You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанга Беларус, Азербайжан жана Казакстандан күйүүчү май ташылып жатат
Өкмөттүн маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата республиканын бардык нефтебазаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар жана абал турукташтырылып келе жатат. Кыргызстан Беларус, Азербайжан, Казакстандын мамлекеттик органдарынын жана мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай продуктулары жеткирилип жатат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүдө аткарылган иштер тууралуу коомчулукка берген маалыматында айтылат.
Бирок Беларус, Азербайжан, Казакстандан күйүүчү-майлоочу майлар канча көлөмдө ташылып жатканы тууралуу маалымат жок.
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын бир айга жетип-жетпеген запасы калганын билдирген. Мунун себеби катары Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү бир нече заводу Украинанын дрон чабуулунан улам иштебей, камсыздоо толук көлөмдө жүрбөй жатканы айтылган.
Монополияны жөнгө салуу агенттиги өткөн айда күйүүчү майдын тартыштыгынан улам баа 15% кымбатташы ыктымал экенин эскерткен.
Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын дээрлик 93% өкмөттөр аралык түзүлгөн келишимдин негизинде Орусиядан жеткирилет.
Ошол эле маалда Орусиянын өзүндө да күйүүчү майдын баасы өсүп, тартыштык өкүм сүрүп жатканы айтылууда.
Орусиянын Статистика комитетинин маалыматына караганда, жыл башынан бери бензин дээрлик 11% кымбаттаган.
Би-Би-Си Орус кызматынын эсептөөлөрүнө караганда, август айында кеминде 14 дрон чабуулу катталган, сентябрда сегиз, ал эми октябрдын алгачкы 10 күнүндө эле төрт жолу чабуул жасалган. 2025-жылдын январынан бери украин дрондору Орусиядагы 38 ири мунай заводунун ичинен 21ди бутага алган. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 48% көп.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев калкты жана экономиканы күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо жагы өзгөчө көзөмөлгө алынып жатканын билдирген.
Ал тиешелүү мекемелерге стратегиялык резервдик кордун зарыл деңгээлин кармап турууга тапшырма берген.