You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Рим папасы көз жумду. Ватиканды жана чиркөөсүн өзгөртүүгө умтулган Франциск
Рим папасы Франциск 21-апрелдин таңында Ватикандагы резиденциясында каза болду. Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматы анын өмүрүнүн урунтуу учурларын тизмектеди.
Рим папасы Францисктин өз аты Хорхе Марио Бергольо. Ал 2013-жылы Католиктер чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланган.
Акыркы жолу понтифик эл алдында Пасха майрамдык салтанатына байланыштуу Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулгандарга кайрылуу жасаган.
Ал башкарган мезгилде Католиктер чиркөөсү бир катар принципиалдуу өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөнүнө карабастан, понтифик алда канча консервативдүү көз караштагы жактоочулардын арасында аброюн жана популярдуулугун сактап кала алды. Бул жагы таң калыштуу болду.
Дээрлик бир жарым миң жыл бою ыйык тактыны жалаң европалык тектүү дин ишмерлери "бийлеп" келген. Теги аргентиналык Бергольо Католиктер чиркөөсүн жетектеген биринчи латын америкалык болчу.
Принципиалдуу өзгөрүүлөргө кадам
Католиктер чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланып келгенден кийин, ал дароо башкача өңүттө иш алып бараарын ачык билдирген. Керек болсо кабыл алуу учурунда, жолугушууга келген кардиналдарды ал папалык тактыда отурбастан, бейрасмий түрдө – туруп кабыл алчу.
Ал коомчулукка жана дүйнө элине Ватикандагы Ыйык Петр аянтындагы борбордук балкондон алгачкы жолу 2013-жылдын 13-мартында чыгып сүйлөгөн.
Салт боюнча, ак кийим кийип, Рим папасы катары кызматка киришип жатып жаңы ысымга ээ болгон. Ал XIII кылымда жашап өткөн, убагында момундукту, сүйүүнү жана аскетизмди үгүттөгөн монастырдык ордендин негиздөөчүсү Ыйык Ассиздик Францисктин ысымын алган.
Абройлуу жана даңазалуу кызматтын ашыкча шаан-шөкөтүн жана салтанаттарын четке кагып, эл алдында карапайым жүрүүгө аракеттенген. Кызматтык лимузинди дагы мүмкүн болушунча аз колдонуп, кардиналдары менен автобуста жүргөн.
Хорхе Марио Бергольо 1936-жылы 17-декабрда Буэнос-Айресте төрөлүп, беш бир туугандын улуусу болчу. Болочок понтификтин ата-энеси фашизмдин курмандыгына айланып калбоо үчүн өз мекени Италиядан аргасыз качып, Аргентинага барышкан.
Бала кезинде Хорхе танго бийлегенди жакшы көрчү жана жергиликтүү "Сан-Лоренцо" футбол клубунун күйөрманы эле.
Мектепте окуп жүргөндө пневмония менен катуу ооруп калат. Дарыгерлер анын өпкөсүнүн бир бөлүгүн алып салып, өлүмдөн куткарып калышкан. Ошону менен өмүрүнүн аягына чейин ал оорусу алпурушуп келди.
Жаш кезинде түнкү клубда күзөтчү болуп иштеп, пол шыпырып, университетте химия жаатында окуганга жетишти.
Өз учурунда Аргентинадагы аскердик диктатурага каршы күрөштүн лидери Эстер Баллестрино менен жергиликтүү заводдо тыгыз иштешип калган. Активист кийинчерээк мыкаачылык менен киши колдуу болуп, сөөгү табылбай калган.
Бергольо философияны окуган. Мындан тышкары, адабият жана психологиядан сабак берген. 10 жылдан ашык кызмат өтөгөндөн кийин, ал "кызмат тепкичи боюнча" тез көтөрүлө баштап, 1973-жылы Аргентинанын провинциялык епархияларынын биринин башчысы болуп дайындалган.
Ага каршы айыптоолор
Болочок Рим папасы Франциск өз учурунда аргентиналык хунтанын генералдарына каршы күрөштө толук кандуу аракет көргөзгөн жок деп сынга кабылган.
Аргентинанын "ыплас согушу" учурунда (1976-1983), миңдеген адамдар мыкаачылык менен киши колдуу болуп, кыйноого алынып жана дайынсыз жоголгон. Дал ошол оор мезгилде Бергольо эки дин кызматчынын жоголушуна катыштыгы бар деп айыпталган.
Дайынсыз жоголгон дин кызматчылары кыйноого алынган, бирок акыры экөө тең жарым жылаңач, баңгизатка "шыкалган" абалда тирүү табылган.
Бергольо бийликтегилерге алардын жакыр конуштардагы иштери чиркөө тарабынан макулдашылгандыгы жөнүндө кабарлаган эмес деп айыпталган. Эгер бул чын болсо, анда келечектеги понтифик ал жактын тургундарын олутту коркунучка "кептеген". Ага коюлган айыптоолорду четке кагып, чындыгында аларды бошотуу боюнча жашыруун иш жүргүзгөнүн билдирген.
Эмне үчүн бул тууралуу дароо айткан жок деп сураганда, Бергольо аны айтууга батына албаганын билдирген. Чын-чынына келгенде, 36 жаштагы Бергольо, тажрыйбалуу лидерди дагы сынай турган башаламандыкка туш болгон. Туңгуюуктан качууга аракет кылгандарга чоң жардам көрсөткөнү баа жеткис салымы эле.
Салттуу көз караш
Чиркөө окуусунун көптөгөн орчундуу маселелери боюнча Рим папасы Франциск салттуу көз карашты жактап келген.
Гомосексуалдык түгөйлөрдүн бир жыныстуу үй-бүлөө куруусун, нике деп атадоон баш тарткан. Анын айтымында, бул "Кудайдын планын бузуу аракети" катары эсептелет.
2013-жылы Рим папасы болуп дайындалгандан көп өтпөй, ал Римде абортко каршы жүрүшкө катышып, "түйүлдүк" балдардын укугун коргоого чакырган. Өз учурунда бул жаатта референдум өткөрүп жаткан Ирландияга чейин билдирүү жөнөтүп, элден аялуу адамдарды коргоону суранган.
Алгач ал контрацепцияны оорулардын алдын алуу үчүн колдонсо болот деп айтса, 2015-жылы Филиппиндеги сапарында аны колдонуу – "балдарды ажыратуу аркылуу үй-бүлөнү бузуу" деп сындаган.
Украинадагы согуш
Орус армиясы Украинага басып киргенден бери Рим папасы катуу сынга кабылган. Ал Украинаны жетиштүү колдобой, агрессордун иш-аракеттирин жактоодо деп айыпталган.
Толук кандуу согуш башталгандан бир ай өтпөй понтифик өз ыктыяры менен Москвага учуп барып, президент Путин менен жолугууну суранган. Ошол эле учурда ал Киевдин чакыруусунан баш тарткан.
"Киевге мен азыр барбайм. Мен адегенде Москвага барып, Путин менен жолугушум керек", – деген понтифик журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал күткөн Мосвага чакыруу дагы келген жок. Акыры 2022-жылдын 2-октябрында – согуш башталгандан жарым жылдан кийин, понтифик Ыйык Петр аянтындагы борбордук балкондон орус президентине ачык кайрылуу жасаган. Анда Путинди Украинада "зордук-зомбулук менен өлүмдүн уюгун токтотууга" үндөгөн.
2024-жылы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн каршы чабуулу ийгиликсиз аяктагандан кийин Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Киев өз жарандарын сактап калуу үчүн "ак желегин көтөрүп" Москва менен сүйлөшүүгө барыш керек деп айткан. Анын мындай билдирүүсү чуу жаратып, украин расмий адамдары тарабынан сынга кабылган.
Кийин Ватикан Францисктин айтканына түшүндүрмө берип, тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөр биринчи кезекте Орусиянын агрессиясынын токтотулушуна негизделиши керек экенин, "понтифик адилет жана туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн дипломатиялык жолдору үчүн шарт түзүү" тууралуу кеп кылганын белгилеген.
Согуш жана пандемия учуруна дал келген башкаруу
Дүйнө жүзүн Covid-19 вирусу каптаган учурда Рим папасы Ыйык Петр аянтындагы салтка айланган билдирүүлөрүн токтоткон. Руханий лидер катары жапырт эмдөөнү жүргүзүү жалпы жоопкерчилик экенин жарыялаган.
2022-жылы 95 жаштагы Бенедикт XVI көз жумгандан кийин, өзүнөн мурунку кесиптешин оо дүйнөгө узаткан биринчи Рим папасы бойдон кала берди. Андай жөрөлгө акыркы жүз жылдан бери кайталана элек болчу.
Ал убакытка понтифик бейтапканада бир топ дарыланууларды баштан өткөрүп, ден соолугу начарлай баштаган. Ага карабай, дүйнөлүк тынчтыкты жана диндер аралык диалогду бекемдөөдө чечкиндүү иш-аракеттерин уланта берген.
2023-жылы Түштүк Суданга зыярат сапары менен барып, өлкө лидерлерин тынчтык орнотууга чакырган. Арадан бир жыл өтпөй Индонезия, Папуа-Жаңы Гвинея, Чыгыш Тимор жана Сингапур өлкөлөрүнө амбициялуу узак мөөнөттүү иш сапарына аттанган.
Ватиканды өзгөртүүгө умтулган
Хорхе Марио Бергольо Ватиканды өзгөртүүгө умтулуп, Ыйык Петрдин тактысына келген. Бирок ал убадалагандай эле көп нерсени өзгөрткөнгө чамасы жетти.
Ал 140тан ашык кардиналдарды европалык эмес өлкөлөрдөн дайындаган. Ошондой эле өзүнүн мураскоруна глобалдык көз карашка ээ болгон чиркөөнү мураска калтырган.
Ал салттуу түрдө Ватикандын Апостолдук сарайында эмес, анын жанындагы заманбап үйдө жашоону чечкен. Өз учурунда Иоанн Павел II Рим папасы аны конок үйү катары курдурган. Муну ал үлгү катары, ашыкча шаан-шөкөттү жактырбаган Рим папасы көрсөткүсү келген.
Ошондой эле ал чиркөөнүн тарыхый миссиясын бекемдеп, ички чыр-чатактарды жеңип, жакырларга көңүл буруп, чиркөөнү элге кайтарууга үмүттөнгөн.
"Биз "өз дүйнөсүнө" чөмүлгөн чиркөөнүн руханий оорусунан алыс болушубуз керек. Эгер мен карапайым эл менен иштешүүгө далалат кылган чиркөө менен оорулуу, жабык чиркөөнүн бирин тандай турган болсом, мен биринчисин тандамакмын ", – деген ал. (КВ)