Мөөнөт бүттү: "кара тизмедеги" мигранттар Орусиядан күч менен чыгарылат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда "кара тизмеге" кирген жарандар 11-сентябрдан тарта бул өлкөдөн күч менен чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынарын эскертти. Маалыматка караганда, ушул тапта бул тизмеде 73 миң 278 кыргыз жараны бар. Орусия ИИМ болсо "кара тизмедеги" чет элдиктерге жардам же кызмат көрсөткөндөр 500 миң рублга чейин айып пулга жыгыларын кабарлады. Бул арада көптөгөн мигрант Орусиянын ИИМ бөлүмдөрүндө кезек жетпей, укуктук макамын жөнгө сала албай калганын билдиришүүдө.

"Кара тизмеге" кирип калган Адеми укуктук макамын жөнгө салуу үчүн 10-сентябрь күнү Орусия ИИМинин Москвадагы миграция бөлүмдөрүнүн бирине таңкы саат сегизде эле келген. Бирок кезекке 116-болуп жазылды. Би-Би-Си Адеми кезек күтүп турган маалда аны учкай кепке тартты.

"Тилекке каршы бүгүн да кире албай калдым. Мына, болгону 65 адамды кабыл алышты. Алардын айрымдары кезекке эрте туруу үчүн түндө ушул жерде түнөшкөн экен. Эгер "кара тизмеден" чыгып үлгүрбөсөк, жапырт депортация башталат деп жатышат. Бүгүн акыркы мөөнөт болчу. Бир айдан бери жүгүрүп жүрөм, бирок реестрден чыга албай жатам", – дейт Адеми.

Мигрант кыз Орусияга кирип жатканда иштөө үчүн келгенин айтып, бирок убактылуу иштеген эмес. Эмгек келишими жок деген жүйөө менен "кара тизмеге" киргизилгенин кечирээк билген. Азыр "көзөмөлдөгү жарандардын реестринде" болгондуктан, расмий түрдө ишке орношо албай жатканын, орто жолдо шылуундардын кылтагына да илинип калганын айтат:

"Аргам кеткенде эмгек келишимин сатып алгам. Кыргызстандык замандаштарыбыздын бири өзүн юристмин деп тааныштырып, 15 миң рублга эмгек келишимин жасатып берерин, базаны текшергенде документи бар деп чыгарын айткан эле. Мен ага ишенгем. Бирок мени алдап кетиптир, базадан документим чыкпай койду. Ошондуктан ИИМдин бөлүмү мени кабыл албай, реестрден чыгарбай жатат. Эмне кылышты дагы билбей турам".

Москвадагы дагы бир мигрант Жылдыз убагында миграциялык каттоодон өтпөй, кара тизмеге кирип калганын мойнуна алат. Кийин "Амина" тиркемеси аркылуу каттоодон өткөн, бирок көзөмөлдөнгөн жарандардын реестринен чыгып кетүүгө үлгүрбөй калган:

"Амина" деген тиркеменин ишке кириши менен каттоодон өтүү оңой болуп калды. Ооба, бул тиркеме мигранттарды толук көзөмөлгө алары өзүнчө тема деңизчи, бирок замандаштарыбыз каттоого туруш үчүн мурдагыдай жашаган батиринин ээсин ээрчитип алып, ОВМга барып кезек күтүп отурбай эле тиркемени көчүрүп алып, ИИМге геолокация жөнөтүү аркылуу каттоого туруп калышты. "Сахароводо" медкароо жана манжа изин тапшырган, эмгек келишимин түзгөн жана "Амина" тиркемеси аркылуу каттоодон өткөн айрым жарандар ИИМдин миграция бөлүмүнө барып, өздөрүнүн макамын жөнгө салып алышты. Мен үлгүрбөй калдым".

Орусиядагы мигранттардын WhatsApp тайпаларынын биринин негиздөөчүсү Фарух Нуровдун айтымында, күндө ондогон жаран тайпага документтерин толукташканына карабай, кезек жетпей, реестрден чыга албай жатканын жазышат:

"Тайпада баары эле ИИМдин миграция бөлүмдөрүндө кезек көп экенине даттанып жатышты. Техникалык мүчүлүштүктөн улам реестрге кирип калып, чыга албай жаткандар көп. Орус бийлиги 10-сентябрдан кийин мөөнөттү узартып, мунапыс бербейбиз деп жатат. Реестрден чыга албай калгандардын тагдыры эмне болот?".

Москвадагы Ысык-Көл ынтымак коомунун төрагасы Калыс Уралиев мигранттардын бир бөлүгү документтердин тактап, реестрден чыгуу ишин акыркы мөөнөткө жылдырып коюшканын, мындан улам ИИМдин миграция бөлүмдөрүндө соңку күндөрү кезек көп болгонун белгилейт:

"Статистиканы алсак, Орусияда жүргөн башка чет элдиктерге караганда реестрден чыккан кыргызстандыктардын саны азыраак болуп турат. Орусиядагы жаңы мыйзам боюнча кирди-чыкты кылганга болбойт. Мигранттардын айрымдары муну түшүнбөй, ар кимдин айтканын угуп, чек арага кирип чыксак, система жаңыланып, реестрден чыгып калабыз деп ойлошту. Бирок системада анын миграциялык тарыхы сакталып калат экен. Дал ушундай адамдар бираз убакыт өткөндөн кийин реестрге кайра түшүп калып жатышты. Эл көп болсо шылуундар да көп болот экен. Алдагандар да, алдангандар да болду. Андайлар кезекке тургандардын арасында жүрүп эле "каттоо тургузам, реестрден чыгарам, эмгек келишимин жасап берем" деп алдап кетишти. Башында кардарын базага киргизип, бирок бир-эки жумада кайра чыгарып, анын ордуна башка кишини киргизип акча табышат экен. Ошентип, реестрге түшүп калгандардын саны көбөйүп кетти. Биз шылуундар жөнүндө маалыматты элчиликке жөнөтүп жаттык".

Бул арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте кыргызстандыктардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн иш-чаралар жүргүзүлгөнүн кабарлады.

Министрлик Орусиянын компетенттүү органдары менен үзгүлтүксүз байланышта болгонун, консулдук кызматкерлер мигранттар көп жашаган аймактардагы ИИМдин бөлүмдөрүн барып, укуктук жардам көрсөтүшүп, кеп-кеңеш беришкенин белгилейт. Мындан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүнүн ишин күчөтүү үчүн министрликтин борбордук аппаратынан кошумча кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Ага карабай январь-сентябрь айларынын аралыгында 15 миңге жетпеген адам гана Орусиянын тиешелүү органдарына кайрылуу жолу менен "көзөмөлдөнгөн жарандардын реестринен" чыгарылган.

"Орусия тараптын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында көзөмөлдөгү адамдардын реестрине 85 миң 962 Кыргызстандын жараны киргизилген, ал эми эң жогорку көрсөткүч 2025-жылдын июнь айына туура келет. Анда болжол менен 113 миң киши тизмеде болгон. Жалпысынан 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде реестрден 98 миң 670 кыргызстандык жаран чыгарылган. Анын ичинен 14 миң 584и өз макамын Орусиядан чыкпай туруп, компетенттүү органдарга кайрылуу жолу менен жөнгө салган. Ал эми 84 миң 86 жаран Орусиянын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу реестрден чыгарылган", — деп айтылат ТИМ тараткан билдирүүдө.

Орусиянын Ички иштер министрлиги да 2025-жылдын 10-сентябрда Орусия аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү аяктаганын расмий түрдө маалымдады.

Билдирүүдө 11-сентябрынан тарта укуктук макамын жөнгө салбаган чет элдиктерге мыйзамда каралган бардык чаралар колдонулары эскертилген. Анын ичинде Орусиядан күч менен чыгаруу жана кайра кирүүгө тыюу салуу да бар.

"Орусия аймагында мыйзамсыз жүргөн жана "көзөмөлдөнгөн жарандардын реестринде" катталган чет өлкөлүктөргө кызмат же ар кандай жардам көрсөткөн жарандар жана уюмдар мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат. Бул үчүн административдик жаза каралган жана айып пулдун өлчөмү 500 миң рублга чейин жетиши мүмкүн", – деп айтылат Орусия ИИМинин маалыматында.

2024-жылы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" адам өмүрүн алган куралдуу чабуулду тажик тектүү жарандар жасаганы аныкталып, бир нече шектүү кармалган. Мындан соң мигранттарга каршы маанай күчөп, эрежелер катаалдашкан.

Маселен, быйылкы жылдын 1-январынан тарта атайын уруксат кагазы жок жарандар Орусия аймагында мурдагыдай 180 эмес, 90 күн гана жүрө алышат.

Ушул эле жылдын 5-февралынан тарта жаңы укуктук режим киргизилген. Ага ылайык, медкароодон өтпөгөн, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган, каттоого турбаган, эмгек келишимин түзбөгөн жарандар көзөмөлдөнгөн жарандардын тизмесине киргизиле баштады.

1-апрелден тарта "Билим берүү жөнүндө" федералдык мыйзамга өзгөртүү киргизилип, чет элдик окуучулар орус тилинен тест тапшырууга милдеттендирилди.

Бул арада сентябрда Мамдумада эмгек мигранттарына үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды. (АА)