Таиландда кран поездге кулап, кеминде 28 адам каза болду

Таиланддын Накхонратчасима провинциясында курулуш краны жүрүп келе жаткан поезддин үстүнө кулап, кеминде 28 адамдын өмүрү кыйылды. Расмий маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен дагы 64 адам жаракат алды. Алардын жетөөсүнүн абалы оор. Жабыркагандардын арасында бир жаштагы баладан тартып 85 жашка чейинки улгайган адамдар да бар.

Поезддеги бардык жүргүнчүлөр кырсык болгон жерден эвакуацияланды.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр менен видеолордо поездди көздөй кулаган крандан улам вагондор оодарылып кеткенин көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн бири поездди кран "экиге бөлүп салгандай" болду деп айтты.

Поезд кызматкерлеринин биринин айтымында, соккунун күчүнөн вагон өйдө көтөрүлө да түшкөн.

Кулаган кран Таиланд менен Кытайды байланыштырган жогорку ылдамдыктагы темир жолдо иштеп жаткан.

Таиланд бийлиги бул кырсык боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Окуя өлкөдө коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам болгон башка да бир катар өлүмгө алып келген кырсыктардан кийин катталды.

Таиланддын премьер-министри Анутин Чарнвиракул кырсыкка күнөөлүүлөрдү "жазалоону жана жоопкерчиликке тартууну" талап кылды.

Кырсыкка кытай компанияларынын же жумушчуларынын тиешеси жок

Ал ортодо Кытайдын Таиланддагы элчилиги кулаган кранга эч бир кытайлык курулуш компаниясынын же жумушчуларынын тиешеси жок экенин билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги кырсык болгон тилке Таиланд компания тарабынан курулганын маалымдады.

Таиландда крандарга байланыштуу буга чейинки кырсыктар

Соңку жылдары Таиландда кран кулаган кырсыктар бир нече ирет катталып, адам өмүрү кыйылган учурлар болгон.

Өткөн жылдын август айында Рама II жолунун дагы бир тилкесинде кран кулап, үч адам жаракат алган. Кесепетинен жол кыймылы үзгүлтүккө учураган.

2024-жылдын ноябрында Рама II жолунда курулуш краны жана бетон конструкциялар кулап, алты адам каза болгон. Бул жол Бангкокту өлкөнүн түштүк аймактары менен байланыштырган негизги магистраль болуп саналат.

Ошол эле жылдын март айында Таиланддын чыгышындагы Районг провинциясында жайгашкан металлургиялык заводдун курулуш аянтчасында кран кулап, кеминде алты курулушчу каза тапкан.