Абу-Дабиде Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда

Сүрөттүн булагы, NurPhoto/Bloomberg/Anadolu/Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Бириккен Араб Эмираттарынын борборунда Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү башталды. Бул тууралуу украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров телеграм-каналына жазды.
Соңку маалыматтарга ылайык, Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн алкагында 314 туткунду айырбаштоо тууралуу макулдашылды.
"АКШ, Украина жана Орусиянын делегациялары туткундагы 314 адамды айырбаштоо тууралуу макулдашышты. Бул соңку беш жылдагы биринчи ушундай алмашуу болуп жатат", - деп жазды X платформасына АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф.
Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча жакында туткундар айырбашталары тууралуу биринчилерден болуп жар салган эле.
Расмий Москва украин тарап менен теңме-тең 157ден туткун алмашканын айтууда. ТАСС Орусиянын Короонуу министрлигине таянып бул тууралуу жазып чыкты.
Буга чейин Reuters жана Axios өздүк булактарына таянып, Абу-Дабиде Орусия, Украина жана АКШнын катышуусундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнүн жыйынтыктарын чыгарышкан. Сүйлөшүүлөр төрт сааттан узагыраак убакытка созулганы айтылган. Анын алдында Орусия Украинанын энергетика объектилерине массалык соккуларын кайрадан жандантып, кычыраган суукта турак жайлар жылуулуксуз калышты. Шейшембинин кечинде Орусиянын Белгород шаары да ракеталык соккудан кийин караңгыга чулганды.
"Абу-Дабиде сүйлөшүүлөрдүн кезектеги этабы башталды. Сүйлөшүү процесси үч тараптуу форматта - Украина, АКШ жана Орусия катышуусунда старт алды. Андан кийин ар кайсы багыттар боюнча өзүнчө топтор иштейт, соңунда позицияларды кайрадан биргелешип, шайкештештирүү пландалууда", - деген украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров.
Кремль Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу билдирүү жасабай турганын президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди: "Азырынча билдирүүлөрдү күтүүнүн кереги жок. Бизде билдирүү жасоо планы жок".
Axios агенттигинин журналисти Барак Равид жеке булагына таянып, делегациялар бейшемби күнү эртең менен кайрадан жолугушканы жатканын билдирди.
Бириккен Араб Эмираттанынын борборунда үч тараптуу форматтагы сүйлөшүүлөр экинчи ирет өтүп жатат. Биринчи раунд 23–24-январда өткөн эле.
Башында экинчи раунд 1-февралга пландалган, бирок кийинге жылдырылган.

Сүрөттүн булагы, mofa.gov.ae
Зеленский жолугушуу жылдырылышы мүмкүн экенин жума күнү, 30-январда эле айткан. Дүйшөмбү күнү Кремль жолугушчу күндөрдүн жаңы даталары боюнча маалыматты ырастап, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул "үч тараптын графиктерин кошумча шайкештештирүү зарылдыгынан" улам болгонун айткан.
Дем алыш күндөрү орус президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Майамиде АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф, каржы министри Скотт Бессент, Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана Ак үйдүн улук кеңешчиси Жош Грюнбаум менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Энергетикага тармагына сокку урууга чектөө
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өткөн жумада Трамп Путин анын өтүнүчү менен Киевге жана Украинанын энергетика объектилерине убактылуу сокку урууну токтотууга макул болгонун айтып чыккан.
Январь айындагы орустардын жапырт соккуларынан улам Киевдеги миңдеген көп кабаттуу турак үйлөр жылуулуксуз калган. Энергетикалык инфраструктуранын талкаланышы кыштын кыраан чилдесине туура келди.
Трамп 29-январда Путин бир аптага чейин Киевге жана анын энергетикалык объектилерине сокку урбоого макул болгонун жар салган. Бирок Кремль мораторий 1-февралга чейин гана күчүндө болорун билдирген, ал датага сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундунун башталышы пландалган эле.
New York Times басылмасы Украинадагы өздүк булагына таянып, Киев энергетикага сокку урууну токтотууну орус тараптан биринчи жолугушууда эле суранганын жазып чыкты. Булак орус тарап ага макул болгонун, бирок макулдашуу кагаз жүзүндө бекитилбегенин айтып берген.
Макулдашуу дароо күчүнө кирген эмес. Шейшемби күнү Орусия Одессага жана Харьков облусундагы жүргүнчү ташыган поездге дрондор жана ракеталар менен сокку уруп, беш адам каза тапты. New York Times басылмасынын булагы билдиргендей, орус делегациясынын өкүлдөрү бул үчүн "жеке тартипте кечирим сурап, ал кезде орус аскерлеринин бардык бөлүктөрү ок атууну токтотуу тууралуу буйрук ала электигин" жүйө кылышкан.
3-февралга караган түнү орус аскерлери Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кайрадан жапырт соккуларын баштап, Киев, Харьков, Днепр, Винница, Одесса жана башка дагы шаарларга чабуул койду. Жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, ал соккулардын натыйжасында Харьковдо 100 миңден ашуун адам, ал эми Киевде 1 миңден ашуун турак үй жылуулуксуз калды.
Жаңы массалык чабуулдардан кийин Зеленский Украинанын сүйлөшүү тобу өз ишин "буга карата кайрадан карап чыгарын" билдирген.

Сүрөттүн булагы, Andriy Zhyhaylo/Oboz.ua/Global Images Ukraine via Getty Images
Шейшемби күнү кечинде Трамп Путин "сөзүнө турганын", энергетикага чабуулдар 1-февралга чейин болбогонун билдирди. Ага чейин Зеленский АКШ тараптан реакция талап кылып: "Биз Орусиянын соккуларына АКШнын реакциясын күтөбүз. Бул - дипломатия учурунда жана сук маалда энергетикага сокку урууну токтотуу тууралуу так Американын сунушу болчу", - деген.
Шейшемби күнү кечинде Белгород шаары жана облусу ракеталык соккуга кабылып, облустун борборунда электр энергиясы жапырт өчтү. ЖМКлар ал соккулардан улам электр подстанциялары жабыркаганын жазып чыгышты.
Шаршемби күнү, Абу-Дабиде сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду башталган учурда, Донецк облусунун Краматорск районуна караштуу Дружковка шаары аткылоого кабылды.
Облустук аскердик администрациянын башчысы Вадим Филашкин жети киши каза болуп, 15и жарадар болгонун билдирди. Анын айтымында, шаарга кассеталык снаряддар менен аткылоо жүрүп, снаряддар "таң эрте эл көп чогулган базарга келип, түз тийген".
Орус аскерлери бул чабуул тууралуу комментарий беришпеди.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду кандай өттү эле?
Орусия, Украина жана АКШ катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду Абу-Дабиде 23–24-январда өткөн.
Орус делегациясын ГРУнун башчысы Игорь Костюков, украин делегациясын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Умеров жетектеген. АКШ тараптан Стив Уиткофф, Жаред Кушнер жана кургактагы аскердик күчтөрдүн министри Дэн Дрисколл катышкан.
Биринчи раунд өтө жабык форматта өткөн, Абу-Дабидеги сүйлөшүү өткөн жай тууралуу да ачык айтылган эмес. Жолугушуудан кийин расмий билдирүүлөр болгон эмес.
Axios басылмасына аты аталбаган америкалык расмийлер, эки күндүк андагы сүйлөшүүлөрдө "баары талкууга алынганын" жана "эки тарап тең талкуудан баш тартпаганын" айтып беришкен.
Басылма маектешкен ал расмийлердин бири, экинчи күндүн аягында үч команда бирге түшкү тамакка отурганда, "баары дээрлик достордой көрүнгөн бир учур болгонун" айтып берген.
Ошондой эле булактар Абу-Дабидеги жолугушуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабына өтүү үчүн өтө маанилүү кадам болгонун айтып беришкен. Ал эми басылманын дагы бир маектеши "Биз Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна абдан жакындап каллык" деп билдирген.
Бирок Кремль мындай оптимисттик көз карашты колдогон жок. Песков 26-январда "биринчи эле жолугушуулардан жогорку натыйжа күтүү ката болорун" айткан.

Сүрөттүн булагы, UAE Presidential Court/HANDOUT HANDOUT/EPA/Shutterstock
27-январда Financial Times сегиз булакка таянып, Трамптын администрациясы Киев үчүн коопсуздук кепилдиктери Донбасстан баш тартууну камтыган тынчтык келишимине макул болууга байланыштуу экенин "кыйытканын" жазган.
Басылма маектешкен адамдардын айтымында, Вашингтон Украин армиясына согуш эмес маалда ири өлчөмдө курал-жарак берүүнү убада кылууга даяр. Бирок бул тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин гана мүмкүн. Financial Times менен сүйлөшкөн украиналык жана европалык чиновниктер бул тактиканы Москва менен компромисске баруу үчүн Киевге "басым көрсөтүү" катары баалашкан.
Зеленский ушул айда эле АКШ менен коопсуздук кепилдиктери жана согуштан кийинки "өнүгүү планы" боюнча документтерге кол коюуну үмүт кылып жаткан деп жазат аталган басылма. Украин лидери коопсуздук кепилдиктери тууралуу документ "100% даяр" экенин жана расмий Киев жакында Вашингтон документтерге качан жана кайсы жерде кол коюларын белгилейт деп күтүп жатканын айткан.
Ак үй бул материалга комментарий берип жатып: "Financial Times тынчтык процессине зыян келтирүү үчүн анонимдүү түрдө жалган маалымат таратууга мүмкүнчүлүк берип жатканы өкүнүчтүү" деген.
29-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Донбасстагы аймактык маселелер АКШнын ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө негизги чечилбеген маселе бойдон калып жатканын айткан. Бирок Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков бул пикирге кошулбайт: "Аймактык маселе - эң башкы маселе, бирок күн тартибинде мындан да башка да көп суроолор бар".





























