You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дарыгер: Сасык тумоо өтүшүп кетсе өмүрдү да алат
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Борбор калаада балдар арасында сасык тумоо абдан күч алды. Бул тууралуу мугалим, ата-эне, дарыгерлер дагы айтып жатат. Айрым дарыгерлер быйылкыдай санда ооругандарды көрө элек болчубуз дешет. “Ооруканаларда бут коёрго жер жок, кезек талашып урушмай, сааттап кезек күткөндөн тажадык” деген ата-энелер түрдүү кайрылууларды жолдоп жатышат.
Дарыгерге муктаждык күч болгондуктан балдар ооруканаларынын, дарыгерлердин иш тартибине дагы өзгөртүүлөр киргизилген эле. Сасык тумоонун айынан жардам сурап кайрылгандар дагы кескин көбөйгөнүн тез жардам кызматы да тастыктады. Сасык тумоо күчөп кетип, баланын кулагына, көзүнө дагы башка органдарына доо кетиптир деген оор учурлар бар экенин дарыгерлер эскертүүдө.
Би-Би-Си Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдагы жетекчиси, профессор Камчыбек Узакбаевге кайрылды.
К. Узакбаев: Негизи эле сууктун түшүшү менен сасык тумоо, суук тийүүдөн улам пайда болчу оорулар күчөйт. Бул боло келген көрүнүш эле. Бирок, быйыл бул өзгөчө катуу болуп жатат. Буга себептердин бири Covid-19 кошул-ташыл болуп бир тобунун иммунитетин солгундатып салды. Экинчи жагынан жылуу аба-ырайына көнө түшкөн балдар суук түшкөнүн капарына албай жеңил кийинип алып чуркап ойнойт. Алар тердеп, тери кургаганча азыр бат эле суук тийип калат. Көп деле тердеген эмес деп таң калбоо керек. Себеби, балдардын иммундук системасы назик келет. Мындай шартта кайсы мектеп же бала бакчада сасык тумоо күчөсө тиешелүү адис, жетекчилер менен кеңешип убактылуу жабуу зарыл. Сасык тумоонун азыркыдай күчөшү дагы канчага созулаары так белгисиз. Себеби, алыш-катыш абдан тыгыз да. Жакшы жагы окуучулар эс алууга чыгып жатат. Ушул жакшы таасирин берет болуш керек деп турам. Ата-энелер ушундан пайдаланып балдардын ден-соолугуна, иммунитетин көтөрүүгө умтулушу керек. Сасык тумоо жылда эле боло келгендей бир түрдүү болбойт. Ал мутацияланып, улам өзгөрүп турат.
Би-Би-Си: Ооруканаларда кезек талашмай, орун жок, шарты жакшы эмес деген талкуулар күчөдү. Эмне кылуу керек?
К.Узакбаев: Балдар клиникалык ооруканасын борбордо дагы, аймактарда дагы куруу керек. Бул өтө зарыл. Атайын стратегияга канча жыл мурун эле киргизгенбиз. Аба-суудай зарыл. Мисалы миллиондон ашуун калкы бар Жалал-Абадда балдардын клиникалык ооруканасы жок. Баткенге дагы сөзсүз куруу керек. Ысык-Көл менен Нарынга бирден салып бере албасак дагы Балыкчы шаарына курсак, эки областка кызмат кылат эле. Аймактарга курсак элге жеңил болмок. Ошол жерден адистер дагы такшалмак. Убагында карап, оорунун күчөп кетишине жол бербейт эле. Мисалы аймактагылар айласы кеткенде Бишкекке жөнөйт. Чүйдө тиешелүү оорукананын жоктугунан дароо эле алар Бишкекке агылат. Ошондон улам шаардагы балдар ооруканаларына аябай эле күч келип жатпайбы. Стратегияда ушунун баарын сөзсүз эске алуу керек. Дарыгерлердин санынын аздыгын айтпай эле коёлу.
Би-Би-Си: Дарыгер үлгүрбөй, кезек жетпей кыйналган учурда ата-эне өз алдынча кыла турган универсалдуу дарылоо ыкмасы барбы?
К.Узакбаев: Ушундай кылсак эле дарыгерсиз айыгып кетет дегидей универсалдуу ыкмасы жок тилекке каршы. Кыйналгандардын ар бирин өзүнчө карап чыгуу зарыл. Ата-энелердин да жардамы абдан чоң. Алар ооруп турган баланы мектеп, бала бакчага жөнөтпөшү керек. Себеби, абалды оорлотот. Сасык тумоо эле, жеңил эле, өзү эле өтүп кетет да деп коюу туура эмес.
Эгер статистиканы карасак жылына абдан кайгылуу фактыларды көрөбүз. Бул бизде эле эмес, дүйнөдө дагы ушундай. Бул деген вирус. Күчөп, өтүшүп кетип сасык тумоонун айынан ооругандардын бир пайызын жоготуп алган учурлар болгон. Бул жүз баланын бири жок болду деген сөз. Бул абдан жаман. Оорунун биринчи белгисинен баштап ата-эне дарыгер менен бирге күрөштү башташы керек.
Би-Би-Си: Ооруканага жаткан бала ал жакта ооруп жаткандардан дагы башка вирустарды жугузуп, ого бетер күчөтүп алат деп кооптонгондор жок эмес. Ушуну түшүндүрүп берсеңиз.
К. Узакбаев: Ооруканаларда орундун тартыштыгы абдан күч. Кээде айыгып келе жаткан бала жаткан бөлмөгө оорусу күчөп турган учурлар болот. Дарыгер ушунун баарын жөнгө салышы керек. Орун болсо абдан тартыш экенин айттык.
Би-Би-Си: Бир учурда бир үй-бүлөдө бир нече бала ооруп калып, ата-энеси абдан кыйналган мисалдар аз эмес. Мындай учурда кандай кылса туура болот?
К. Узакбаев: Ооба, бир нече баласы бир учурда ооруп калса ата-энеге да абдан оор. Ошондуктан балдардын биринен сасык тумоонун биринчи белгиси байкалганда эле мүмкүн болсо ал баланы башка бөлмөгө бөлүп, дароо обочолонтуу керек. Колдон келсе өзүнчө идиш-аяк, өзүнчө каражаттарды бөлүп, жүз арчы, сүлгү дегендин баарын кайнатып, жууп, үтүктөп берүү зарыл. “Бир балам ооруп баштаптыр, эми калгандары дагы барыбир ооруйт” деп коюу туура эмес.