Көзүрдүн баары Трамптын колунда эмес. Cоода согушунда Кытай АКШны кантип мажбурлады?

Алексей Калмыков, Би-Би-Си Орус Кызматы

Дональд Трамптын бүткүл дүйнө менен соода согушу чечүүчү фазага багыт алды, бирок ал арада америкалык президенттин иштери ойдогудай эмес. Кытай анын "талдуу жерин" таап, сокку узатканда, Трамптын "Биз эч кимге керек эмеспиз, бирок Америка баарына керек" деген урааны биринчи жолу чоң күмөн жаратты. Кытай аны кантип ишке ашырды? Эми соода согушу эмне болот?

Кытайлыктар өзүнүн карта оюнундагы "көзүрлөрүнүн" жерден табышты. Акыркы жылдары Кытай сейрек кездешүүчү металлдардан жасалган буюмдарга монополия орноткон. Алар шамал турбиналарынан жана электромобилдерден баштап ракеталарга жана дрондорго чейин аскердик жана жарандык техникалардын маанилүү бөлүгүн түзөт.

Кытай бийлиги дал ошол металлдардын жана магниттердин экспорттун Трамптын бажы саясатына каршы "бууп койду". Акыры Трамп америкалык жана европалык бизнес секторунун катуу басымынан кийин чегинүүгө аргасыз болду.

Азырынча соода согушу солгун жүрүүдө. Трамп анда бир нече тактикалык жеңилүүлөргө дуушар болду – соода өнөктөштөрүнөн, ошондой эле тарифтерди жокко чыгарууга мажбурлаган америкалык бизнес жана соттордон.

Бирок июнь айында Лондондо кытайлар менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасындагы чегинүү азыркы күнгө чейин Трамптын көздөгөн амбицияларына эң оор сокку бойдон калды.

Ал соода согушун "блицкриг" тактикасында пландаштырып, дүйнөнүн ар бир өлкөсүн АКШнын мартабалуу жана бай рыногуна кирүү үчүн акча төлөтүүнү көздөгөн. Бирок анын дүйнөдөгү тең салмактуулук жөнүндөгү эскирген идеялары бүгүнкү реалдуулукка туш келди.

"Трамп Зеленскийге бардык көзүрлөр анын колунда болгонун айткан. Бирок Кытай андай эмес экенин, алар дагы ошондой күчтүү көзүрлөргө ээлик кылаарын көрсөттү", – деди АКШнын Соода департаментинин мурдагы кызматкери, азыркы тапта CSIS изилдөө борборунун эксперти Билл Райнш.

"Катуу сөз менен айтканда, бетке чоң муштум жегендей эле болдук", – деп кытай тараптын контрчабуулун баамдады.

"Бул оюнунда кытайлардын карталары күчтүүрөөк болуп чыкты, анын үстүнө экономикага кандай зыян келбесин, ага чыдап турууга жөндөмдүү экенин АКШга көрсөттү", – деп жазат америкалык Нотр-Дам университетинин кытай таануучусу Мэри Галлахер.

"Америка менен мындай жагдай менен биринчи жолу кездешүүдө, бирок жалпысынан таң калыштуу эч нерсе жок. Ак үй өз күчүн ашыкча баалап алган".

Трамп эмнеге ишенген жана эмне үчүн баары ал ойлогондой болбой калды?

Сейрек металлдар Трамптын саясатына "каршы"

Трамп 7-апрелде дүйнө жүзүнөн АКШга импорттолгон товарларга салыкты кескин түрдө көтөрүп, бирок дароо эле аны 90 күнгө токтотуп, Кытайдан башка бардык өлкөлөр менен бул жаатта сүйлөшүүлөрдү баштаган. Трамп АКШнын башкы экономикалык, саясий жана аскердик атаандашы аталган Кытайга тарифтерди эбегейсиз 145%га чейин көтөрүп, багынууну талап кылган.

Кытай асимметриялык жооп кайтарды – бажы төлөмдөрүн көтөрдү, бирок АКШга анчалык зыян келтирбейт. Ошондуктан, ага кошумча сейрек кездешүүчү металлдардын жана алардан жасалган магниттердин экспорттуна чектөө киргизген.

Дал ошол жерден "талдуу жерин" тапкан.

Сейрек кездешүүчү металлдардан жасалган магниттер кош багыттагы товар болуп саналат. Кытай бийлиги бул багыттагы экспортту лицензиялап, алар акыры АКШга жөнөтүлбөшүнө жана коргонуу максатында колдонулбашына кепилдик талап кылат. Тариф саясатынан улам ал магниттерден америкалыктар гана эмес, европалыктар менен жапондор дагы кур калды.

Самарий, диспрозий, тербий жана магниттер батыш унаа өндүрүү ишканалары жана коргонуу өнөр жайы үчүн алмаштырылгыс элементтер болуп чыккандыктан 12-майда эле Трамптын өкүлдөрү Женевада кытайлар менен 90 күндүк тынчтык келишимин макулдашты. Анын жыйынтыгы боюнча АКШ бажы төлөмдөрүн азайтат, ал эми Кытай металлдарды жана даяр магниттерди экспорттоого лицензияларды кайрадан бере баштайт.

Женева жолугушуусунан көп узабай талаш кайрадан күчөдү. Ак үй Бээжинди лицензиялоону атайылап создуктуруп жатат деп айыптап, жаңы экспорттук чектөөлөрдү киргизди: чиптерге, реактивдүү кыймылдаткычтарга, радиоактивдүү жана химиялык материалдарга. Ошол эле учурда Трамп АКШдан кытайлык студенттердин визаларын жокко чыгарууну убадалаган.

Жыйынтыгында 10-июнда Лондондо эки өлкөнүн өкүлдөрү кайрадан кезигип, Женевада макулдашылган нерселерге кайтууга жана бири-бирине киргизген бардык чектөөлөрдү жокко чыгарууга кол алышкан.

Трамптын кандай жеңилдиктерге барганы так белгисиз.

"Ал жакта эмнелер сүйлөшүлгөн түшүнүксүз, анткени меморандумдун тексти жок. Натыйжада журналисттер аларга айткандарын гана жазышат, адаттагындай эле аларга баары жакшы деп айтышат", – белгиледи Райнш.

"Бул тынчтык келишими туруктуубу? Жок", — деди эл аралык соода боюнча эксперт Скотт Миллер CSIS подкастында.

"Азырынча баары баш аламан. Бир дагы түпкү маселе чечилген жок. Эмне кылуу керектигинин чиймелери гана белгиленди, бирок бул көйгөйлөрдү чечүүгө айлар кетет".

Трамп эмне менен жооп берет?

Трамптын "кытайлык нокаутка" кабылгандан кийин өзүнө келе алганы азырынча байкала элек. Ал дүйнө жүзүнө ири тарифтерди киргизип жатканда, Ак үй 90 күндүн ичинде соода өнөктөштөрү менен 90 келишим түзүп, алардын баары Америкага жеңилдиктерди алып келет деп убадалаган.

Азырынча бир гана келишим бар — Улуу Британия менен. Бирок Трамп эң жакын союздашынан да көздөгөндөй макулдашууга жеткен жок. Калгандарынын баары — Канададан жана Евробирим алкагындагы өлкөлөрдөн баштап Япония менен Вьетнамга чейин натыйжасыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Убакыт аз калды ¬– 8-июлда Кытайдан башка бардык өлкөлөр менен бажы тармагындагы тынчтык келишими аяктайт, ал эми августтун ортосунда Кытай менен дагы бүтөт. Райнштин айтымында, Трамптын администрациясынын адистери бул күн жакындаган сайын алардын тынчсыздануусу артууда.

"Трамптын администрациясы мындан бир тыянак чыгарып, баары алар ойлогондон татаалыраак экенин түшүнөт деп ишенем. АКШнын экономикасынын эбегейсиз чоңдугу соода талаштарында ар дайым чечүүчү фактор боло бербейт", – деди ал.

"Бизде да, аларда да басым кыла турчу рычагдар бар. Бирок бул жердеги эң негизги сабакты Трамптын администрациясы алыш керек. Башында алар бизде бардык көзүрлөр бар, ал эми кытайларда бирөө дагы жок деп ишенишкен. Эми кытайларда дагы жооп бере турчу "көзүрлөр" бар экенин түшүнүшү керек".

Трамп Кытайды дагы кантип таң калтырат?

Трамп баштаган "соода оюнунда" кытайлар жалгыз эле сейрек кездешүүчү металлдар менен "көзүрлөрдү" кармап турбаптыр.

Коммунисттик партиянын колунда улуттук чыдамкайлыктын дагы "көзүрү" бар эле. Коммунисттик башкаруу ар кандай соккуларга чыдап, ал арада эл душманга каршы туруу үчүн биригүүгө даяр.

"АКШ көптөн бери өз позициясы утуштуу деп ишенип келген, анткени Кытайдын экономикасында көйгөйлөр бар эле. Алардын экономикасы экспортко багытталган, ал эми Америка алардын эң чоң экспорт рыногу. Эгер биз аларды бул рыноктон ажыратсак, алар кыйрашат деп ойлогонбуз. Бирок андай болгон жок", – дейт Райнш.

"Кытайлыктар экономиканы башкарууда тажрыйбасы аз болуп, ал жаатта дагы деле көп көйгөйлөр кездешет. Бирок алардын элди башкарууда тажрыйбасы мол, анткени Кытай демократияны тутунбайт. Бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү Си Цзиньпинди ич ара көйгөйлөргө кептеп, ал соода саясатын өзгөртүүгө шашат деп ойлосок, андай болгон жок", – деп кошумчалады.

Ал эми эркин америкалык бизнес жана керектөөчүлөр андай тобокелчиликке баралбайт. Баалар өсүп, чыгымдар көбөйөөр замат арыздана башташты.

Батышта магниттердин жана сейрек кездешүүчү металлдардын запастары чектелүү: авто өндүрүүчүлөр эки-үч айга, коргонуу өнөр жайы бир жылга чейин чыдашат. Ал эми кытайлык буюм-тайымдардын оордун тез арада алмаштыруу оор.

Бул багытта Батыш көптөн бери аракеттенүүдө, бирок азырынча ийгиликсиз. Трамп сейрек кездешүүчү металлдарды атүгүл Орусия менен согушуп жаткан Украинадан дагы издеп көрүүгө даяр. Бул багытта ал келишимге дагы кол койгон.

Бирок согуш жок жерде дагы казуу иштерин баштаса болот, бирок батыш компаниялары ага аралашууга шашылбай эле.

Өзүнүн интеграцияланган өндүрүшүн түзүү – кен чыккан жерлерден руда казып алуудан баштап, кайра иштетүүгө жана даяр магниттерди өндүрүүгө чейин – геологиялык чалгындоо, макулдашуу жана курулуш иштерине жылдар кетет. Акча жөнүндө айтпай эле коёлу.

Экология да маанилүү, анткени сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу жана кайра иштетүү – бул кир иш жана көп эмгекти талап кылат. Батыш тараптын мындай долбоорлорду башкаруусу кытайлардыкына караганда бир топ катаал.

Мамлекеттин колдоосу болбосо, жеке бизнес мындай өндүрүшкө жакынкы жылдарга инвестиция салгысы келбейт. Ал арада Кытайдын Компартиясы колдогон, дүйнөдөгү экинчи чоң экономикасы бар, согуш согуштарына чыдамдуу жана атаандаштан арылуу үчүн дүйнөлүк рынокту демпингдик баада каалаган товар менен каптап кете алган компаниялар менен атаандашууга туура келет.

Анын үстүнө Кытай бийлиги азырынча оор жана орто оор сейрек кездешүүчү металлдардын гана экспортун чектеп келет. Магниттерди алда канча көп өлчөмдө алуу үчүн биринчи кезекте неодим жана празеодим сыяктуу жеңил металлдар колдонулат.

"Алардын экспортуна азырынча тыюу салынган эмес. Эгер бул соода согушу "жанданып" кетсе Кытай бийлиги жаңы чабуул аянтчасы катары сактап калды дегенди билдирет", – деп FT гезити Пекинде жайгашкан Trivium консалтинг компаниясынын аналитиги Кори Комбско шилтеме кылып билдирүүдө.

Кытай "талдуу жерин" тапты, ал тарапка соккуларын уланта берет. Бирок Трамптын тажрыйбасы көрсөткөндөй, эгер сиз ал "басым көрсөтө турчу рычагды" өтө катуу түртсөңүз, анын туткасын сындырып алуу коркунучу бар. Бул кытайларга сабак болду. (КВ)