"Жадатып да, жүдөтүп да бүттүңөр". Делегаттын сыны, президенттин кайрылуусу

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Төртүнчү элдик курултай өтүп жатат. Эки күндүк курултайга өлкөнүн жети дубанынан, Бишкек жана Ош шаарларынан, чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынан, Кыргызстан элинин ассамблеясынан шайланган 690 делегат катышууда. Курултайда президент кайрылуу жасап, бийликтин соңку жылдары жасаган иштери жөнүндө маалымат берип, шайланып келген делегаттардын пикирин угууда.

Негизи элдик курултайга 700 делегат шайланган, бирок иш-чарага 690у келген. Алардын ичинен 554ү эркек, 146сы аялдар.

Делегаттардын 450сү жогорку, 150 орто билимдүү жарандар.

Курултайга эң көп педагогдор катышып жатканы белгилүү болду. Жаш курагын алганда, 20-40тагы 125 киши, ошондой эле 80-90 жаштагы алты делегат бар.

Элдик курултайдын улуттук кеңешинин катчысы буга чейин Мыктыбек Абдылдаев болчу. Төртүнчү элдик курлтайдын катчылыгына Мамбеткелди Чекиров шайланды.

Курултайдын мааниси жөнүндө тасма көрсөтүлгөндөн кийин сөз президент Садыр Жапаровго берилди. Ал делегаттарга узагыраак сүйлөй турганын эскертип, жасалып жаткан иштер, келечектеги пландарга токтоло турганын айтып, чыдап угууга чакырды.

"Үч жылда ички дүң өнүм 9.8% түздү"

Садыр Жапаров акыркы төрт жылдыкта өлкө экономикасы болуп көрбөгөндөй ылдам темп менен өсүп жатканын, бул мамлекеттик башкаруунун натыйжалуугун арттыруунун жемиши болгонун билдирди. Президенттин билдиришинче, сонку үч жылда ички дүң өнүм 9.8% түздү. Быйыл да экономикалык активдүүлүк сакталды. 2025-жылдын 11 айында ички дүн өнүмдүн реалдуу өсүшү 10.2% жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү.

2024-жылы ички дүң өнүмдүн жан башына карата көлөмү 2513 АКШ долларына жеткен. Жумушсуздук 3,7% чейин төмөндөдү.

"Эгерде 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,7 млрд сом болсо, быйылкы көрсөткүч боюнча 1 триллион 93 млрд сомдун чегине жетти. Кыска тарыхый учур үчүн бул дээрлик төрт эселеген өсүш. Мындай динамикалык өсүш өлкөнүн каржылык негизинин бекемделип жатканын жана жүргүзүлгөн реформалардын тууралыгын көрсөтүүдө. Дүйнөдөгү белгилүү жана алдынкы рейтингдик агенттиктер тарабынан 2025-жылы Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтинги "Б+" деңгээлине көтөрүлдү, бул мамлекетибиздин эл аралык аброюн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жасалган чоң кадам болду. Бардык көрсөткүчтөр Кыргызстан экономикасынын туруктуу жана сапаттуу өсүү траекториясына өткөнүн билдирүүдө. Бүгүн бизде бекем каржылык база, ырааттуу динамика жана келечекке ишеним бар", -деди президент.

"Кумтөр" кенинен 678 миллион таза киреше түштү

Садыр Жапаров өлкөдө жүрүп жаткан ири курулуштарга эбегейсиз чыгым кетип жатканын, ал үчүн каражат каяктан келүүдө деген суроолор да көп экенин айтып, айрым тармактардан ири киреше түшүп, чыгашаларды жабууга мүмкүндүк түзүлгөнүн белгиледи.

Президенттин айтымында, өлкө "Кумтөр" кенинен быйылкы жылы 678 миллион доллар таза киреше тапты:

"2020-жылга чейин 1 миллион доллар да киреше бербеген "Кыргызалтын" быйылкы жылда 200 миллион долларлык киреше берди. Мурда жылда мамлекеттен 300 миллион сомго чейин дотация алып олтурган "Макмал" алтын кени тескерисинче быйыл 670 миллион сом таза кирешеге чыкты. "Кыргызалтындын" былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнү бир жылда 735 миллион сом таза киреше алды".

Президент 2021-жылга чейин дотацияда болгон "Кыргызстан аба жолдору", "Кыргыз темир жолу" сыяктуу көптөгөн тармактар да кирешеге иштей баштаганын билдирди.

"Жеке менчикке болгон укук сакталат"

Президент коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен катар эң оор жана кыйратуучу көйгөйлөрдүн бири мыйзамсыз менчиктештирүүлөр болгонун белгиледи. Ал азыркы бийлик ошол мүлктөрдү мамлекетке кайтарып, адилеттүүлүктү калыбына келтирип жатканын айтып, жеке менчик кол тийбестиги сактала турганына убада берди:

"100 миллираддаган сом активдер жана байлыктар мамлекетке кайтарылды. Бул мүлк элибиздин байлыгы, ошондуктан ал бир нече кызыл кулак адамдарга эмес, бүтүндөй элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек. Биздин бул аракеттерге сын айтып, бийликти элге жаман көрсөткүсү келгендер да бар. Алар "бул ишкерлерге же жеке менчик укугуна каршы келет, жеке менчик кол тийгис" деп элдин башын айландырыгысы келишет. Баса белгилеп айтып коеюн, жеке менчиктин кол тийгистигине мамлекет кепилдик берет. Мамлекет эч качан жарандардын мыйзамдуу, өз эмгеги менен тапкан мүлкүнө эч качан кол салбайт".

"Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйөт"

Президенттин дээрлик бир жарым саатка созулган сөзүндөгү эң жагымдуу жаңылык мугалимдер жана дарыгерлер үчүн болду көрүнөт. Садыр Жапаров агартуучулар менен ак халатчандардын маянасы жаздан тарта жүз пайызга көбөйө турганын шардана кылды:

"Мугалим менен дарыгерлерди урматтоо кубаттуу өлкөнүн өзөгү. Мугалим улуттун келечегин калыптандырса, дарыгер анын өмүрүн коргойт. Бирок бүгүнкү күндө аларга карата орой мамиле, ал тургай зомбулук көрүнүштөрү орун алып жатат. Бул маданиятсыздыктын жеткен чеги десек болот. Биз бул ыйык эки кесиптин ээлеринин баркын көтөрүп, кадырын кайтарып беришибиз керек. Мамлекеттик органдар, жарандык коом, ар бир үй-бүлө, баарыбыз мугалим менен дарыгерлердин абройун көткөрүүгө милдеттүүбүз. Анткени балдардын кат сабатын ачып, баарыбызды дарылагандарга сый-урмат болбосо, өнүккөн, маданияттуу өлкө боло албайбыз. Ошондуктан 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы 100% көтөрүлөрүн баса белгилеп кетейин. Кечээ жакында Министрлер кабинетинин төрагасы 50 пайызга көбөйөт деп айтты эле, биз кеңешип, өкмөттүн чама-чаркын кайра карап чыгып, эмгек акыга кошумча бир ставка 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация киргизүү менен эмгек акыларын 100% көтөрөлү деп чечтик".

Президенттин маалыматына караганда, учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом. Келе жаткан жылдын 1-апрелинен тартып, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомдун тегерегин түзөт.

"Аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетти"

Садыр Жапаров зордук-зомбулук маселесине да токтолду. Ал аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратканын билдирди.

"Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук катталган учурлар көбөйүүдө. Муну айтуунун өзү да оор. Бирок бул биздин коом үчүн жат көрүнүш. Анткени алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы. Өлкөнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасында аялдар жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы бир жолу айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоого каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек", - деди Садыр Жапаров.

Күн мурун Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемова туулган күнүндө күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен атып өлтүрүлгөн эле.

Президент сөзүнүн аягында делегаттарга кайрылып, маселенин ток этер жерин айтууга, бийликти мактабоого чакырды.

"Биз мактоого муктаж эмеспиз. Эгер мактасаңар баягы оппозиция менен НПОлорго дагы кудай берет. Мына, дужүрлөрдү чогултуп алыптыр, "антти-минтти" дешет. Андайга жол бербегиле. Ушул жерге көйгөйлөрдү айткыла деп жиберди. Дароо маселени айтсаңар, үлгүрөсүңөр. Бул жерде кемчилик болсо, ачык айтып сындагыла. Силерге эч ким тийише албайт. Мага маалымат жетип калды, бир аким делегат шайлоого киришкен экен, ошону билип калдым, териштирип жатабыз, жазалайбыз. Курултай көйгөйдү түз айта турган аянтча. Анан кичине абайлап сүйлөгүлө. Айрыкча барпылыктар".

"Биринде техника, биринде акыл жок"

Курултайга чыгып сөз сүйлөгөн делегаттар жер-жерлерде жол, оорукана, бала бакча, балдар аянтчаларын курууну сурашты. Кымбатчылык күч алганын, өзгөчө дары-даректердин баасы өсүп жатканын, көзөмөлдөө зарылдыгын билдиришти.

Делегат Раимберди Токтосунов трибунага чыгып, ыр ырдабай, декламация айтпай, атка минерлерге түз кайрылууну чечкенин билдирди. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынан Элдик курултай жөнүндө мыйзамды кайра кароого чакырып, министрликтер менен эл өкүлдөрүнүн ишин сынга алды:

"Анткени биринчи элдик курултайдан кийин курултай "колобок" боюнча калып калды, буту-колун кесип ташташты. Бул биздин келечегибиз. Бул элдик курултай. Ата-бабабыздан калган салт. Келечек бир эле эки доско керек эмес, жалпы элге да керек. Биздин арабызга да келесиңер, депутаттар, эсиңерде болсун. Экинчиси, кадр маселеси. Кадр маселеси өтө начар. Билим берүү, саламаттык сактоодо аксап жатабыз. Эртең менен бир дарыгер терапевт болсо, түштөн кийин кардиолог, кечинде хирург болуп иштеп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги, катыңарды алдым. Чечейбаев болсо эч нерсени чечкен жок. Абдыкадырыңар болсо такыр эле отуруп-отуруп алып кетти. Билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт, айыл чарба, маданият министрине, ажобузга кайрылып кетем, февраль-март айлыгын жеринен келип чечип берүүнү сурайм. Мен былтыр Адылбек Касымалиев мырзага жолукканда, ошол жерде сиз Кызыл Жылдыз айылына саламаттык сактоо министринин орун басарын жибергенсиз. Эч нерсе чечилген жок. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен менен мелиорация департаментинин ортосунда да маселе бар. Бул бизде эле эмес, Кыргызстан боюнча маселе болсо керек. Министрликтер маселени бири-бирине шылап коюшат, биринде техника жок, биринде акыл жок. Тендер боюнча, депутаттар, мыйзам кабыл алып жатасыңар, азабын эл тартып жатат. Мыйзамыңарды оңдогулачы. Келечекте өзүңөр арабызга келесиңер. Карапайым калкты жадатып да, жүдөтүп да бүттүңөр. Уялбай бүгүн 49уңар кайра шайланып келдиңер".

"Тергөө абагындагылар да адамча жашаганга укуктуу"

Ош шаарынан келген делегат Айсалкын Карабаева болсо бийликти тергөө абактарындагы кыйноого көңүл бурууга чакырды.

"Биздин өлкөдө адам укугу ачыктан ачык тебеленип жатканын жана бүгүнкү күндө мыйзамдардын тандалма болуп, кимдир бирөөгө иштеп, кимдир бирөөгө иштебей жатканын ачык айта алам. Бишкек шаарындагы СИЗО-1де (№21-тергөө абагы) жаткан шектүү жана айыпкер жарандарыбыздын жашоосу адам чыдагыс шартта. Ачык айтканда кыйноого дуушар болуп жатышат. Сотко бара турган күнү таңкы саат алтыда аларды тизип, ошол бойдон тамак бербестен, сотко алып келет. Сотко алып келгенде конвойдогу аскер кызматкерлери өзүбүздүн ички эрежелерибиз бар дешип, ооруган адамдарга бир кашык суу бербестен, зар какшатышат. Ооруган адамдар суу ичип, дары ичкенге мажбур. Бирок бул нерсе эч кимди кызыктырбайт. Мейли алар күнөөсү боюнча соттолсун, бирок Кыргызстандын толук кандуу жараны болгондуктан адамча жашаганга алар да укуктуу эмеспи. Аларга тамак киргизүү үчүн ата-энелери да таңкы саат алтындан тарта кезекте турушат. Күндүн ысыгында беш-алты саат кезекте туруп, алып келген тамактары ачып, ачыган тамактар тергөө абагына кирип жатты. Азыр күн суукта ата-энелери киргизген печкаларды алып ташташууда. Муну дагы кыйноо деп баалайм", - деди Айсалкын Карабаева.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн. Үчүнчү Элдик курултай 2024-жылы декабрда болгон.