You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кылым карыткан сүрөттөр: Сергей Прокудин Борбор Азияда
Мындан 155 жыл мурун түстүү сүрөттөрдүн пионери болгон орусиялык фотограф Сергей Прокудин-Горский туулган. Өз учурунда Прокудин-Горскийдин Орсия империясынын аймагын кыдырып сүрөт тартканы Николай II колдоосуна алынган.
Бул сүрөттөр 2002-жылы АКШнын китепкана конгресси кайра калыбына келтиргенден кийин гана дүйнөгө кеңири таанылган.
100 жыл мурун Самаркандда тартылган түстүү сүрөт.
Сүрөттөгү үстүнө боз чапан кийген Сергей Прокудин-Горский. Ал 1909-1912-жылдар аралыгындагы саякаты учурунда бир нече миң сүрөт тарткан.
Борбор Азияга саякаты учурунда Прокудин-Горский жүздөгөн сүрөттөрдү тарткан экен.
Борбор Азия соода түйүндөрүнүн бири болуп турган. Сүрөттөгү Хайдар Бек сыяктуу көп кишилердин соодасы жакшы жүргөн.
Бул сүрөттү карап туруп, кечинде тартылса керек деп ойлойсуң. Шишкебек бышырып жаткан ашпоз.
Бухарадагы жөөт балдар.
Сүрөтчү бир эле борбордук шаарлардын жашоосуна эмес, шаардын чет жакасында айылдарда жашаган кишилердин жашоо-турмушун да сүрөткө тартууга кызыккан экен.
1907-жылдын ызгардуу январы. Орус офицерлери күндүн тутулуусун көрүү үчүн чогулган учур.
Жай айындагы Прокудин-Горскийдин Сыр-Дарыяны бойлой саякатка чыккан. Жолдо бара жатканда орус кыштактарын аралай өткөн.
Прокудиндин дагы бир альбому Ооганстан менен чектешкен Хива хандыгынын аймагындагы малчылардын турмушуна арналган.
Айрым түркмөндөр большевиктер бийликке келгенден кийин Ооганстан жана Пакистанды көздөй көчүп кеткен.
1918-жылы Прокудин-Горский Орусиядан Францияга келген. Анын урпактары бул эмгектерин сактап калышкан. Азыр АКШдагы китепканада сакталып турат. (AbA)