Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышы: эми эмне болот?

Святослав Хоменко, Би-Би-Си

Украин-америка алакасындагы эң эле чыңалган түндөн кийин эмне болуп кетти, эми мындан аркысы кандай болот деп акыл калчай турган убакыт келди. Эки лидердин жолугушуусунда эмне болуп ырк бузулганын, ал кантип күчөп кеткенин баары эле көргөндөй болду. Бул Трамп менен Зеленскийдин ортосунда эле эмес, айтылуу Овалдык кабинеттин тарыхында ачыкка чыккан эң эле кызыл чеке талаштын бири болуп калды.

Чынында эмне жөнүндө талаш болду?

Формалдуу жактан алганда Киевдин делегациясы Украинанын убайым жаратып келе жаткан кен байлыктары боюнча макулдашууга кол койгону Ак үйгө келген. Бул документ украиналык жана америкалык тараптардын бир нече аптага созулган сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы эле. Бул документ андан ары карай деталдуу макулдашууларга жеткире турган, бирок соңку ишембиге карата алганда али ишке аша элек документ эле.

Ошондуктан украиналыктар жана Зеленский Дональд Трамп Владимир Путин менен жолугушканга чейин сүйлөшүп алууга ушул жалпы меморандумга кол коюуну шылтоо катары карашканы анык.

Ресурстар боюнча макулдашуу дегендин зор көлөкөсүнүн аркасында Трамптын азыркыга чейин айтылбаган "тынчтык келишими" турат. Америка президенти аны Украинадагы согуштун соңуна алып бара турган жол катары көрөт.

Дональд Трамптын "биз макулдашууга кол коюшабыз же биз кетебиз" деген фразасы түпкүлүгүндө ресурстар боюнча келишимге гана такалбайт. Ал келишимге ошол күнү кол коюу ыктымалы дээрлик жок болчу. Америкалык президент конфликтти бүтүрүү боюнча менин алгоритмиме макул болгула же болбосо биз муну менен мындан ары алек болбойбуз деши толук ыктымал.

Иш жүзүндө Киев менен Вашингтондун согушту кандай аяктоо керек деген маселедеги көз караштары бири-бириникинен кескин айырмаланат. Соңку чырлуу жолугушууда Дональд Трамп аны жашырган жок. Ал Украина менен Орусиянын тынч алакасын калыптандыруу үчүн ок атышууну тезинен токтотууну жактайт. Володимир Зеленский болсо кепилдиктери жок туруп "жөн эле ок атышууну токтотуп коюуга" каршы. Украин тарап Орусия менен мындай "тажрыйбага" оозу күйгөн.

Трамп болсо бул жолу башкача болот, Орусия аны "сыйлайт" деген жүйөөнү бетке кармап жатат. Зеленский болсо ага каршы. "Сиз албетте укмуштуудай президентсиз, бирок бизге жарашуу боюнча кандай гана келишим болбосун аны ишке ашыруу үчүн ишеним бере тургандай кепилдиктер зарыл" деп жатат.

Украинага коопсуздук кепилдиктери керек, ага АКШнын аскерлери да тартылса деген сөздөр Трампты териктирип, анын кадыр-баркы Путинди жаңы согуштардан ооздуктоого жетишсиз чара дегенге тим эле кыжыры кайнап жатат. Бул Овалдык кабинеттеги соңку кер-мур айтышта кашкайып эле көрүнүп калды.

Ошол окуялардан кийин Трамп Зеленский тынчтыкка даяр болгондон кийин аны кабыл алууга даяр экенин айтканы дал ушуну туюндурат. Ал "ок атышууну токтотууга" даяр болгондо кел, коопсуздук кепилдигин талап кылба, башка сунуш болбойт дегендегиси.

Трамптын ою Зеленскийди ынандырбайт. Ал тынчтыкка даяр экенин, бирок тынчтык "адилеттүү жана узак мөөнөттүү" болушун талап кылып, Трамптын сценарийинен болсо андайды көрбөй жаткандыгына ынандырууда.

Пландалган "тузак" беле же кокустан болуп кеттиби?

1-мартта эле бир топ журналисттер жана жөн гана интернет колдонуучулар Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу алдын ала чечилип, Овалдык кабинетте болсо кылдат пландалган сценарий ишке ашты деп болжоп жатышат.

Мындай теорияны жактагандар бир топ майда деталдарга көңүл бурушууда. Зеленскийди адегенде президент менен жолугушууга эмне себептен костюм кийип келген жоксуң деген суроо менен эмоционалдык жактан "олку-солку" кылып салып, андан соң президенттердин сөзүнө ойдо жок жерден эле Жей Ди Венс аралашып кетти. Көп узатпай эле Трамп экөөлөп эки жагынан Зеленскийди жемелегенге өткөндөй болушту. Зеленский болсо кызыган жаакташуу өз эне тилинде болбогондуктан англис тилинде абдан эле ыңгайсызданып жатты.

Кайым айтышуу күчөй баштаганда эле дароо прессаны Овалдык кабинеттен чыгарып жибербегендин өзү дагы шек жаратканын кошумчалай кетүү керек. Кыязы Дональд Трамп бул айтышуу тезинин дүйнө жүзү боюнча телеканалдардын эфирине чыгып, дүңгүрөп кетишине кызыкдар болду көрүнөт.

Чагымдын мааниси жөнөкөй эле дешет бул ойду жактагандар. Трамп президенттигинин биринчи айында эле Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтыкка жетишүү оңой-олтоң эмес экенин, ал жөн эле колунан келбей турганына ынанды (Трамп шайлоо алдындагы үгүт маалында Украинадагы согушту заматта эле токтотуп коё ала тургандыгын, бул иш өзүнөн башка эч кимдин колунан келбей тургандыгын айтып, бир нече жолу убада берген. Бирок аны кантип ишке ашыра тургандагы боюнча бир да жолу тактап, чечмелеп айткан эмес). Анткени Путин Киевди толугу менен капитуляция кылмайын согушту токтотуу ниети жоктой.

Киев болсо капитуляцияга макул эмес. Путинди кысмакка алууга Трамптын мүмкүнчүлүгү да, каалоосу да жок. Ошондуктан эң эле жакшы жолу украин темасынан "секирип" өтүп, украин президентин сүйлөшүүлөргө жөндөмсүз деп камералар аркылуу жар салуу.

Экинчи жагынан, украин жана америка президенттеринин пикир алышуусу ансыз деле кыйла чыңалган абалда өткөндүгүн Володимир Зеленскийдин Жей Ди Венске кайрылып, украин – орус конфликтинде дипломатия ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн деп ремарка жасаганы ого бетер отко май чачкандай удургутуп жибергенин дагы белгилей кетүү керек.

Зеленскийдин мындай ою америкалыктардын короосуна таш ыргыткандай эле кабыл алынды. Алар аны силердин бул аракеттериңерден эч кандай жыйынтык чыкпайт дегендей туюшту. Ак үйдүн азыркы кожоюндары өз даректерине карата мындай шибегедей тийген сөздү кабыл алышпайт. Сөздөн чуу чыгары турган иш эле.

Ооба, Зеленскийди сөз менен туш-тушунан чыгып, баарына "кол шилтеп жибергидей" кылышты. Чынында кээ бир сөздөрдү угуу ага өтө эле оор болду. Анын ордунда кайсы гана украиналык болбосун ушундай эмоцияга туш болмок. Бирок Зеленский азыркы америкалык администрациянын өкүлдөрүнүн стили менен сүйлөшкөн биринчи саясатчы эмес (анын ичинде чет өлкөлүк биринчи лидер эмес). Узаган аптада Франциянын президенти Эммануэль Макрон барган учурда Трамп керек болсо Ак үйдүн алдына чыгып тосуп алган жок. Бирок Трамптын башка маектештери өз эмоцияларын басуунун ар кандай ыкмаларын таап же эмоцияларын сүйлөшүүлөрдүн жабык бөлүгүндө билдиришти.

Кайрадан эле Ак үйдө кабарчылардын жүрүшү америкалыктар чындап эле украиналыктар менен кен байлыктар боюнча макулдашууларга кол коюуга камынышканын айгинелеп турат жана салтанаттуу шаан-шөкөттүн токтотулушу чындап эле базалык сценарийден чыгып кеткендей көрүндү.

Европа эмне кылат?

Овалдык кабинеттеги кайым айтышуудан кийин дароо эле европалык лидерлердин көпчүлүгү Володимир Зеленскийге колдоо көрсөтөрүн билдиришти. Бул Украина күрөштө жалгыз калбайт деген үмүттү тартуулайт.

Евробиримдиктин башкы дипломаты Каи Калластын эркин дүйнө жаңы лидерге муктаж болуп турат деген сөзү — Атлантика океанынын эки жээгинин геосаясий тирешинин башталышы катары каралат. Европа Орусияны майрамдатып коюп эле, Украинаны жалгыз калтырбай турганын убада кылууда.

Ошол эле учурда жалындуу сөздөр менен колдоп, тилектештик билдирүү эгерде конкреттүү иштер менен коштолуп, "материалдык жактан" бекемделип, саясий жактан (мисалы, санкцияларды киргизүү же күчөтүү, активдерди тоңдуруп же конфискациялоо), каржылык жана аскердик көмөк жагынан колдоо болбосо, таасири деле болбой турганын Киевдегилер эле эмес, башка жактагылар дагы билишет.

Көп мезгил өткөндөй сезилген Мюнхен конференциясы жана анда Жей Ди Венс АКШ менен Европанын мамилесинде жаңы доор башталганын туюндуруп, ойго келбеген сөздөрдү сүйлөгөндөн кийин, көбүртүп-жабыртылган билдирүүлөрдүн сериясы чыкты. Ошондон соң европалык лидерлердин Парижде шашылыш жыйын курганы менен жыйынтыгы аз болду.

Ошентип Европа өз алдынчалыгын көрсөтүп, континеттин коопсуздугуна байланышкан негизги суроолорду өз алдынча чече алышарын демонстрация кылышы керек же болбосо бул боюнча бирдиктүү позицияга келе албай тургандыгын билдирип, Москва менен Вашингтондун европалыктардын келечеги тууралуу алардын катышуусусуз, өздөрү билгендей чечишине макул болууга аргасыз. Эгерде андай боло турган болсо, адегенде украин маселесинен башташат, андан аркысы кандай болоору белгисиз.

Бул жагынан алганда Британиянын премьер-министри Кир Стармердин Украинанын коопсуздугу жана суверенитети боюнча чечимдерди табуу маселесинде Европанын эч кимге кылчактабай турган бекем колдоосун көрсөтүү жана туюндуруу максатында 2-мартта уюштурган жыйыны өзгөчө мааниге ээ болот деп айтылган. Бул жыйынга катышуу үчүн Зеленский дагы Лондонго барды. Бул жыйынга кимдер катышаары толугу менен белгилүү болгон эмес. Маалымат каражаттары азыр Украина маселесине жигердүү, билек түрүп киришүү зарылдыгын так түшүнгөндөр чогула турганын жарыялашкан.

Дональд Трамп менен дагы, Володимир Зеленский менен дагы жакшы мамилеси бар делген Италиянын өкмөт башчысы Жоржи Мелони демилге көтөргөнүн сөзсүз белгилей кетүү керек. Ал Овалдык кабинеттеги чуулуу жолугушуудан кийин тез арада "АКШ жана Европа мамлекеттеринин лидерлеринин жана союздаштарынын ортосунда" саммит өткөрүп, "учурдун чакырыктарын", биринчи кезекте украин кризисин талкуулоо керектигин билдирди. Таасири күчтүү делген катышуучулар, өзгөчө Вашингтон бул сунушка эмне деп жооп кайтарганы азырынча так белгисиз.

Зеленскийдин саясий келечеги коркунучтабы?

Овалдык кабинеттеги жаакташуу жана аны коштогон америкалык администрациядагылардын комментарийлери АКШ менен Украинанын ортосундагы алака жөн гана мамлекеттер ортосундагы мамиле деген деңгээлге түшүп калгандай ойго түртөт.

Анда америкалык тараптыкы басымдуулук кылып турат. Вашингтондун бир катар өкүлү Володимир Зеленский азыркы позициясы менен чоң көйгөйдүн ичиндеги көйгөйдүн бир бөлүгүнө айланды деп эсептешет.

Бул боюнча Украинанын ынак досумун деп согуш башталгандан бери карай Киевге бир нече жолу барган республикачыл-сенатор Линдси Грэм ачык айтып чыккандардын сап башында болду. Овалдык кабинеттеги кайым айтышуудан кийин ал Володимир Зеленский түп тамырынан өзгөрүшү керек же отставкага кетиши керек деп билдирди.

Бул суроого саясий боёк да чачылып кетти. Fox News телеканалы эфир учурунда Украинанын президенти Зеленскийге кайрылып, кызматтан кетүүгө камылга тууралуу сурады. Зеленский бул маселени бир гана украин эли чечет деп жооп берди. CBS News болсо Ак үйдөгү булактарына таянып, "Трамп Украинадагы режимдин алмашуусуна умтулбаганын, Зеленскийдин ордуна украиналык кайсы лидер жакшыраак болмок" деген талкуу жүргүзбөгөнүн билдирди.

Кандай болгон күндө дагы Трамп менен Зеленскийдин соңку кайым айтышуусунан кийин эки лидердин ортосундагы "химия", жумшартып айтканда натыйжалуу кызматташуу болбойт окшойт деп констатация кылганга жол ачты. Бул эгерде биз так ушундай типтеги лидерлер тууралуу сөз кылып жатсак абдан маанилүү жагдай. Эки президент тең эмоционалдуу, көп учурда жеке мамилелерге байланыштырып иш кылышат деп саналат.

Бирок Овалдык кабинеттеги талаш Украина менен АКШнын ортосундагы баардык мамилелерге чекит койду дегенди билдирбейт. Ошол эле мамлекттик катчы Марко Рубио Володимир Зеелнский бул инцидент боюнча кечирим сурай турган болсо кайра эле сүйлөшүүлөр уланаарын жокко чыгарган жок. Карнеги фондунун Орусия жана евразия боюнча эксперти Эрик Чиарамелла Washington Post басылмасына маек куруп, пикирин билдирди. Анын жүйөсүнө караганда, Зеленский Вашингтон менен сүйлөшө турган атайын чабарманын дайындашы керек. Анны оюнча ал чабарман азыркы украин администрациясына тиешеси жок, Вашингтон сыйлай турган адам болушу зарыл.

Деген менен мунун баарын украиналык интернет колдонуучулар арасында, керек болсо кофеканалардагы сүйлөшүүлөрдө дагы башкы темага айланып, ал эле эмес, азыркы украин бийлигин жактабагандар дагы Зеленскийге ыраазычылык айтып, Украинанын кызыкчылыгы үчүн туруп берди деп тилектештигин билдирип жатышат. Алар согушуп жаткан тарапташтарынын намысын коргоп, дүйнөдөгү эң кубатуу мамлекттин лидерине тике карады деп алкашууда.

Коомдук сайттардагы Зеленский мүмкүн өз саясий карьерасындагы эң маанилүү сүйлөшүү учурунда эмоциясын ооздуктап турса болмок деген сыяктуу сын көз караштарга карабай бул көрүнүштөн улам кыска мөөнөттүү перспективада "бир туунун алдында биригүү" эффекти күтүлөт жана америкалыктар менен диалогдо адилеттүү дүйнө деген талапты жактай алды деп президент Зеленскийди колдоо деңгээли дагы өсөт.