You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Тайлардай булуттарды айдайсыңар": жайлоодогу балалык
22 жаштагы Азамат Маматаалы уулу тоо туризмин өнүктүрүүгө аракет кылып жүргөн жаштардын бири. Азаматтын "Жайлоодогу бейкапар балалык" деген сүрөттөр түрмөгүн сунуштайбыз.
Сүрөт Алайдын Мурдаш, Көлдүк жана Үч Дөбө айылдарындагы жайлоодо тартылган. Сүрөттөрдү Эл акыны Карбалас Бакировдун "Балдар" деген ыры коштойт.
Тайлардай булуттарды айдайсыңар,
Талаанын чагылганын кармайсыңар.
Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,
чымчыктай бирден конуп алгансыңар.
Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана,
Тайгада канаты бар кардайсыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар.
Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар
Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар.
Эстүүлөр тааныганды тангансыңар,
Өтүнөм, жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар!
Сүрөттөрдүн автордук укугу корголгон.