"Атасы жүк түшүргөнү кеткен". Кара-Сууда үч наристе иске ууланып чарчап калды, энеси ооруканага түштү

Сүрөттүн булагы, s-cphoto
- Author, Алмира Абидинова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
- Би-Би-Синин жаңылыктарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Талдык айылында үч наристе иске ууланып чарчап калды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Ош облустук милициясынан билдиришти. Балдардын энеси ооруканада жатат.
Маалыматка ылайык, окуя 10-декабрь күнү болгон. Чарчап калган балдардын эң кичүүсү бир жашта болсо, ортончусу үч, ал эми андан чоңу алты жашта болгон. 27 жаштагы балдардын энеси жана сегиз жаштагы улуу кызы аман калган.
Би-Би-Си Талдык айылынын башчысы менен байланышып, окуя тууралуу маалымат алды. Жакыпбек Кадырбаев бул окуядан соң бүт айыл кайгыга батып отурганын айтты. Анын уулу чарчап калган балдардын атасы менен дос болгон. Окуя тууралуу Жакыпбек Кадырбаев уулунан угуп, дароо жетип барганын айтты.
"Кар оор жааган. Мен окуяны угуп эле жөн тура албай, айыл башчы катары бардым. Барсам, үйдүн оозун ачып, балдардын сөөгүн сыртка алып чыгып коюшуптур. Үчөө ошол жерде эле чарчап калган болчу. Денелери муздап калган экен. Алардын апасы жана сегиз жаштагы кызы эсин жоготуп койгон экен. Эми шаарга алып жөнөйлү десем милиция кызматкерлеринин машинасы көрүнүп калды. Анан ошолорго салып бергенбиз. Каза болгон балдарды жана эс-учун жоготкон келин менен улуу кызын Ошко алып кетишти. Мен тиешелүү кызматтарга маалымат бере баштадым", - деди Кадырбаев.
Балдарынын каза болгонун уга элек
Ош облустук ооруканасынын дарыгери Элмира Кудайбердиева азыр келиндин абалы жакшырып баратканын айтууда.
"Бизге 10-декабрь кечинде оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Абалы бир аз түзүк. Өзүнө келип кичине тамак ичип калды. Бирок азырынча баса элек. Бастыра элекпиз. Булчуңдары алсыз азырынча. Анан балдарынын каза болгонун уга элек. Ал жөнүндө эч нерсе айттырбай жатабыз. Дарыгерлер деле карап, абалын сурап эле ашыкча сүйлөбөй чыгып кетип жатышат. Жанында жаткан бейтаптарга да окуя боюнча эч нерсе айткан эмеспиз. Мээрман айымдарга да дайындап койгонбуз", - деди Кудайбердиева.
Оштогу облустар аралык балдар ооруканасынын директору Жыргалбек Толоровдун айтымында, аман калган сегиз жаштагы кыз ооруканага 10-декабрь түшкөн. Беш күн дарыланып, абалы жакшырган соң үйүнө чыгарылган.
"Үйүнүн курулушун быйыл бүтүрүп, жаңы эле көчүп киришкен экен. Балдардын атасы Кытайга каттайт болчу. Ошол күнү "HOWO" автомашинасын минип Өзбекстанга жүк түшүргөнү кеткен экен. Ал бала күндүз кечке аялына телефон чалат. Аялы такыр телефон албагандыктан жанындагы коңшусуна чалыптыр: "Кабар алып коюңузчу, аялым телефонун албай жатат", - деп. Коңшусу барса, үйдүн эшиги жабык болот. Терезеден караса, баары сулайып жаткан болот. Анан коңшуларды чогултуп, терезени бузуп киришсе, баары эсин жоготуп жаткан экен. Ошол күнү кар жаап, бороон болуп жаткан, ошого эшикке да чыгышпаптыр", - дейт айыл башчы Жакыпбек Кадырбаев.
Кадырбаевдин айтымында, 9-декабрь келиндин кайнатасы келип мешти оңдоп берип кеткен:
"Акыркы жолу келин ошол күнү түнкү саат ондор чамасында кайнатасы менен сүйлөшүптүр. "От жагып жатабыз, үй ысып калды. Ата кыжаалат болбоңуз", - деп айткан экен".
Аталган факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Октябрь айында Ош шаарындагы турак үйдө өрт чыгып, алты адамдын өмүрүн алып кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр келген маалда 34 жаштагы келиндин жана анын беш баласынын сөөгү таанылгыс абалда табылган.

Сүрөттүн булагы, Almira Abidinova
Кычыраган кыштагы истин коркунучу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар да көбүрөөк катталат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иске уулануунун алдын алуу чараларын дайыма эскертип келет. Алар тараткан маалыматка ылайык, уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок болот. Иске уулануу өтө кооптуу. Уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт. Уулануунун негизги себеби – мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, эшигинин жакшы жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши, ал тургай мештеги жаракалар да кайгылуу окуяга кептейт.
Адам организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жараша уулануунун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат.
Уулануунун белгилери – баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу. Андан да кооптуусу – өлүм менен коштолуу.
Ууланган адамга биринчи жардам көрсөтүү:
- аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү беткапты колдонуу;
- бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;
- жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу;
- анын акы-эси жайында болсо, таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылуу;
- жабырлануучу эс-учун жоготсо, "тез жардам" келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.












