№26 округдагы чыр: Жогорку сот Абакировдун арызын четке какты, талапкер Башкы прокуратурага, УКМКга кайрыларын айтты

Сүрөттүн булагы, Courtesy
17-декабрда Жогорку сот №26 Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Элдар Абакировдун кассациялык арызын карады. Соттук коллегия Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) корутундусун кайра кароодон баш тартты.
Элдар Абакиров БШК талапкер Медербек Саккараевдин пайдасына иштеген тараптардын шайлоочуларды сатып алуу фактыларына укуктук баа берген эмес деп, сотко кайрылган. Абакировдун айтымында, Ички иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматтарда добуш сатып алуу фактылары ачык жазылган.
"ИИМдин 3-декабрдагы катында бүт фактылар, анын ичинде Нурлан Шаршеналиевдин үч жолу добуш сатып алуусу жана анын Саккараевге чалганы жазылган. Бул талапкерди жоопко тартууга жетиштүү болчу. Бирок сот «талапкердин кабары жок болсо, ал күнөөлүү эмес» деген позицияны карманды. Бул жерде кеп 5-10 миң сом эмес, 1 миллион 184 миң сом жөнүндө болуп жатат", — деп билдирди Абакиров.
Ал бул окуяны өлкөнүн шайлоо системасындагы "чоң кара так" катары баалады.
Элдар Абакиров өзүнө добуш берген 7 миңден ашуун жарандын укугун коргоо үчүн мыйзамдуу аракетин улантарын айтып, Башкы прокуратурага, УКМКга кайрыларын билдирди.
№26 шайлоо округунан талапкер Элдар Абакиров шайлоо күнү Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, акчанын чоо-жайын териштирүүнү талап кылган. Ал болжолдуу добуш сатып алуу аракети деп мүнөздөлгөн бул окуя боюнча күнөөлүү тарап так аныкталбаса, №26 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырган.
Ички иштер миниистрлиги акча тараткан адам бул округдан шайлоого аттанган талапкер Медербек Саккараевдин таанышы экенин ырастаган. БШК акча таратууга Саккараевдин тиешеси жок деген бүтүмгө келген жана ага мандат берүүнү чечкен.
Саккараев 17-декабрда алгачкы сессияда Жогорку Кеңештин депутаты катары мандатын алды. Ал Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, айыптоолорду четке какты.
"Үгүт иштери мыйзам чегинде, таза өттү. Агитаторлор өз ишин кылышты. Сиздер түшүнүшүңүз керек, азыр соттук процесстер жүрүп жатат. Суроолорду сот бүткөндөн кийин берсеңиздер туура болот. Сот баарын аныктап, чекит коюшу керек. Укук коргоо органдары материалдарды өткөрүп берди, эми сот 'тигил же бул' деп чечим чыгарат. Эгер сот Абакировдун пайдасына чечим чыгарса, мен кетем. Бул — эркекче сөз. Сот чечсе, демек ошондой болот. Бирок мен азыркы жеңишим менен куттуктап койсоңор болот эле деп ойлойм."
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде сүйлөп жатып, шайлоодогу мыйзам бузууларга токтолду.
Мамлекет башчы шайлоодон кийин келип түшкөн видеоматериалдарды көргөнүн айтып, добуш сатып алуу фактылары дагы деле сакталып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Мен эл аралык байкоочуларды шайлоонун эртеси эртең менен эле кабыл алган элем да. Ошондуктан, видео- материалдарды көрүүгө убактым жете элек эле. Кечинде үйгө келгенимде, мага келген маалыматтарды карап олтуруп, добушун сатып аткандар менен сатып алып жаткандарды көрүп, төбө чачым тик турду. Мына ушундан улам, бизге интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте экенине ынандым. Качан гана талапкерлерибиз, саясатчыларыбыз, ошондой эле добушун саткан жарандарыбыздын көзү ачылып, оңолгондо гана андай ыкманы киргизсек болчудай. Ал эми азыркы Шайлоо кодексиндеги кемчиликтерге тиешелүү түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш алып бара берели", - деди Садыр Жапаров.
Президент парламенттик шайлоонун эртеси, 1-декабрда эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушканда келерки парламенттик шайлоодо жарандар интернет аркылуу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү ниети бар экенин билдирген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча жалпы 274 арыз катталып, анын ичинен 76 учурга карата айып пул салуу чечими кабыл алынган.









