Көчөдө гүл, базарда гүл, дүкөн да гүл... Розага толгон Бишкек

Аялзатка аппак роза...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аялзатка аппак роза...

Аялдардын эл аралык күнү Бишкекте да кызуу белгиленип жатат. Чыкыроон сууктан кийинки жылуу күн, ачык аба-ырайы майрамды ого бетер көркүнө чыгарды. Гүл болсо бул майрамдын символу болуп калган эмеспи. Гүл алып күлмүңдөгөн энелер, кучак толо букети ажарын ачкан айымдар, жүз бир розасы жүзүнөн нур чачыраткан селкилер борбор калаанын көчөсү сайын кезигет.

Би-Би-Си Бишкектин гүл оронгон жайларынан тамашалуу сүрөт баян тартуулайт.

Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер, жазды силер, силер алып келдинер... (Рыспай Исаков)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер, жазды силер, силер алып келдинер... (Рыспай Исаков)
Гүлдөрдүн ханышасы атыккан розалар...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлдөрдүн ханышасы атыккан розалар...
Тюлпанды тандайбы же розага ыктайбы деп эле баш катырган жигиттер...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тюлпанды тандайбы же розага ыктайбы деп эле баш катырган жигиттер...
Гүл дүкөндөр гүлдөп жаткан учур...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүл дүкөндөр гүлдөп жаткан учур...
Акчасын аябаган март жигит ак розаны тандаган экен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акчасын аябаган март жигит ак розаны тандаган экен

Ош базар бүгүн - гүл базар...

Көртириликтин товарына толгон базар бүгүн гүлзар. Гүл базар гүүлдөп жатыптыр...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көртириликтин товарына толгон базар бүгүн гүлзар. Гүл базар гүүлдөп жатыптыр...
Гүлдөн гүл тандагандар...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлдөн гүл тандагандар...
Бири-бирин көрөлү деп батыраак, Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат... (Анатай Өмүрканов)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бири-бирин көрөлү деп батыраак, Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат... (Анатай Өмүрканов)
Роза гүлүм тартып мени өзүңө, Айперидей көрүнөсүң көзүмө... (Асан Жакшылыков)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Роза гүлүм тартып мени өзүңө, Айперидей көрүнөсүң көзүмө... (Асан Жакшылыков)
Ош базар бүгүн башкача
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош базар бүгүн башкача

Көчөдөгү майрам шаңы

Бишкектин көчөсү жаз жыттанды...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин көчөсү жаз жыттанды...
Жамгырдан кийинки козу карындай жайнаган жайма базарларда жайнаган гүл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жамгырдан кийинки козу карындай жайнаган жайма базарларда жайнаган гүл
Кучагыңыздар гүлгө, көөдөнүңүздөр ырга толуп турсун...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кучагыңыздар гүлгө, көөдөнүңүздөр ырга толуп турсун...

Гүл өстүрүүчүлөрдөн кеңеш:

Майрамда кучак толо гүл алып, алар тез эле соолуп калышын эч ким каалабайт. Гүл узакка чейин соолубай, жыты аңкып, чанагы ого бетер ачылсын десеңиз жөнөкөй эрежени унутпаңыз. Сатылып алынган гүл сиздин колго жеткенче түбү кургай түшөт. Мүмкүнчүлүк болору менен дароо анын сабагынын түбүнөн 3-4см кесип алып салып, сууга салыңыз. Себеби учу кургай түшкөндүктөн ал жыгач сыяктуу катып, азыкты ары өткөрбөй коёт. Гүл саткан дүкөндөрдө 20-30 сомдун тегерегинде атайын каржат сатылат, аны сатып алып, азык катары суусуна себелеп коюңуз. Айрым айлакер айымдар белекке келген розаны ыргытпай, туура кам көрүп, керек болсо аны бутактатып өстүрүп жиберген мисалдар да бар. Кызыксаңыз сиз да байкап көрүңүз...