Пакистан: Индия бир-эки күндө сокку урууга камынууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пакистандын Маалымат министри Аттаулла Тарар жакынкы 24 же 36 саат ичинде Индия Пакистанга чабуул коюуга камынып жатканы боюнча ишенимдүү маалымат бар экенин билдирди.
Тарардын айтымында,Индия чабуулду баштап жиберүүгө шылтоо издеп жатат:
"Индия тараптан жасалган кандай гана аскердик авантюризм болбосун ишенимдүү жана чечкиндүү жооп кайтарылат".
Эки өлкөнүн тең өзөктүк куралы болгону менен буга чейинки конфликттерде андай курал колдонулган эмес.
Аттаулла Тарардын бул комментарийи өткөн аптада Индия тарабынан көзөмөлдөнгөн Кашмирдин Пахалгам аймагында кол салууга дуушар болгон туристтердин өлүмүнө Пакистанды айыптагандан кийин чыкты. Кол салуудан 26 киши курман болгон.
Индия бийлиги бир дагы конкреттүү топ тууралуу айткан жок, Исламабад болсо бул айыптоолорду кескин четке кагууда.
Индия менен Пакистан Кашмирдин аймагын жетимиш жылдан ашуун убакыттан бери талашып келе жатат. Анын айынан эки жолу кандуу согуш болду. Жайкын тургундардын өлүмү боюнча алып караганда, 20-апрелдеги 26 туристтин өлтүрүлүшү бул аймактагы соңку жыйырма жылдагы эң эле масштабдуу кол салуу болуп калды.
Эки өлкөнүн тактала элек чек ара тилкесиндеги абал бир аптадан бери тынчыбай жатат. Эки тараптан тең демаркацияланган чекке жайгаштырылган аскерлер маал-маалы менен ок атышууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Индия 2016-2019-жылдардагыдай Пакистанга аскердик соккулар менен жооп кайтарат деп болжонууда.
2016-жылы Уриде индиялык 19 жоокер өлтүрүлгөндө Индия Кашмирдин Пакистан тарабында жайгашкан согушкерлердин лагерлери деп болжонгон аймакка таамай сокку урган эле.
2019-жылы болсо индиялык полиция кызматкерлери бара жаткан автобусту жардыргыч заттар шыкалган унаа келип сүзүп, анда 40 киши курман болгон. Индия анда Балакидеги согушкерлердин лагери деп болжонгон жерге аба соккуларды урган. Бул 1971-жылдан бери карай Пакистандын аймагына урулган алгачкы соккулар эле.
Пакистан дагы буга аба чабуулдар менен жооп кайтарып, ал бир нече жолку куралдуу кагылышууга чейин күчөп кеткен.
Өткөн аптада бийлик Индия көзөмөлдөгөн Кашмирде масштабдуу тинтүүлөрдү жүргүзүп, 1500дөн ашуун кишини кармаган. Андан бери дагы бир топ киши кармалды. Бирок алардын так саны айтылган жок.
Индиянын бийлиги согушкер деп саналган кеминде он кишинин үй-жайын сүрдүрүп салды. Жок эле дегенде алардын бири кол салууга шектүүлөр менен байланышы болгону тууралуу айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Исламабад жана Нью-Дели Кашмирдин бүтүндөй аймагына ээлик кылууга атаандашып келгени менен ал жакты толугу менен башкарбайт. Бул жер 1947-жылы алар эгемендик алгандан тарта талаш-тартыштын очогуна айланып калды.
Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагында 1989-жылдан бери куралдуу козголоңчулар жашап келет. Алар коопсуздук күчтөрүнө дагы, ошол эле учурда жайкын тургундарга дагы кол салган учурлар бар.
Индия ушул убакытка чейин Пахалгамдагы кол салууга айыптап бир да топту конкреттүү атаган жок жана азыркыга чейин ал кандуу окуяны ким жасаганы түшүнүксүз бойдон калууда.
"Каршылык фронту" деп аталган анча белгисиз топ адегенде кол салуу боюнча жоопкерчилик алганы тууралуу кабарлар чыккан. Бирок алар бул кандуу окуяга тиешеси жоктугу тууралуу билдирүү таратышты. Кайсы бир маалыматтарга караганда, "Каршылык фронту" пакистандык "Лашкар-е-Тайба" согушкерлер тобуна тиешеси бар экени айтылып келет.
Индиянын полициясы кандуу кол салууга төрт шектүүнүн ичинен үчөөнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын экөө пакистандыктар, бирөө Индия көзөмөлдөгөн Кашмир аймагынын жергиликтүү тургуну. Төртүнчү киши боюнча маалымат жок.
Аман калгандардын көбү кол салгандар атайлап индуизмге ишенген эркектерди тандашканын айтышууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул кол салуу жалпы Индия боюнча кыжырданууну жаратты. Премьер-министр Нарендра Моди болсо шектүүлөрдү "жердин түбүнөн" болсо дагы таба турганын убада кылды жана муну пландаштырып, аны ишке ашыргандар "азаптуу жазаны тартышарын" жарыялады.
Аналитиктердин пикирине караганда, өзөктүк курал бул бир эле учурда коркунуч жана ооздуктап турчу фактор. Ал эки тараптын тең өлкө жетекчилерин кылдат аракет көрүүгө мажбурлайт. Ошондуктан таамай жана максаттуу жооптор кайтарылышы мүмкүн. Бирок мындайда баары пландагандай болбой калабы деген тобокел такай болот.












