаларында отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн баатырларды жараткан эмес. Чалгынчынын ишин романтикадан алыс, кандай болсо ошондой сүрөттөгөнгө умутулган.
Ле Карренин чыгармачылык жолу узак болду. Анын биринчи китеби Берлин дубалы тургузулган маалга туш келип, соңкусу 2019-жылы жарыкка чыкты. Кансыз согуш аяктагандан кийин жазуучу террорго жана мыйзамсыз курал сатууга каршы күрөш, эл аралык коррупция тууралуу жазды.
Ле Карре көптөрдөн айырмаланып, 1990-жылдардагы эйфорияга алдырган эмес. Берлин дубалынын кулатылышы жана СССРдин урашы тарыхтын бүтүшү, тыңчылыктын бүтүшү эмес деп көп айткан экен.
Кайра куруу маалына чейин Ле Каррени СССРде антисоветтик деп эсептешкен. 1987-жылы жазуучу Москвага Союздук жазуучулар үйүнө конок катары келип кетет. Ошондон кийин анын чыгармалары которулуп, басылып чыга баштаган. Өмүр бою өзүнүн чыгармачылыктагы ийгилигине жупуну мамиле кылып келген. Ал адабий сыйлыктардан жана рыцарь наамынан баш тарткан.
Ле Карре өзүн "сөөгүнө чейин англичанин" экенин айтып, британ саясатындагы айрым кадамдарды сынга алган. 2003-жылы Ирактагы согушка каарманча каршы болуп, 2016-жылдагы брекситке ичи чыккан эмес.
Жазуучу бир курдай оптимист эмес, гуманист экенин айтканы бар.
"Гуманизм жеңилүүгө түбөлүккө чыдайт, бирок эч качан жок болуп кетпейт",-деп түшүндүргөн. (AbA)














