You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкекте “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бүгүн Бишкекте “Кумтөр” алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жатканын Kumtor Gold Company билдирди.
Жолугушуу жабык видеоконференция форматында өтүп жатат. Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөр боюнча расмий маалымат бере элек.
Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Юстиция министри Аяз Баетов, Kumtor Gold Company ЖАКтын сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышты. Ал эми экинчи тараптан “Центерра Голддун” президенти жана башкы директору Скотт Перри катышууда.
“Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен катышуучулар талкууну 24-декабрда улантууну чечишти”, -делет бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө.
Кыргыз бийлиги "Кумтөр Голд" компаниясын 17-майдан бери өзү иштетип келе жатат. Алтын өндүрүшүнүн көлөмү боюнча кыргыз өкмөтү буга чейин учкай гана маалымат берип келди.
“Биз алтынды чет мамлекетке саткан жокпуз. Азыр сот болуп атпайбы. Алтынды сатканга деле мүмкүнчүлүгүбүз бар. Good delivery статусун алып койбодубу. "Кыргызалтындын" делегациясы жакында эле барып сүйлөшүп келди. Айткан шарттарын толуктап аткардык. Жакында бул статусту кайра берет го деген ишенич бар. Бирок бул жөн гана статус. Ал эми алтынды чет жакта сурап аткандар көп. Ошол баа менен алабыз дегендер, аны издегендер көп. Кыргызстанда Кумтөрдөн тышкары жети-сегиз тоннадай алтын өндүрүлөт. Алар деле сатылып атат. Мен бир топ эле мүмкүнчүлүктү көрүп атам",- деди Кумтөр алтын кенинин тышкы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк жакында эле Би-Би-Сиге берген маегинде.
Буга чейин 14-декабрда Кумтөр ишине байланыштуу Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келип-кеткен эле. Ал "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берген. Эксперттер Акаев Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдө Акаев кыргыз өкмөтү үчүн көзүр экенин белгилеп келишет.
Кумтөр кенинин ишин 17-февралдан тарта иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган эле.
Мындан сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
Бирок каршы тарап дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.