Ысыктын канчалык кооптуу экенин кантип аныктаса болот?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Нидаль Абу Мрад
- Role, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы
Климаттын өзгөрүшү өтө ысык толкундардын пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатары жалпыга маалым. Түндүк жарым шарда жай айларында температуранын кескин көтөрүлүшү менен Европанын көпчүлүк бөлүгү, ошондой эле АКШнын айрым аймактары жана Түндүк-Чыгыш Азия адаттагыдан алда канча ысык шарттарга туш болууда.
Бул өзгөчө карылар, балдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар сыяктуу калктын аялуу катмарынын саламаттыгына бир катар коркунучтарды жаратат.
28-июнда Испаниянын Эль-Гранадо шаарында абанын температурасы 46°C градуска жетип, июнь айы үчүн жаңы рекорд коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук метеорология кызматы билдирди. Ошондой эле өткөн ай тарыхтагы эң ысык июнь болушу мүмкүн экени айтылды.
Бирок сандар адаштырышы мүмкүн: жогорку температура ар кайсы аймактарда ар башкача сезилет. Мисалы, кургак жана нымдуулугу төмөн аймактарда (борбордук Канаданын айрым жерлеринде) жана дем алууну оорлоткон нымдуу климатта (Перс булуңунун тегереги сыяктуу аймактарда ) ысык түрдүү даражада кооптуу болушу ыктымал.
Мына ушундай шарттарда "нымдуу термометр" ыкмасы колдонулат: бул ысык менен нымдуулуктун өмүргө коркунуч жарата турган айкалышын өлчөй турган ыкма. Бирок бул эмне жана бул ыкма кантип иштейт?
Нымдуу термометр температурасы деген эмне?
Бардыгыбызга белгилүү болгондой, термометр абанын канчалык ысык экенин көрсөтүп, температураны өлчөйт.
Нымдуу термометрдин температурасы эки компоненттен турат — жылуулукту жана нымдуулукту (абадагы нымды же суудагы буусунун көлөмүн) өлчөйт.
Алар кантип өлчөнөт?
Эң жөнөкөй ыкмада бала кезде көрүп эле жүргөн кадимки айнек термометр колдонулат. Анын учуна суу менен нымдалган кебезди оройбуз.
Бул учурда термометр суу бууланган учурдагы температураны көрсөтөт. Буулануу учурунда суу жылуулукту өзүнө сиңирип, термометрди муздатып жиберет. Бул "нымдуу термометрдин температурасы" деп аталат.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Адамдын организми өзүн муздатуу үчүн тердейт: тер аркылуу бөлүнгөн суу ашыкча жылуулукту өзүнө тартып алып, дене салкындай түшөт.
Бул процесс кургак аймактарда жакшы иштейт, бирок абдан ысык жана нымдуу региондордо натыйжасы кыйла төмөн. Эгер сырттагы абанын температурасы дененин температурасына жакын болуп, ошол эле маалда нымдуулук да жогору болсо, денени тер аркылуу муздатуу дээрлик мүмкүн болбой калат.
Анткени аба буга чейин эле нымдуулукка толуп калган болот да, терден чыккан нымды сиңире албай калат. Натыйжада тердин буулануу ылдамдыгы төмөндөйт, адам өзүн муздата албай калат.
Өтө кооптуу учурларда адам тердөө жөндөмүн толук жоготушу мүмкүн. Бул болсо өлүмгө алып келиши ыктымал.
Ысык организмге кандай таасирин тийгизет?
- Организмде суюктук жетишсиз болгондуктан баш айланып, эс-учун жоготуу сезими пайда болот;
- Организм интенсивдүү иштегендиктен жүрөктүн кагышы тездейт;
- Териде исиркектер пайда болот, ал аркылуу организм жылуулукту жоготот;
- Териден тер бөлүнүп чыгат;
- Тер бууланып, дене муздайт;
- Кан айлануу тездегендиктен бут шишип кетиши мүмкүн;
Ысыктан кантип сактануу керек?
- Суу ичиңиз, суюктугу көп тамактар менен азыктаныңыз;
- Аба өткөргөн кийим жана баш кийим кийип жүрүңүз;
- Көлөкө жерде болуп, азыраак басып, физикалык активдүүлүктү азайтууга аракет жасаңыз;
- Дененин температурасын төмөндөтүү үчүн желдеткичтерди, муздарды колдонуп, чайынып туруңуз;
Кандай температураны кооптуу деп эсептөөгө болот?

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2020-жылы Science Advances журналына жарыяланган изилдөөгө ылайык, 35°C градус болгон нымдуу термометрдин температурасы адамдын организми үчүн эң жогорку физиологиялык чек болуп саналат. Ал эми андан төмөнкү көрсөткүчтөрдүн өзү деле ден соолукка жана эмгекке жөндөмдүүлүккө олуттуу таасир тийгизет.
Негизинен жылуулук менен нымдуулуктун айкалышы нымдуу термометр температурасы 35°C градустан жогору болгондо адамдын денеси айлана-чөйрөгө жылуулукту бөлүп чыгарбай калат дегенди билдирет. Натыйжада органдар иштебей, аягы өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Эгер адамдарда кондиционер болбосо, алар бир нече сааттын ичинде каза болушу ыктымал.
Кийим-кечесиз көлөкөдө эс алып жүргөн, суусу кенен дени сак адамдардын да өмүрү да мындай учурда коркунучка кептелет.
Адатта нымдуу термометрдин температурасы кадимки термометрге караганда төмөн болот. Ал сейрек учурда гана 35°C градуска жетип, узак убакыт же кеңири аймакта сакталат. Бирок бул дайыма эле ушундай боло бербей калышы да мүмкүн.
Глобалдык жылуулук кандай роль ойнойт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аба канчалык ысык болсо, ал ошончолук көп нымдуулукту кармай алат.
Ушундан улам глобалдык температуранын жогорулашы менен нымдуулук да көтөрүлөт деп күтүлүүдө. Бул болсо нымдуу термометр көрсөткөн температуранын жогорулашына алып келет.
Science Advances журналында 2020-жылы жарыяланган изилдөөгө ылайык, дүйнөнүн айрым аймактарында, мисалы, Түштүк Азияда жана Перс булуңунда акыркы 40 жыл ичинде ысык жана нымдуулуктун экстремалдуу айкалыштары эки эсеге көбөйгөн.
Аталган изилдөө эгерде глобалдык жылуулукка каршы чаралар көрүлбөсө, мындай кооптуу деңгээлдер мындан ары да кеңири жайылып, узакка созулушу мүмкүн деп божомолдойт.
Бирок нымдуу термометр 35°С сыяктуу кооптуу чекке жетпесе да, ал кайсы аймактарда ысыктын толкундары өмүргө эң чоң коркунуч туудурарын жана кимдер эң чоң тобокелчилик алдында турганын көрсөтүп бере алат.
"Маселен, Индияда курулушта же жеткирүү кызматында иштегендер ачык асман алдында иштөөгө аргасыз. Маянасы аба ырайынан көз каранды болбогон адамдардан айырмаланып, аларда иштеп акча табуунун башка жолу жок", — дейт климаттын өзгөрүшү жана адаптация маселелерине адистешкен Индиянын Бизнес мектебинин изилдөөлөр боюнча директору Анжал Пракаш.
Бул маалыматтар адамдардын өмүрүн сактап калууга кантип жардам бере алат?
Нымдуу термометр боюнча өлчөө кайсы аймактар жашоо үчүн кооптуу чекке жакындап калганын түшүнүүгө жардам берет. Бул маалыматтардын негизинде бийлик органдары ысыкка ыңгайлашуу боюнча так чараларды көрө алышат.
"Мисалы, эгерде айрым аймактарда нымдуу термометрдин көрсөткүчү алдыдагы 10 жылда 35°C градуска жетиши мүмкүн деп божомолдонсо, алдын ала эскертүүчү системаларды түзүү, мектептерде сабактар тартибин өзгөртүү жана температураны төмөндөтүүгө багытталган атайын чараларды кабыл алуу менен бийлик ысыкка даярдана алат"
— деп түшүндүрөт профессор Анжал Пракаш.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азыр абал канчалык начар жана бара-бара дагы кыйын болобу?
Илимпоздор дүйнө жүзүндө экстремалдуу ысык учурлары көп катталып жатканына тынчсызданышууда.
2022-жылы Түштүк Азиянын көпчүлүк бөлүгү өтө катуу ысык толкунуна туш болду. Индия менен Пакистанда абанын температурасы 50°C градуска жетип, рекорд коюлду.
"Мен пакистандыктардын сыртка чыкканда өздөрүн өрткө курчалып калгандай сезишкенин баяндаган билдирүүлөрүн окудум. Алар ысыкты дал ушинтип сүрөттөшөт", — деди профессор Анжал Пракаш Би-Би-Сиге берген маегинде.
2023-жылдын жай мезгилиндеги ысыктын толкуну Европанын чоң бөлүгүн, өзгөчө Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги өлкөлөрдү — Грецияны, Италияны, Испанияны, Түркияны жана Кипрди каптады. Айрым аймактарда күндүзгү температура 40–45°C градуска чейин жеткен.
2023-жылы дүйнө жүзүндө абанын рекорддук ысышы көптөгөн аймактарда өзгөчө кырдаал жаратты. Канаданын жана АКШнын айрым аймактарында токойлор өрттөнүп, Чыгыш Африканын айрым бөлүктөрүндө узакка созулган кургакчылык өкүм сүрүп, суу ташкындары каптады.
2024-жылы орточо глобалдык температура өнөр жай революциясына чейинки мезгилге салыштырмалуу болжол менен 1,55°C градуска жогору болуп, мурунку жылы коюлган рекорддон 0,1°C градустан ашып түштү.
2015–2024-жылдар аралыгы дүйнөлүк тарыхтагы эң ысык мезгил болуп калды. БУУнун алдындагы Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2024-жыл бүгүнкү күнгө чейинки эң ысык жыл болгонун билдирди.
"2024-жылдагы жогорку температура климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө 2025-жылы жаңычыл чараларды талап кылат", — деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.
"Климаттык катастрофанын эң жаман сценарийинен качууга али мүмкүнчүлүк бар. Бирок лидерлер азыр аракет кылышы керек", — деп эскертти ал. (АА)








