You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Айына 1000 еврого чейин стипендия. Чет өлкөдө кантип бекер окуса болот?
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Си, Бишкек
Чет өлкөдө окуу ким бирөө үчүн дүйнөлүк дипломго ээ болуп, сапаттуу билим алуунун ачкычы. Дагы бирөөлөргө дүйнө таанымды кеңейтип, жаңы тил, маданият, эл менен таанышуунун жолу. Бирок чет жакта окуунун чыгымдары ойлондурбай койбойт. Ага чач кирпик жетпейт дегендер дагы бар. Бул жагын талдап көрдүңүз беле?
Би-Би-Си чыгымы жок же болушунча үнөмдүү каражат сарптала турган окуу программаларына кантип тапшырса болоруна кызыкты. Кандай даярдык керек, эң белгилүү кайсы программалар бар, мына ушуларды айтып берет.
Чет өлкөдө бекер окууга мүмкүн. Ал үчүн бир нече жол бар:
· барган өлкөнүн өзүнүн тилинде билим алуу;
· университеттен же фонддун өзүнөн стипендия алуу;
· өнөктөштүк программасы боюнча окуу - кош диплом алуу;
· билим алуу үчүн грант алуу.
Эми бул мүмкүнчүлүктөрдүн ар бирин кененирээк карап көрөлү.
Чет өлкөдө бекер окууга ким мүмкүнчүлүк ала алат?
Таланттуу, креативдүү жана максаты бар абитуриенттер чет өлкөдө бекер окууга тапшыра алышат. Мындай абитуриенттерге стипендия сунушталат, алар жазуу түрүндө гранттарга катыша алышат же окуу жайдын эсебинен бекер окушат.
Кандай учурларда чет өлкөдө бекер окуу мүмкүнчүлүгүн алууга болот:
- эл аралык же улуттук олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды алса;
- окумуштуулар же мугалимдер менен ийгиликтүү изилдөө жүргүзсө;
- илимий чөйрөдө олуттуу жетишкендиктери болсо;
- мектепти же жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүрсө.
Эгерде талапкердин тастыкталган кесиптик жетишкендиктери бар болсо, бул ага чет өлкөлүк университетте бюджеттик негизде окууга жардам берет.
Акысыз билим алуу мүмкүн. Бирок барган өлкөнүн тилин билүү керек...
Көптөгөн өлкөлөрдүн университеттеринде бекер билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул мамлекеттерге Германия, Австрия, Франция, Норвегия, Чехия, Словакия, ошондой эле Италия жана Греция жана башкалар кирет.
Кээ бир өлкөлөрдө, сиз тапшырган өлкөнүн тилинде окуганда гана акысыз билим алууга болот. Мисалы, Чехиянын университеттеринде бекер окуш үчүн чех тилинде билим алууңуз шарт.
Бирок Норвегиядагы университеттерде жергиликтүү тилде да, англис тилде да бекер билим алууга болот.
Франция менен Германияда мамлекеттик университетте окуган студент 100 евродон 500 еврого чейин жылдык төлөмдү гана төлөшү керек.
Кабыл алууда бекер билим алуу үчүн сиз тапшырууну пландап жаткан өлкөнүн тилин билүү үчүн атайын тесттен өтүшүңүз керек. Польшадагы университеттерде сиз конкурстук негизде кире аласыз жана поляк тектүү чет элдиктер үчүн стипендия берилет.
Бекер окуу сунуштаган өлкөлөрдүн бири Греция. Бул өлкөнүн университеттеринде чет элдиктер үчүн билим алуу бекер. Андан тышкары, чет элдиктер үчүн жатакана, тамак-аш жана окуу китептери бекер берилет. Ал жакка өз өлкөңүздө орто билим алгандан кийин тапшырсаңыз болот. Сиз университетке бирдиктүү мамлекеттик экзаменсиз, сертификаттын баллы боюнча өтүүчү сынактын негизинде кире аласыз. Ал эми грек тилин университетке тапшыргандан кийин атайын курстарда үйрөнүүгө болот.
Акысыз билимди Словакияда да сунуштайт. Ал жакта окуу словак тилинде жүргүзүлөт. Университетти аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр дээрлик бардык өлкөлөрдө иштей турган европалык диплом алышат. Бул өлкөдө бекер окуу үчүн словак тилин билүү керек. Эгерде окуучунун окуудагы көрсөткүчтөрү жакшы болсо, анда стипендияга тапшырса болот.
Стипендиялар кимдерге берилет?
Стипендиялар окууну аяктаганда же окуу маалында жетишкендиктери үчүн берилиши мүмкүн. Стипендия окуудагы ийгилиги, илимий иши, жигердүү волонтердук иши жана башка жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.
Стипендия бакалавр жана аспиранттарга гана эмес, докторанттарга да берилет. Жалпысынан алганда, бакалаврдагылар жарым-жартылай каржылоого гана ээ болушат, ал эми докторанттар көбүнчө акысыз окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Университеттердин стипендиясы
Көптөгөн чет элдик университеттерде активдүү жана таланттуу жаштарды каржылоо программалары бар. Негизинен университеттин стипендиясы окуунун наркынын бир бөлүгүн камтыйт. Бирок окууга эле эмес, жатаканада жашаган студенттерге кеткен чыгымдарды да жабат.
Мамлекеттик стипендиялар
Австралияда, АКШда, Улуу Британияда жана башка бир катар өлкөлөрдө чет элдик студенттер үчүн чоң стипендиялык программалар түзүлгөн. Бул программалар өкмөт тарабынан каржыланат: мисалы, АКШдагы Фулбрайт программасы, Улуу Британиядагы Чевнинг стипендиясы, Австралиядагы Лидерлик программасы. Бул программалардын жеңүүчүлөрү чет өлкөдө бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жеке уюмдардын стипендиялары
Көбүнчө стипендиялык программалар, ошондой эле чет өлкөдөгү студенттерди алмашуу программалары бейөкмөт уюмдар – ири ишканалар, ассоциациялар, жеке фонддор тарабынан каржыланат. Көп учурда квалификациялуу адистерди даярдоого кызыкдар ири компаниялар таланттуу жаштарга стипендия жана гранттарды беришет. Стипендия берүүнүн шарттары, ошондой эле анын өлчөмү ар бир учур үчүн жекече болот.
Спорттук стипендиялар
Чет элдик университеттер окуудагы ийгиликтерге гана эмес, спорттогу жетишкендиктерге да каржылык колдоо көрсөтөт. Мисалы, АКШнын көптөгөн университеттери спортто ийгиликтерге жетишкен жаштардын окуусуна акча төлөйт.
Америка университеттеринде спорттук стипендиянын 2 түрү бар:
- окуу чыгымдарын гана эмес, жашоо чыгымдарын, ошондой эле студенттердин тамак-ашын камтыган стипендиялар;
- университетте окуу наркынын жарымынан көбүн (50-100%) жабат стипендиялар.
Стипендия алуу үчүн талаптар
Талаптардын тизмеси стипендия же окуу грантын берген уюмга жараша болот.
Академиялык стипендия алуу үчүн, талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
- алган билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле алардын күбөлөндүрүлгөн котормосу: мектеп же бакалавр даражасы жөнүндө аттестаттын көчүрмөлөрү;
- бир же бир нече чет тилин билүүсүн тастыктаган сертификаттар;
- мурунку окуу жайынан алынган баалар менен көчүрмө;
- мотивациялык кат;
- CV.
Көбүнчө стипендия алуу үчүн талапкерлер илимий журналдарга чыккан басылмалардын тизмесин же алардын иштеринин портфолиосун бериши керек. Кээде GMAT сертификаты талап кылынат. Стипендияны жогору баа алган, жакшыраак тест упайлары жана кенен портфолиосу бар талапкерлер көбүрөөк алышат.
Спорттук стипендияны алуу үчүн абитуриенттин спорттук ийгилиги, спорттук натыйжалары бар резюме күбөлүктүн орточо баллынан көбүрөөк эске алынат. Бирок, кабыл алынгандан кийин, сиз дагы эле мектеп аттестаттын котормосун жана башка бир катар документтерди тапшырышыңыз керек.
Fellowship программасы
Fellowship программасы – чет өлкөдө магистратурага же докторантурага тапшыргандар үчүн каржылык жардам. Аны алуу үчүн сиз жаш курагыңыз боюнча талаптарга жооп беришиңиз керек, алар ар кандай университеттерде ар кандай болушу мүмкүн жана илимий практиканы жүргүзүү жана илимий басылмалардын болушу менен тастыкталган, тандалган программа боюнча жетиштүү изилдөө тажрыйбасына ээ болушуңуз керек.
Каржылоонун бул түрүнө арыз кызыккан университет, элчилик же чет өлкөдөн адистерди тартуу программасын каржылаган жеке фонд аркылуу берилиши мүмкүн.
Акысыз окуу үчүн грант алсаңыз болот
Эл аралык грант - бул жаш студенттерди (көбүнчө 30 жашка чейин) сыйлоонун бир түрү, ал окуу акысын акыркы тыйынына чейин жаба алат - окуунун өзүнөн тартып өлкөгө учуп баруу жана ал жакта жашоого чейин. Окуу акысын гана камтыган толук эмес гранттар да бар. Бул учурда трансфер, авиабилет жана тамактануу менен бирге жатаканага кеткен башка чыгымдар студенттин өзүндө калат.
Мындай гранттарды алуу оңой эмес. Аны утуп алса болот. Бул үчүн төмөнкүлөрдү билишиңиз керек:
- Сизди кызыктырган университет менен байланышыңыз жана ал учурдагы актуалдуу гранттарды билиңиз. Болсо, анда университеттен каржылык колдоо алууга толук мүмкүнчүлүк бар, болгону кээ бир документтерди толтуруу үчүн талап кылынат. Эң негизгиси, университет эмне үчүн сизге бекер окууга мүмкүнчүлүк бериши керектигин түшүндүргөн жакшы мотивация катын жазуу зарыл.
- Окууну кыялданган өлкөнүн элчилиги аркылуу тапшырыңыз. Мамлекеттик гранттар билим берүү жана маданият министрликтеринин карамагында көпчүлүк өлкөлөрдө берилет. Грант алуу үчүн сынакка катышуунун жол-жобосу университеттикине эле окшош - документтер жана эмне үчүн сиз экениңизди түшүндүрүү.
- Сиз окууну пландап жаткан илим же искусство тармагын өнүктүрүүгө жана колдоого кызыкдар жеке фонд менен байланышыңыз. Интернетте мындай фонддорду табуу кыйын эмес. Алардын веб-сайттарында грантка талапкерлерге карата талаптар да бар.
Эң белгилүү стипендиалык программалар кайсылар?
Дүйнөдө акысыз билим алуу үчүн ар кандай стипендиалык программалар бар. Төмөндө алардын негизгилерине токтолобуз.
Улуу Британияда окуу үчүн CHEVENING стипендиясы
Chevening - Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган стипендиялык программа. Стипендия Кыргызстанда жарандыгы бар жана келечекте өз өлкөсүндөгү чечимдерди кабыл алууга таасир этүүнү каалаган активдүү жаштарга берилет.
Сынак жыл сайын өткөрүлөт жана курстун башталышына бир жыл калганда сентябрда башталат. Билдирмелер адатта декабрдын башында берилет. Жыл сайын Кыргызстандан бир нече талапкер программанын стипендиаттары болушат.
Талапкерлер конкурстук тандоодон өтүшөт. Ар бир арыз берген адам бир катар критерийлер боюнча бааланат: тил билүү боюнча гана эмес, кесиптик сапаттары жана лидерлик жөндөмдүүлүгү боюнча да. Жеңүүчүлөр, адатта, лидерлик жана уюштуруучулук жөндөмү бар эң активдүү талапкерлер. Соттук, административдик жана шайлоо реформалары, азчылыктардын укуктарын коргоо, энергияны үнөмдөө жаатындагы реформалар, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу багыттагы талапкерлерге артыкчылык берилет.
Сынак 3 этаптан турат. Алардын биринчиси Британиянын элчилиги жана Британ кеңеши тарабынан Кыргызстандан келген 30 талапкердин тандоосу болуп саналат. Экинчи этап - Британия элчилигинде өтө турган маектешүүдөн ийгиликтүү өтүү зарылчылыгы. Сынак IELTS англис тилин билүү сынагы менен аяктайт.
АКШнын Fulbright Scholar Program стипендиалык программасы
Фулбрайттын стипендиялык программасы Америка Кошмо Штаттарынын университеттеринде жана изилдөө уюмдарында 3-9 айга чейин изилдөө жүргүзүүгө багытталган стипендиялык программа.
Конкурска кимдер катыша алат? Кыргызстандын илимдеринин докторлору жана кандидаттары, юристтер, маданият ишмерлери, журналисттер, китепканачылар, 5 жылдан ашык стажы бар илимий кызматкерлер, грант алганга чейин диссертациясын коргой турган аспиранттар жана абитуриенттер (1-сентябрга чейин). Программа илимий даражаны камсыз кылбайт. Практика мөөнөтү аяктагандан кийин 2 жылга Кыргызстанга кайтып келүү керек болот.
Талапкерлерге кандай талаптар коюлат? Англис тилин профессионалдык деңгээлде эркин билүү керек. Мурдагы илимий жетишкендиктери, деталдуу илимий планга маани берилет.
Программанын жеңүүчүлөрү эмне ала алышат? Жеңүүчүлөргө ай сайын стипендия, медициналык камсыздандыруу, авиабилет үчүн каражат, адистиги боюнча адабияттарды сатып алуу каралган.
Документтерди тапшыруу жыл сайын 15-октябрга чейин өтөт.
Фридрих Эберт Фондунун стипендиалык программасы (Германия)
Фридрих Эберт Фонду - бул Германиянын жаш окумуштууларды жана таланттуу студенттерди колдоо максатында түзүлгөн атайын фонду.
Grundförderung деп аталган негизги колдоо программасы абитуриенттерди, бакалаврларды же немис университеттеринин магистранттарын колдоого багытталган. Стипендия айына 650 евро, медициналык камсыздандыруу каралган. Стипендиянын мөөнөтү студенттин ийгилигине жана университеттеги ишмердүүлүгүнө жараша болот. Эгерде стипендиат окуу учурунда күйөөсү/аялы жана балдары менен жашаса, ага кошумча айына 276 евро өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.
Promotionsförderung деп аталган бүтүрүүчүлөр үчүн программа немис университетинин макулдугу менен Германияда диссертация жазууну пландаган аспиранттарды колдоо максатын көздөйт. PhD студенти 2-3 жыл программага катышууга мүмкүнчүлүк алат. Стипендиянын суммасы айына 1000 евро, медициналык камсыздандыруу каралган. Германияда үй-бүлө менен жашаган учурда үй-бүлөгө айына 276 евро өлчөмүндө кошумча жардам көрсөтүлөт.
Тандоо 3 этаптан турат. Биринчи кадам онлайн форманы толтуруу. Андан кийин, сиз документтердин пакетин, анын ичинде резюме, мотивация катын, ошондой эле Германиянын ЖОЖдорунун же мектептеринин мугалимдеринин 2 сунуш катын (абитуриенттер үчүн) жөнөтүшүңүз керек. Аспирантуранын студенттери илимий жетекчинин рекомендация катын, ошондой эле диссертациянын темасын толук баяндоосу керек. Комиссия документтерди текшерип, андан кийин талапкерлерди аңгемелешүүгө чакырат. Мындай маектешүүдөн кийин сынактын катышуучусунун мүнөздөмөлөрү жазылган каттар түзүлүп, алар тандоо комиссиясынын кароосуна жиберилет. Анын курамына Германиянын жогорку окуу жайларынын профессорлору гана эмес, саясатчылар жана белгилүү илим жана маданият ишмерлери да кирет. Комиссия жылына бир нече жолу чогулушат.
Сынактын жыйынтыгы тууралуу катышуучуларга почта аркылуу маалымат берилет.
Германияда окуу үчүн DAAD стипендиясы
DAAD (Германиянын Академиялык алмашуу кызматы) Германияда академиялык билим берүүнү улантууга багытталган стипендиялык программа.
Программага кимдер мүчө боло алат? Стипендия алганга чейин квалификациялык деңгээли (бакалаврдан жана андан жогору) бар бүтүрүүчүлөр боло алат. Сынактын катышуучусу Германиянын мамлекеттик университетинде аспирантура же магистратурада билим ала алат.
Окуу мөөнөтү 10 айдан 2 жылга чейин болот, ал стипендиаттын окуу планына жараша болот. Стипендиянын суммасы 750 еврону түзөт. Медициналык камсыздандыруу, кырсыктан камсыздандыруу жана авиабилет чыгымдары да камтылган. Эгерде стипендиат тил үйрөнүүгө муктаж болсо, программа онлайн тил курстарынын баасын төлөөнү камсыз кылат.
Тандоо критерийлери жакшы академиялык көрсөткүчтөр, Германияда окууну улантуу үчүн өз максаттары болуп саналат. Кабыл алуу комиссиясынын составына тиешелүү адистиктеги окумуштуулар кирет. Эгерде сынактын катышуучусу гуманитардык илимдер боюнча билим алган болсо, окуу англис тилинде өткөрүлө турган учурларды кошпогондо, немис тилин мыкты билүү талап кылынат.
Кантип тапшырса болот? DAAD веб-сайтында онлайн тапшыруу керек. Почта аркылуу арыздын 3 нускасын жөнөтүп, аны сайтта ийгиликтүү каттоодон өткөндөн кийин, тиркемелерди басып чыгарууга мүмкүн болот.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: ноябрь айынын башталышы. Стипендияны дайындоо кийинки жылдын 1-октябрынан тартып жүргүзүлөт.
Erasmus Mundus программасы
Erasmus Mundus – бул Европа комиссиясынын программасы, ал Европа университеттеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Бул программа студенттерге жана мугалимдерге ар кайсы мамлекеттердеги чет өлкөлүк университеттерге алмашууга барууга, ал жакта окууга же сабак берүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2007-жылдан бери Эразмус Мундустун негизинде 100дөн ашык магистрдик программалар иштелип чыккан. Программанын алкагында окуунун же стажировканын узактыгы 1 айдан бир жылга чейин. Программа ошондой эле чет элдик компанияларга жумушка орноштурууга колдоо көрсөтөт. Ата мекендик университетте 2 жылдан кем эмес окуган жана орточо баллдан жогору болгон студенттер катыша алышат.
Muskie жана UGRAD программалары (АКШ)
Muskie жана UGRAD - бул АКШда билим алууну каалаган жаштар үчүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин программалары.
UGRAD программасы ар кандай адистиктердин 1-3 курстарынын студенттери үчүн иштелип чыккан, алар бир жыл ичинде америкалык университетте окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 1992-жылы түзүлгөн программанын максаты Евразия өлкөлөрүнүн экономикасын жана демократиясын өнүктүрүү болуп саналат.
Muskie программасы магистр даражасын алууну каалаган студенттер үчүн иштелип чыккан. Окутуу 2 жылдан ашык жүргүзүлөт. Укук, экономика, мамлекеттик саясат, мамлекеттик башкаруу, бизнести башкаруу багытындагы талапкерлерге артыкчылык берилет.
Ар бир программанын шарты боюнча финалисттер университетти тандоого таасир эте албайт. Анын ордуна университеттер Вашингтондогу программанын мүчөлөрү тарабынан тандалат. Muskie программасынын финалисттеринин айрымдары талапкердин жетишкендигине жараша бир жылга, кээ бири эки жылга окутулат.
Gates Cambridge Scholarship программасы
Gates Cambridgeстипендиалык программасы 2000-жылдын октябрында Билл жана Мелинда Гейтс Фондунун Кембридж университетине 210 миллион долларлык кайрымдуулугу менен түзүлгөн. Стипендиялар Кембридж университетинде каалаган предметтер боюнча аспирантурага Улуу Британиядан тышкары өлкөлөрдөн келген мыкты талапкерлерге берилет. Тандоо критерийлери:
- мыкты интеллектуалдык жөндөмдүүлүк
- лидерлик потенциал
- башкалардын жашоосун жакшыртууга умтулуу
- өтүнмө ээсинин квалификациясы жана умтулуулары менен Кембридждеги аспирантура программасынын ортосунда жакшы дал келүүсү
- Gates Cambridge стипендиалык программасынын максаты - башкалардын жашоосун жакшыртууга арналган келечектеги лидерлердин глобалдык тармагын куруу.
Gates Cambridge стипендиясы эң берешен эл аралык стипендиялардын бири болуп саналат. Ал төмөнкү чыгымдарды камтыйт:
- университетте окуу акысы тиешелүү тарифте
- тейлөө үчүн жөлөкпул (2022-23 курсу боюнча 12 айга бир студентке £ 18,384)
- окуунун башында да, аягында да авиабилеттер
- кирүү визасы жана иммиграциялык төлөм чыгымдары
Endeavour Scholarships
Endeavour Scholarships программасы бул Австралия өкмөтүнүн стипендиясы, австралиялыктарга чет өлкөдө профессионалдык жактан изилдөө жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар үчүн Австралияда да ушундай кылуу.
Endeavour эмнени сунуш кылат? Бул программанын стипендиаты катары сиз изилдөө жана кесиптик өнүгүү боюнча баа жеткис эл аралык тажрыйбага ээ болосуз. Программа бакалавриат, магистратура жана кесиптик билим берүү жана окутуу адистерин колдойт.
Студенттер билим алуу, башка жакка көчүү, жатакана жана ден соолук камсыздандыруусу үчүн грант алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Семестр Endeavour Research Fellowship (4-6 ай) ошондой эле чет өлкөдө билим алууну каалаган австралиялык студенттерге жана Австралияда окуу үчүн эл аралык студенттерге берилүүчү гранттар менен колдоого алынат.
Visby стипендиясы
Visby программасы Швед өкмөтү тарабынан сунушталган магистр даражасы үчүн Visby стипендиясы болуп саналат жана бардык чыгымдарды камтыйт. Программа жашына, жынысына жана диний ишенимине карабастан интеллектуалдык жөндөмүн жана лидерлик потенциалын көрсөткөн талапкерлер үчүн иштелип чыккан. Стипендия программасы стипендиаттар арасында ар түрдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.
Швеция институтунун бардык стипендианттары Швецияда жүргөндө уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган SI Network for Future Global Leaders (NFGL) тармагына мүчө болууга чакырылат. Дүйнө жүзүндөгү башка таланттуу адамдар менен бирге стипендиат ар кандай иш-чараларга катышып, пикир алмашып, карьера жана жеке өнүгүү үчүн пайдалуу тармактарды түзө алат.
Стипендия салыксыз жана айына 9,000 швед кронун (болжолу менен 900 $) түзөт.