You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мээрим Жуманазарова - дүйнө чемпиону
Ослодо өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Мээрим Жуманазарова кыргыз командасына дагы бир алтын медаль алып келди. Ал финалда жапондук атаандашын биринчи эле мүнөттө көтөрүп чаап, жеңишти камсыз кылды.
Мындан мурда бул чемпионатта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль жеңип алып, экинчи жолу дүйнө чемпиону болгон. Ал эми Айпери Медетбек кызы коло медаль алган. Ал эми жигиттер бир күмүш, бир коло медаль алышты.
Ошентип азыркы учурда кыргыз командасы эки алтын, бир күмүш, эки коло медаль менен командалык зачетто төртүнчү орунга чыкты.
Бул чемпионат кыргыз балбандары үчүн эң ийгиликтүү учур болуп калды. Алтын, күмүш, коло медаль катар-катар утуп алган учур кыргыз спортчуларында буга чейин боло элек эле.
Мээрим Жуманазарова 22 жашта, Таласта туулуп өскөн. Токиодогу олимпиадада коло медаль алган. Ал ошондой эле 2020-жылы Алматыдагы Азия чемпионатында дагы алтын медалга татыктуу болгон. (КС)
Кыргызстанда Казакстандын маданий күндөрү белгиленип жатат
Иш-чаранын расмий ачылышы бейшембиде Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өттү. Ага кыргыз президенти Садыр Жапаров дагы катышты.
Гала-концертте эки өлкөнүн маданият чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүштү, алардын ичинде СССРдин эл артисти Алибек Днишев, Казакстандын эл артисти жана Казакстандын эмгектин баатыры Роза Рымбаева, Казакстандын эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаева бар.
Бишкекке мындан тышкары, Абай атындагы казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Казакстандын Курмангазы атындагы казак улуттук эл аспаптары оркестри, “Астана балет” театры, домбрачылар ансамбли, “Арлан” улуттук салттар театры, “Туран” фолклордук-этнографиялык ансамбли, “МузАрт” эстрадалык тобу келди.
Бүгүн Бишкекте казак кинолору көрсөтүлүп, музейлерде казак өнөрпөздөрунун көрсөтмөлөрү өтөт. (EK)