You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Абхазия президенти кызматтан кетет. Анын негизиги талаптары
Грузиядан бөлүнүп чыккан Абхазияда оппозиция президент Аслан Бжания менен макулдашууга жетишти. Бжания отставкага кетип, ордун вице-президент Бадра Гунбага өткөрүп бере турган болду. Оппозициянерлер президенттик администрацияны басып алып, ал Сухимиден өз айылы Тамышка кетүүгө аргасыз болгондо эле ушул вариантты өзү сунуш кылган эле.
Кечээ кечинде оппозиция өкүлдөрү сүйлөшүү өтүп жаткан Абхазиянын коргоо министрлигинин имаратына жөнөшкөн. Сүйлөшүүгө президент катышкан жок, бирок вице-президент жана башка саясатчылар келген. Түн ичинде оппозиция лидерлеринин бири Адгур Ардзинба Аслан Бжаниянын отставкага кете турганын жарыялаган.
Көп өтпөй бул маалыматты расмий “Апсныпресс” агенттиги тастыктап, бийлик менен оппозициянын өкүлдөрү кол койгон келишимди ачыктады.
Документке ылайык, Абхазиянын парламенти президенттин отставкага кетүү тууралуу арызын шейшемби күнү карайт.
Бирок бул чечим үчүн нааразычылык акциясына чыккандар өткөн аптада басып алган мамлекеттик имараттарды бошотушу керек.
Эгер алар имаратты бошотпосо, президент өз арызын кайтарып алары келишимде жазылган.
Оппозиция жана анын тарапташтары Орусия менен инвестициялык келишимди ратификациялоого каршы чыгып, 15-ноябрда алгач парламентти, андан кийин министрлер кабинетин жана президенттик администрацияны басып алышкан (Аталган документ тууралуу Би-би-си кененирээк айтып берген).
Адегенде күч органдары элди сүрүп чыгарууга аракет кылышкан, бирок көп өтпөй каршылыкты токтотушкан. Маалым болгондой, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери нааразы болгондор менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан малда президент Бжания администрациясыдан чыгып кеткен.
Оппозиция өкмөт үйүн басып алгандан кийин Бжаниянын эле эмес, вице-президент Гунбанын жана Абхазиянын саясатындагы ардагер, учурда премьер-министрлик кызматты ээлеп отурган Александр Анквабдын дагы отставкага кетүүсүн талап кылган.
Оппозициянын айтымында, бийлик Орусия менен инвестициялык келишимди сүрөп, жыйынтыгында, Грузиядан бөлүнүп чыккан республикада ошондон тарта менчикке ээлик кылууга киргизилген чектөөлөр Абхазиянын экономикасындагы негизги көйгөйлөрдүн бири экенине карабай, активдерди “олигархтар” сатып алмакчы болгон.
Өзүнүн туулуп-өскөн Тамыш айылына кеткенден кийин, Бжания оппозиция өкүлдөрүн мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды деп айыптады.
Ал күч органдарын гана эмес, башка мамлекеттик түзүмдөрдү да көзөмөлдөп жатканын билдирген.
Бирок, 16-ноябрда күтүүсүз эле кызматтан кетүүгө даяр экенин жарыялады.
Андан соң сүйлөшүүлөр башталды. Бжания бийликти вице-президентке өткөрүп берүүнү негизги шарты катары атады (мындай тартип Абхазиянын конституциясында каралган). Ошондой эле өзүнун дагы президенттик шайлоого катышыысун белгиледи.
Башында анын сунушу ультиматум сыяктуу сезилген. Анткени нааразычылык акциясына чыккандар вице-президент менен премьер-министрдин дагы кызматтан кетишин талап кылышкан.
Оппозиция лидерлери мындай кадамды шайлоодо административдик ресурстарды колдонууга жол бербөө катары түшүндүрүшкөн.
Бирок 17-ноябрда оппозиция бийликти вице-президентке өткөрүп берүүгө макул болгон.
“Бжания кызматтан кеткенден кийин президенттин милдетин аткаруучу катары Бадра Гунбаны дайындоону каалап жатканын айткан. Андай болсо, биз компромисс катары министрлер кабинетин таратып, премьер-министрликке биздин адамды алып келүүнү сунуштайбыз. Бул Бжаниянын командасынан бирөө шайлоого катыша турган болсо, административдик ресурстар колдонулбашы үчүн керек”, – деди оппозиция лидерлеринин бири Адгур Ардзинба.
Ошол эле учурда нааразычылыкка чыккандар өкмөт толугу менен отставкага кетиши керектигин жана премьер-министрдин кызматына оппозиция өкүлү дайындалышы зарыл экенин талап кылышкан.
Бирок президенттик шайлоого чейин министрлер өз ордунда кала турганы белгиленген.
Бул коргоо министрлигинде болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюлган келишимдин бир пунктунда каралган.
Келишимдин башка пункту боюнча, вице-президент Гунба премьер-министрликке Валерий Бганбаны дайындоосу керек. Валерий Бганба 2018–2020-жылдары Анквабга чейин өкмөттү жетектеп келген.
Келишимге вице-президент, парламенттин төрагасы Лаши Ашуба жана башка бир нече саясатчы, анын ичинде Ардзинба да кол койгон. Президент жана премьер-министр бул документке кол койгон эмес.
Бжания отставкага кетүүгө макул болгондон кийин, нааразы болгондор Сухуми шаарындагы өкмөт имаратын бошото башташты. Аларга Ардзинба кайрылып, мындай деди:
“Биз мыйзам талаасына кайтып келдик жана конституциянын чегинде иш кылабыз. Кезектеги саясий кризисти артта калтырдык деп эсептейли. Мындай окуялар эми биздин өлкөдө болбойт деп үмүттөнөм”,- деди ал.
Инвестициялык келишимге жана ага каршы чыккан активисттерди камоого байланыштуу нааразылык акциялары Абхазияла 11-ноябрдан башталган.
Ошондо эле чогулгандардын негизги лозунгу президенттин отставкасы болгон.
Алар үч көпүрөнү бөгөп, Сухумиге кире берген жолду тосуп алышкан. Күч органдары камалган активисттерди бошоткондо гана жол кыймылы жанданган. (VO)