Индия туристтердин өлүмү үчүн Пакистанды айыптап, суусуз калтырабыз деп коркутту. Согуш башталабы?

Вагах өткөрмө пунктундагы индиялык аскерлер. 24-апрель, 2025-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вагах өткөрмө пунктундагы индиялык аскерлер. 24-апрель, 2025-жыл

22-апрелде Индиянын Палахгама аймагында 26 турист өлтүрүлгөндөн кийин Индия бул кандуу окуяга Пакистанды айыптады. Мындан улам эки өлкө ортосундагы чыңалуу күчөдү. Соода-сатык жана авикаттамдар токтотулду. Дипломаттар чыгарылып, Индия суу жөнүндөгү келишимден бир тараптуу чыгып кетти. Пакистан болсо суусуз калтыруу аракетин согуш жарыялаганга тете деп баалап жатат.

Индиянын полициясы кандуу кол салууга үч шектүүнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын экөө пакистандыктар.

Шаршембинин кечинде Индия Пакистан менен дипломатиялык алакасынын деңгээлин төмөндөтүп, элчиликтин кызматкерлеринин санын дээрлик эки эсеге кыскартты. Мындан сырткары эки өлкө ортосунда 1960-жылы Инд дарыясынын суусу боюнча түзүлгөн келишимди токтотуп, Индия менен Пакистанды кургактык аркылуу байланыштырган жападан-жалгыз чек ара бекетин жапканын жарыялады.

Пакистандыктарга Түштүк-Азия регионалдык кызматташтык ассоциациясынын системасы боюнча берилген визалар үч күндүн ичинде жокко чыгарыла турган болду.

Пакистандын өкмөтү болсо 24-апрель күнү Индия кабыл алган чараларга жооп кылып, бир нече чараларды киргизди. Индиянын жарандарына берилген визаларды токтотту. Виза боюнча бул эреже сикх сыйынуучуларына тиешеси жок. Ошондой эле индиялык аскер кеңешчилерин персона нон грата деп жарыялап, алардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды.

Индияга тиешелүү жана Индия башкарган авиалиниялардын баардыгы үчүн Пакистандын аба мейкиндиги жабылды. Ошондой эле негизги Вагах чек ара өткөрмө бекети жабылып, соода толугу менен токтотулду. Ал тургай транзиттик товарлардын өтүшүнө дагы бөгөт коюлду.

Пакистан Индия тараптан Инд дарыясынын суусун токтотууга байланыштуу кандай гана аракет болбосун ал "согуш актысы" катары баалана тургандыгын эскертип, ошого жараша жооп боло тургандыгын билдирди.

Пакистан бийликтеринин билдирүүлөрүнө караганда, "ишенимдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес жана тастыкталган далилдер жок". Индиянын Кашмирдеги кол салууга Пакистанды байланыштыруу аракети болсо "жеңил ойлуулук, тең салмактуулуктун жана логиканын жоктугу" деп атады.

Индия Пакистанды суусуз калтыра алабы?

Ладакадагы Инда өрөөнү, Индия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ладакадагы Инда өрөөнү, Индия
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Инд дарыясы башталган алты куйманын беши Индияда жайгашкан, бирок дарыянын топтолгон негизги суусун Пакистан пайдаланат.

Пакистандын энергетикасы менен айыл-чарбасы суу менен камсыздоонун туруктуулугуна көз каранды.

1960-жылы атайын келишим түзүлгөн. Ага ылайык, Индия Инд дарыя тутумунун Пакистанга чейинки чыгыш багытындагы үч куймасынын сууларын пайдаланат. Пакистан болсо анын батышындагы үч куймасын пайдаланат.

Индия буга чейин Пакистан менен конфликттери учурунда бир дагы жолу келишимдин шарттарын бузган эмес. Эми биринчи жолу келишимдин жарамдуулугун жокко чыгарууда. Келишимде болсо кайсы бир тарап келишимди өз алдынча токтотуп же андан бир тараптуу чыгып кетүү укугу каралган эмес. Анда чыр-чатактарды чечүүнүн так процедуралары жазылган.

Индиянын тышкы иштер министри Викрам Мисри "Пакистан транс чек аралык терроризмди колдоосун токтотуп жана андан баш тартмайын" келишим эч кандай күчкө ээ болбой тургандыгын билдирди.

Reuters агенттиги келишимди токтотуу Пакистанга ага турган сууга тез арада таасир бере албайт, анткени Индия сууну дароо "бөгөттөп" алгысы келген күндө дагы аны башка жакка буруп кете албайт же сактап коё албайт деп жазды.

Бирок келишимди токтотуу дегени - Индия дамбаларга жана суу сактагычтарга топтолгон сууну кайсы убакта коё бергени тууралуу же суу ташкындары жөнүндө маалымат бөлүшүүнү токтотот дегенди билдирет. Мындан сырткары кургакчылык каптаган мезгилде Индия минималдуу деңгээлде болсо да сууну коё берүү боюнча милдеттүү болбойт.

Эгерде суунун келиши туруктуу болбосо Пакистандын айыл чарбасы коркунучка кептелип калат. Өзгөчө сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдү өстүрүүдө көйгөй жаралат. Мисалы, буудай, күрүч жана кант камышы сыяктуу өсүмдүктөр.

Пакистандын энергетика министри Аваис Лехари келишимди токтоуп салууну "суу согушунун актысы" жана "мыйзамсыздык, коркоктук" деп атады.

Пакистандын улуттук фермерлер биримдигинин төрагасы Халид Хуссейн Баат, Индиянын аракеттерин агрессиялык акт катары мүнөздөдү.

"Бул чыныгы согуш. Бизде ансыз деле климаттын өзгөрүүсүнөн улам суу тартыш. Бул жылы кар дагы, жаан-чачын дагы аз. Анын айынан суунун деңгээли өткөн жылдагыга салыштырмалуу 20–25% аз болуп жатат",- дегенин Reuters агенттиги цитата кылып жарыялады.

Согуш башталышы мүмкүнбү?

Туристерге кол салуу болгон аймак, бир күндөн кийинки көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Туристерге кол салуу болгон аймак, бир күндөн кийинки көрүнүш

Индиянын Коргоо министри Раджнатх Сингх, индия жергесинде болгон окуянын аткаруучуларына эле эмес, алардын уюштуруучуларына дагы "катаал жооп" боло тургандыгын убада кылып, андайга даяр экенин билдирди.

Аскер тарыхчысы Шринатх Рагхаван Би-Би-Сиге комментарий берип жатып, 2016- жана 2019-жылдардагы прецеденттерди эске салды. 2016-жылы Уриде индиялык 19 жоокер өлтүрүлгөндө, Индия Кашмирдин Пакистан тарабында жайгашкан согушкерлердин лагерлери деп болжонгон аймакка таамай соккулар урулган эле.

2019-жылы болсо индиялык полиция кызматкерлери бара жаткан автобусту жардыргыч заттар шыкалган унаа келип сүзүп, анда 40 киши курман болгон. Индия анда Балакидеги согушкерлердин лагери деп болжонгон жерге авиасокууларды урган. Бул 1971-жылдан бери карай Пакистандын аймагына урулган алгачкы ушундай сокку эле.

Пакистан буга жооп кылып, авиачабуул койгон. Бул бир нече жолку куралдуу кагылыштарга чейин алып барган.

"Менимче биз ички аудиторияга дагы, Пакистандагы оюнчуларга дагы сес көрсөтө турган чечкиндүү бир жоопту көрөбүз. 2016-жылы, өзгөчө 2019-жылдан кийин жооп катары чаралар трансчек аралык же авиасоккулардын деңгээлинде белгиленген. Эми өкмөттүн андан төмөнкү деңгээлде жооп берүүсү кыйын болуп калат. Пакистан мурда боло келгендей жооп берет",- деп эсептейт тарыхчы.

Тышкы саясат боюнча аналитик Майкл Кугельман Индиянын аскердик жооп кайтаруу ыктымалы абдан жогору деп эсептейт.

"Мындай реакциянын Индия үчүн эң башкы артыкчылыгы м саясий иш. Анткени коомчулуктун басымы катаал жооп кайтарууну талап кылып жатат",- деди ал Би-Би-Сиге.

АКШдагы Олбани университетинен Кристофер Клари 2021-жылкы көзөмөл линиясында ок атышууну токтотуу келишими күчүн жоготуп бара жатат жана премьер-министр Нарендра Моди чек ара аркылуу ок атышууну жандандырууга уруксат бериши мүмкүн деп эсептейт.

Мындан сырткары авиа соккулар же болбосо керек десе 2019-жылдагыдай канаттуу ракеталар менен чабуулдар болушу мүмкүн. Мунун баарына жооп кайтарылат деп болжосо болот жана эскалацияга жеткириши ыктымал.

Индия менен Пакистандын ортосундагы кандай гана кризис болбосун эки тарап тең өзөктүк куралга ээ экендиги олуттуу тобокел болуп келет.

"Өзөктүк курал — бул бир эле учурда коркунуч жана ооздуктап тура турчу фактор. Ал эки тараптын тең өлкө жетекчилерин кылдат аракет көрүүгө мажбурлайт. Ошондуктан таамай жана максатуу жооптор кайтарылышы мүмкүн. Пакистан дагы дал ошондой жооп узатып, андан соң деэскалацияга мүмкүндүк издейт болушу керек. Мындай моделди биз башка конфликттерден дагы көргөнбүз. Мисалы, Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунуу азайтууну көздөгөн таамай соккулар. Бирок баары пландагандай болбой калабы деген тобокел бар", - деп эсептейт Рагхаван.