"Мулан" тасмасы боюнча саясий чуу жана тасмага тартылган кыргыздар

Коронавирус пандемиясынын шартында кинотеатрларда бет ачаары болгон алгачкы көркөм тасмалардын бири "Мулан" болуп калды. 10-сентябрда чыга турган тасманын бюджети 200 миллион доллар деп айтылууда.

1998-жылы "Дисней" компаниясы "Муланды" мультфильм кылып тарткан. Бирок Кытай фольклоруна негизделген тасма экранга чыгардан мурун эле чуу жаратты. Биринчиден, 1998-жылкы мультфильм Кытайга карата стереотиптерди даңазалаган эле. Бул жолу дагы ошондой болобу деген суроолор жаралды.

"Дисней" Бээжиндин цензурасына баш ийип, көркөм тасманын айрым бөлүктөрүн өзгөрткөн жана кытайлык фольклоруна кыйла жакындаткан. Бул аркылуу "Дисней" кытайлыктарды киного кызыктырып, көбүрөк акча топтоону көздөп турат.

Ошол эле учурда тасмага байланыштуу саясий талкуулар дагы жаралды. "Мулан" тасмасында башкы ролду ойногон Лю Ифэй өткөн жылы Гонконгдогу демонстрация учурунда полицияны колдоп чыккан эле. Полиция демократияны жактаган демонстранттарга ашыкча күч колдонуп, сынга кабылган.

Кытайда төрөлүп, кийин АКШнын жарандыгын алган Лю Ифэйдин билдирүүсүнөн соң Гонконг, Тайван жана Таиландагы активисттер тасманы көрбөй, бойкот жарыялоого чакырууда.

Эми болсо "Дисней" Шинжаң аймагындагы тарбиялоо лагерлерине тиешеси бар делген өкмөт мекемесине ыраазылычык билдиргени үчүн сын-пикирге кабылды. Тасманын айрым бөлүктөрү Шинжаңда тартылган болчу. Бул иштерге көмөк көрсөткөнү үчүн тасманын аягында Шинжаңдагы өкмөткө тиешеси бар коопсуздук агенттигине ыраазычылык билдирилет. Бул агенттик бир миллионго чукул мусулмандарды сотсуз камакта кармаган тарбиялоо лагерлерине тиешеси бар экени айтылууда. "Дисней" азырынча бул тууралуу үн ката элек.

"Атка камчы чапканга болбойт": "Муландагы" кыргыз каскадерлор

Тасманы кыргызстандык кино сүйүүчүлөр да күтүп жатат. "Муланда" кыргыз каскадерлору дагы катышкан. Муну жаздан бери эле жергиликтүү басылмалар кабарлап келүүдө.

"Биз Жайдарбек Кунгужинов жетектеген казакстандык Nomad Stunts каскадерлор тобу менен барып калдык. Тасмага Кыргызстандан үчөөбүз барып каскадерлук кылганбыз. Топко бизди устатыбыз Адилет Акматов алып келген. Кыргызстандык каскадерлор топто мүчө болуп, көп жылдан бери иштешет экен. Алар буга чейин дагы белгилүү Голливуд тасмаларында каскадерлук кылышыптыр. Мен биринчи жолу мындай чоң Голливуд долбооруна катыштым. "Муландын" негизги тартымдары Жаңы Зеландияда өттү. Ошол жакта баш-аягы үч ай жүрдүк. Ортодо Кыргызстанга эки аптага келип, кайра барганбыз. Дубайдын ары Жаңы Зеландияга 17 сааттай учканыбыз эсте калды. Тасманын тартымдары жеке мага оорчулук деле жараткан жок. Негизинен ат үстүндөгү трюктарды аткардык. Ат мингенде биз камчынын көп колдонобуз го, ал жакта камчы урганга тыюу салынат экен. Биз барганда эле "атка камчы чапканга болбойт" деп катуу эскертишти. Ошон үчүн атты бут менен гана теминип, ошого араң көндүк. Камчы чаппагандан кийин атты кыйнаганга катуу тыюу салынган. Ошого ат жыгыткан жана башка татаал трюктар болгон жок. Жигитовка деп коет, ошондой эле жеңил трюктарды койдук",-дейт кыргызстандык каскадер 28 жаштагы Нургазы Бердали уулу.

"Буга чейинки сыртка чыгып тартылган тасмам бул казакстандык "Томирис" болду. Андан мурун Түркияга барып, бир сериалында каскадерлук кылгамын. Өткөн жылы Румынияга барып тартылып келдик",-деп айтып берди Нургазы.

Казакстандык Nomad Stunts каскадерлор тобунда жыйырмадай кыргызстандык бар. Аталган топ буга чейин дагы бир нече Голливуд тасмаларына тартылган эле.