Орусиянын тоңдурулган активдери. Европа көзүр картасын колдонгону калдыбы?

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Алексей Калмыков
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Би-Би-Синин жаңылыктарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.
Орусиянын Украинадагы согушунун төртүнчү жылы аяктап баратат. Евробиримдик Дональд Трамп менен Владимир Путиндин чоң европалык оюнунда өзүнүн кандай негизги көзүр картасын колдонорун чече турган чекке жетип калды. Ортодо Украинанын тагдыры жана Европанын түзүмү коркунучта турат. Ал эми Орусиянын тоңдурулган 210 миллиард евролук валюталык резерви – бул көзүр карта.
Бейшембиде Евробиримдиктин лидерлери камакка алынган активдерди Украинага гуманитардык жана аскердик жардамга багыттоого колдонууга даярбы же жокпу – мына ушуну чечиши керек. Трамп бийликке кайтып келгенден бери АКШнын каржылоосунан дээрлик ажырап калгандыктан Украина он миллиарддаган долларга муктаж болуп турат. Ал эми Орусиянын чабуулу келтирген зыяндын кесепети барган сайын оор болууда.
Бейшембиде кабыл алына турган (же кабыл алынбай турган) чечим Украина үчүн эле эмес, Европа үчүн да узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет.
Украина коргонуусун гана эмес, ошону менен бирге өлкөдөгү күнүмдүк жашоону да каржылоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрдө ансыз да чабал позициясын жоготот, себеби элдешүүнүн шарттарын Ак үй менен Кремль европалыктар менен украиналыктарды кошпостон сүйлөшүүдө.
Евробиримдик АКШнын колдоосу болбосо, Владимир Путин башында турган агрессивдүү Орусияга каршы турууга даярбы же жокпу – мына ушуну көрсөтө алат.
Европалыктар октябрдагы саммитте мунасага жетүүгө аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес. Германиянын канцлери Фридрих Мерц учурдагы мүмкүнчүлүк акыркысы экенин айтат.
"Эгерде муну ишке ашыра албасак, Евробиримдиктин таасири көп жылдар бою калыбына келбейт, - деди ал Евробиримдиктин маанилүү саммитине эки күн калганда. – Бул согушка күч көрсөтүү менен гана чекит коюуга болот".

Сүрөттүн булагы, AFP
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен да ушундай маанайда сүйлөп, Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн лидерлерине Украинаны мындан ары каржылоонун эки вариантын сунуш кылды – орусиялык активдерди пайдалануу менен же аларды пайдаланбастан.
"Биз эч качан украиналыктардын жан аябастыгына тең келе албайбыз, - деди ал. – Бирок биз аларга коргонууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн күч позициясынан жүргүзүү үчүн каражаттарды берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кремль күчтү гана түшүнөт".
Төмөндө Евробиримдик эң маанилүү чечимди кабыл алардын алдында Европадагы тоңдурулган орусиялык активдер тууралуу негизги суроолорго кыскача жооптор топтолду.
Евробиримдик эмне кылмакчы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эл аралык валюта фондунун эсеби боюнча, Украинага 2025-2026-жылдарга 135 миллиард евро керек. АКШ Трамптын тушунда каржылоону токтотуп койду, ал эми Европада ашык акча жок. Ошондуктан Еврокомиссия (иш жүзүндө ЕБ өкмөтү) биримдиктин өлкөлөрүнө эки вариантты сунуш кылды.
Биринчиси – бул акчаны баары карызга чогултуп, Украинага берет. Бул үчүн бардык 27 өлкөнүн бир добуштан чечими керек, бирок бул оңой болбойт. Кремлдин өнөктөшү жана Украинаны колдоого каршы чыгып жүргөн Венгрия макул болору күмөн. Салттуу түрдө карыздын көбөйүшүнө каршы чыккан түндүк Европанын бай өлкөлөрү да вето коюушу ыктымал.
Экинчи вариант – "репарациялык зайым". Схемасы жөнөкөй: Орусиянын Евробиримдиктеги бардык тоңдурулган активдери жалпы европалык эсепке которулат, андан соң Украинага нөлдүк пайыз менен насыя катары берилет. Орусия репарацияларды төлөп бергенде Украина кредитти кайтарып берет.
Экинчи вариантты бекитүү үчүн бир добуштан добуш берүү талап кылынбайт; көпчүлүктүн макул болгону жетиштүү. Ошондуктан бул Европа үчүн Украинанын алдыдагы 1-2 жыл ичинде Орусиянын агрессиясынын шарттарында жашоого жөндөмдүүлүгүн сактап калуунун жалгыз реалдуу жолу.
Европада ким колдойт жана эмне үчүн?
Евробиримдикке кирген дээрлик бардык өлкөлөр активдерди конфискациялоого каршы, бирок Украинага кредит берүү үчүн орусиялык активдерди күрөө катары пайдалануу чечимин колдошот. Мында Венгрия, Италия жана – эң негизгиси – Бельгия каршы чыгууда.

Сүрөттүн булагы, EPA
Украинанын тарапкерлери Орусия кол салгандыктан төлөөгө милдеттүү деп эсептешет. Репарациялар тоңдурулган суммадан ашып кетиши мүмкүн. Дүйнөлүк банк Украинаны калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого кеткен чыгым 500 миллиард доллардан ашат деп эсептеп чыкты.
Каршы чыккандар болсо, Кремль тоңдурулган акчаны сот аркылуу кайтарып алат деп кооптонушат жана Орусия Евробиримдикке эмес, Украинага кол салгандыктан бул үчүн юридикалык негиз бар болгонун айтышат.
Европалык лидерлер болсо, Кремль Украинага кол салгандан тышкары Евробиримдикке каршы гибриддик согуш жүргүзүп, Орусиядагы европалык бизнестин мүлкүн конфискациялап, Европада энергетикалык кризисти жаратты деп жооп кайтарууда.
Саммитти утурлай орусиялык активдерди иш жүзүндө мөөнөтсүз тоңдуруу боюнча кабыл алынган Евробиримдиктин резолюциясында: "Орусиянын Украинага каршы агрессиясы жана анын өзгөрүп жаткан шарттарда европалык жана эл аралык коопсуздук үчүн кесепеттери Евробиримдикке коркунуч жаратууда", - деп айтылат.
"Орусиянын аракеттери Евробиримдикке мүчө мамлекеттер үчүн олуттуу тикелей финансылык чыгымдарга алып келди. Украинага чыккынчылык менен кол салуу Евробиримдиктин экономикасын нес абалга алып келди", - деп айтылат документте.
Ал эми азыр Кремлге 210 миллиард еврону кайтарып берсек, андан да жаман болот.
"Бул акча Орусиянын гибриддик өнөктүгүн колдоого жумшалышы ыктымал, бул Евробиримдиктин экономикалык кыйынчылыктарын ого бетер курчутат", - деп айтылат документте.
Европада ким каршы жана эмне үчүн?
Негизги каршы тарап – Бельгия. Себеби Бельгиянын аймагында Euroclear депозитарийи жайгашкан, анда Евробиримдикте тоңдурулган 210 миллиард евронун 193 миллиард евросу жатат. Бельгиялыктар эгерде Орусия сот аркылуу компенсация алса, банкрот болуп калуудан кооптонуп, ушундан улам Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнүн жамааттык жоопкерчилигин талап кылышууда.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да буга абдан каршы чыгып жатат, бирок анын себеби башка. Орбан көптөн бери эле Путинди колдоп, Евробиримдик менен ачык тирешип жүргөндүктөн, бул жолу да өз турумунан кайткан жок. Орбандын айтымында, тоңдурулган активдерди колдонуу Евробиримдиктин укуктук негизин бузат жана Орусияга экономикалык согуш жарыялоо менен барабар, ошондуктан Орусия жооп кайтара алат. "Буга кошумча, Украинадагы согуш узакка созулуп кетет, ошондуктан Киевди тынчтыкка мажбурлоого убакыт келди", - дейт Орбан.

Сүрөттүн булагы, EPA
Чехияда жаңыдан бийликке кайткан дагы бир евросынчы, миллиардер Андрей Бабиш да анын өлкөсү Украинага эч кандай кредитти кепилдебей турганын айтты.
Бирок Венгрия менен Чехия салыштырмалуу чакан өлкөлөр жана алардын каршылыгы жалпысынан Евробиримдикке көпчүлүк добуш менен чечимди бекитүүгө тоскоол боло албайт. Маселе башка өлкөлөрдө болуп жатат.
Бельгиянын пикирин эсепке албай коюу туура эмес болот, анын үстүнө бул Евробиримдиктин табиятына да карама-каршы келет. Макул болбогондордун катарына күтүлбөгөн жерден Италия да кошулду. Бул өлкөнүн бийлиги Украинаны колдой турганын ачык айтып чыкканына карабастан, көптөн бери эле Орусия менен жакындашууга умтулуп келүүдө.
АКШ кайсы тарапта?
Жо Байдендин тушунда АКШ Европада тоңдурулган акчаны Украинаны колдоого багыттоонун демилгечиси болгон, ал тургай 50 миллиард долларга биринчи насыяны алып берүүгө да жетишкен. Трамптын тушунда баары тескерисинче болду.
Эми Батыш коалициясындагы мындай тиреш Евробиримдиктин ишин татаалдаштырып жатат.
"Албетте, Оруиянын акчасынын эң көбү Euroclear депозитарийинде жатат, ошондуктан акыркы сунуштар алардан күтүлөт", - дейт АКШнын Финансы министрлигинин мурдагы кеңешчиси Брэд Сетсер.
Эмнелер кайсы жерде тоңдурулган?
260 миллиард евро – бул 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыштын алдыңкы жети державасы таап, тоңдура алган акча.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Орусиянын камакка алынган валюталык резервинин басымдуу бөлүгү – 210 миллиард евро – Евробиримдикте кармалууда. Алардын көбү Бельгияда; Францияда дагы 20 миллиард еврого жакын, Люксембургда болжол менен 10 миллиард евро жатат.
Британияда 25 миллиард фунт стерлинг, Жапонияда 25-30 миллиард евро, Швейцарияда 8 миллиард франк тоңдурулган.
Баарынан аз АКШда, ал жактан Орусия Украинага согуш ачардын алдында акчаны чыгарып кетип, Европа акчага тийбейт деп үмүт кылган. АКШнын казынасында 5 миллиард доллар гана орусиялык активдер бар.
Украина канча акча алат?
Орусиялык активдерди күрөөгө коюу схемасы колдоо тапса, Евробиримдик Украинага эки жылдын ичинде 90 миллиарддай акча которууну пландоодо. Калганын, Евробиримдиктин планы боюнча, Батыштын башка өлкөлөрү бериши керек.
Эки эсе көп акча күрөөгө коюлат деп пландалып жатса, эмне үчүн мынчалык аз бөлүнөт? Себеби, акчанын бир бөлүгү буга чейин алынган насыяны төлөөгө жумшалат. Орусиянын активдери Украинаны каржылоо үчүн биринчи жолу колдонулуп жаткан жок.
Тоңдурулган орусиялык активдер эмитен эле Украинаны каржылоодо. Кантип?
Трамптын бийликке кайтып келиши Украина үчүн кандай аяктаарын болжолдогон Байдендин администрациясы Ак үйдү өткөрүп берердин алдында 50 миллиард долларга аванс схемасын чукулунан бекиткен.
Негизинен Euroclear'де кармалган Орусиянын эсептериндеги калдыктарга келечектеги пайыздарды күрөөгө коюу менен акчаны АКШ, Улуу Британия, Жапония жана Канада бөлүп берген. Негизги сумманы – 40 миллиард доллардан ашык акчаны АКШ менен Евробиримдик дээрлик тең бөлүп берген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Пайыздарды колдонууга бир факт жол ачты: Орусия Украинага бастырып кирген маалда Орусиянын Борбордук банкы Euroclear'де сактаган дээрлик бардык облигациялардын төлөө мөөнөтү өтүп кеткен жана аларды сактоо шарттарына ылайык, аларга чегерилип жаткан пайыздар Орусияга эмес, Euroclear'ге таандык болуп калган. Ал болсо, бул акчаны Европанын Борбордук банкына депозитке салып, киреше болсо 25% салыкты алып салгандан кийин Бельгиянын казынасына түшүп жатат.
Бул пайыздык киреше жана ага алынган насыя Украинаны Европада тоңдурулган орусиялык активдердин эсебинен каржылоонун жалгыз жолу болуп келген.
2024-жылдан бери Евробиримдик Euroclear'деги салыктан кийинки кирешесин алып, аны Украинаны колдоого багыттап турган. Өткөн жылы Киев ушундай жол менен 5 миллиард евро алган. Быйыл бул сумма Европанын Борбордук банкынын депозиттик чени төмөндөгөндүктөн болжол менен төрттөн бирине азаят.
Кремль кандай жооп кайтарат деп күтүлүүдө?
Путин европалыктардын пландарын "башкалардын мүлкүн уурдоо" катары баалап, жооп чаралар даярдалып жатканын айткан.
Ушундан кийин Орусиянын Борбордук банкы бельгиялык депозитарийге каршы Орусиянын сотуна доо арыз менен кайрылган. Башка юрисдикцияларда азырынча эч кандай арыздар каттала элек.
Уурулукпу же жокпу?
Тоңдуруу – бул конфискация эмес. Кредит үчүн күрөө катары активдерди колдонуу да конфискация болуп саналбайт. Бирок пландалган насыянын шарты Орусиянын резервдерин Украинанын пайдасына конфискациялоо менен чектелет, себеби ал согуш аяктагандан кийин орусиялык репарациялардын эсебинен кайтарып берет деп болжолдойт.
"Бул активдерге ээлик кылуу укугуна ушул Регламентте каралган чаралар таасир этпейт, - деп айтылат Евробиримдиктин документинде. – Орусиянын Борбордук банкынын активдерин жана резервдерин которууга тыюу салуу убактылуу, кайра кайтарылуучу чара жана мезгил-мезгили менен каралып турууга тийиш".
Ээлик кылуу укугу 2026-жылдын аягынан тарта жыл сайын каралып турмакчы. Евробиримдик бул кароонун жыйынтыгы боюнча акчаны камактан чыгарышы үчүн "Украинага каршы агрессиясын улантуу үчүн Орусияга олуттуу ресурстарды берүү Евробиримдик үчүн олуттуу экономикалык кыйынчылыктарды жаратпай турганын" далилдеши керек. (ZMa)















