Германиядагы шайлоо: Социал-демократтар Меркелдин партиясын артта калтырды

Пол Кирби, Берлин, BBC News

Германиядагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, Социал-демократтар партиясы (SPD) бир аз гана айырмачылыктар менен канцлер Ангела Меркелдин партиясынан озуп, жеңишке жетти.

Социал-демократтар 25,7%, ал эми бийликтеги христиан-демократиялык блок 24,1% добушка ээ болду.

Жашылдар 14,8% менен үчүнчү орунду камсыздап, өз тарыхында эң мыкты көрсөткүчтү багынтышты. Эми өкмөттү куроо үчүн коалиция түзүлүшү керек.

Меркелдин ордуна келе турган Армин Лашет дагы эле өкмөттү курай турганын айткан менен бирок консервативдик Христиан-демократиялык бирикмеси (CDU) өзүнүн тарыхында эң төмөн добушка ээ болуп калды.

Социал-демократтар бир аз гана айырмачылык менен алдыда баратат, бирок соңку жыйынтыктар чыгарыла элек.

Социал-демократтардын лидери Олаф Шолцтун айтымында, партия башкаруу үчүн ачык жана даана ыйгарым укукка ээ.

Шайлоодо бир нече партиянын бирдей добушка ээ болуп калышы божомолдонуп келет, бирок бул шайлоону башынан бери эле божомолдоого оор болчу. Ал эми жыйынтыгы тарыхты эч качан акырына чыгармак эмес. Анткени, кызматтан кетип жаткан канцлер коалиция түзүлгөнгө чейин эч жакка кете албайт жана бул процесс Жаңы жыл майрамына чейин созулуп кетиши ыктымал.

Меркелдин ордуна келе турган киши Европанын алдыңкы экономикасын келечектеги төрт жылда башкаруу милдетин алат жана климаттын өзгөрүшү да шайлоочулардын башкы талаптарынын бири болот.

Социал-демократ колдоочулары Шолцту абдан сүйүнүү менен тосуп алышты. Бирок анын партиясы жеңишке жакындап калгандан кийин ал телеберүү аркылуу шайлоочулар ага “Германия үчүн жакшы, прагматикалуу өкмөт” түзүү тапшырмасын бергенин билдирди.

Анын консервативдүү атаандаштары жооп кайтарып, “арифметикалык көпчүлүктү” ээлеп алуу эмес, коалиция түзүү боюнча сөз жүрүп жатканын айтышты. Башкача айтканда, жеңүүчү баарын ээлеп албайт.

Жекшемби күндүн кечин жыйынтыктаган темалардын бири “Эки ыктымал канцлер жана эки падыша кылуучу” болчу. Чынында эле ошондой көрүндү.

Себеби, бийлик үчүн социал-демократтар менен консерваторлор эле күрөшүп жаткан эмес болчу. Эки “падыша кылуучу” Жашылдар (Grüne) менен бизнеске ыктаган либералдык Эркин-демократиялык партиясы (FDP) сунуштарга ачык эле.

Либералдардын эч бири озуп баратпаган болсо да алар биригип добуштардын төрттөн бирине ээлик кылышат жана эки чоң партияга тең чектен ашып өтүүсүн камсыздамак.

Алар ири партияларга караганда 30 жана андан төмөнкү жаштагы шайлоочулардын арасында белгилүү, бирок алардын бир жерде иш алып баруусун камсыздоо үчүн белгилүү бир жөндөмдөр талап кылынат.

Жашылдардын лидери Анналена Бербок Германиянын карызын азайткысы келет. Эркин-демократтардын лидери Кристиан Линднер Беркбоктун партиясынын “салыкты көтөрүү, карызды төлөө” идеясы үчүн убактысы аз.

Ошентип бардык ыктымал коалициялардын ичинен Жашылдар менен либералдар экөөсүнө кирген варианты натыйжа бериши мүмкүн.

Алардын бири жол чырак коалициясы. Ал партиялардын түсүнө негизделген. Кызыл (социал-демократтар), сары (эркин-демократтар) жана Жашылдар. Же болбосо Ямайка альтернативасы да бар: кара (христиан-демократиялык бирикме), сары (эркин-демократтар) жана жашылдар.

Германия биринчи жолу үч жактуу коалиция түзүүнүн алдында турат, бирок өлкө жаңы саясий доорго бет алып, сүйлөшүүлөр азырынча баштала элек.

Төрт ири партиядан тышкары радикалдык солчулдар менен ашынган оңчулдар үчүн бул түн бир беткей болгон эмес.

Солчулдар (Die Linke) 5% босогого жетпей калса, анда парламентке өтпөй калышы мүмкүн.

Ал эми ашынган оңчулдардын (AfD) өлкө боюнча алган добушу азайгандай болгону менен алар чыгыштагы Саксония жана Тюрингия аймактарында эң чоң партияга айланмакчы. (EA)