Кызматтан алынган Орусиянын транспорт министринин жансыз денеси табылды. Окуя тууралуу эмне белгилүү?

7-июнь күнү транспорт министри кызматынан алынган Роман Старовойт каза болгону маалымдалды. Орусиянын Тергөө комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ал өз жанын кыйган. 53 жаштагы Старовойттун денеси Дүйшөмбү күнү Одинцово шаарчасында өзүнүн жеке унаасынан табылганын Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

"Окуя болгон жерде Орусиянын Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Башкы тергөө башкармалыгы иш алып барып, чоо-жайын тактоодо. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча ал өз жанын кыйган", - деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Орусия президенти Владимир Путин Старовойтту Транспорт министрлигинин башчысы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Документте анын кызматтан алынуу себеби тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

Старовойттан кийин облусту убактылуу жетектөөгө мурда ошол аймактагы өкмөтүн өкүлү болуп келген Алексей Смирнов дайындалган.

Бирок ал бул кызматта бир жыл да иштеген жок, 2024-жылдын декабрында отставкага кетип, 2025-жылдын апрелинде камакка алынган.

Смирнов Украина менен чектеш аймакта коргонуу курулуштарын жүргүзүү үчүн "Курск аймагын өнүктүрүү корпорациясы" ишканасына бөлүнгөн 1 миллиард рубль каражатты кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.

Интерфакс 2022-2023-жылдары федералдык бюджеттен Курск облусунун өкмөтүнө "өлкөнү украин аскерий агрессиясынан коргоо максатында коргонуу объекттерин (блиндаждарды, ок атуу пункттарды, танкка каршы пирамидаларды жана арыктарды) курууга" 19,4 миллиард рубль бөлүнгөнүн жазган.

2024-жылдын августунда Смирнов Курск облусун жетектеп турганда, облустун бир бөлүгү, анын ичинде Суджа шаары (Суджанск районунун административдик борбору) Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан басып алынган.

ЖМК жана телеграм-каналдардагы айрым булактардын маалыматына караганда, Старовойттун өзүнө да кылмыш иши козголушу мүмкүн болчу. Мурдагы губернатор Смирнов экс-министрге каршы көрсөтмө берген болушу ыктымал деп жазып чыкты "Коммерсант" басылмасы.

РБКнын маалыматына ылайык, Старовойттун Курск облусундагы фортификациялык курулуштар боюнча каражаттарды уурдоого катыштыгы бар же жоктугу териштирилип жаткан.

Forbes басылмасы, тергөө органдарына жакын булагына таянып, Старовойт бир суткадан ашуун убакыт мурда, болжол менен ишембиден жекшембиге караган түнү каза болушу мүмкүн экенин жазды. Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов да RTVI телеканалы менен болгон маегинде Старовойттун өлүмү "бир топ убакыт мурун" болгонун билдирди.

Бирок РБК чиновниктин денеси дүйшөмбү күнү унаасынан бир нече метр алыстыкта бадалдардын арасынан табылганын жана кечинде гана өлүкканага жеткирилгенин жазды.

Ошол эле учурда маалымат агенттиктери Старовойттун сөөгү табылган Одинцово шаарындагы унаа токтоочу жайда тергөөчүлөр иштеп жаткан учурдан тартылган сүрөттөр менен видеолорду жарыялашты.

Старовойттун карьерасы

Старовойт 1972-жылы Курск шаарында туулган, бирок көп өтпөй анын үй-бүлөсү Санкт-Петербургга (ал кездеги Ленинград) көчүп кеткен. Ошол жерден ал саясий карьерасын баштаган.

Старовойт Валентина Матвиенко Санкт-Петербургда губернатор болуп турган учурда анын командасына кошулган. Ал Смольныйдагы Инвестициялар жана стратегиялык долбоорлор боюнча комитетте иштеген.

Адегенде Санкт-Петербургдагы (Toyota, Nissan, Suzuki) автомобиль заводдорун куруу долбоорлоруна жооптуу болгон, андан кийин Максим Соколовдун (азыркы АвтоВАЗдын президенти жана башкы директору) комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп, шаардагы ири курулуш объектилерин жетектеген.

Соколовдун артынан Старовойт Орусия өкмөтүнүн аппаратынын Өнөр-жай жана инфраструктура департаментине которулган. Ал учурда өкмөттү Владимир Путин жетектеп турган. Ал ошол жерде Сочидеги Олимпиадага даярдык көрүү иштерине тартылып, вице-премьер Дмитрий Козактын тапшырмасы менен Санкт-Петербургдун тарыхый борборун реконструкциялоо боюнча федералдык максаттуу программаны көзөмөлдөгөн.

2012-жылы Соколов транспорт министри болуп дайындалгандан кийин, Старовойт Росавтодорду жетектеп калган. 2018-жылы Транспорт министринин орун басары болуп дайындалган.

2018-жылдын октябрь айында ал Курск облусунун убактылуу губернатору болуп дайындалып, 2019-жылдын сентябрында губернаторлук үчүн өткөн шайлоодо жеңип чыккан.

Би-Би-Си орус кызматынын кабарчысы Сергей Горяшко Роман Старовойттун өлүмү тууралуу:

Роман Старовойттун өлүмү Путин башкарган Орусия үчүн өзгөчө, адаттан тыш окуя. Өзүн-өзү аткан соңку министр СССР маалында болгон. 1991-жылы ички иштер министри Борис Пуго ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин өз жанын кыйган.

Бирок Старовойттун окуясы СССРдин дагы бир ички иштер министри Николай Щелоковдун өлүмүн көбүрөөк эске салат. Ал кызматтан кеткенден кийин коррупция боюнча жоопко тартылуу коркунучу турган. Щелоков 1984-жылдын декабрь айында бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылгандын эртеси (ага чейин кызматтан бошотулуп, КПСС Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнөн, партиядан чыгарылып, армиянын генералы наамынан ажыратылган) өзүн-өзү аткан.

Старовойт болсо болгону транспорт министри кызматынан алынган. Эртең менен маалымат берип жатып, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков анын кызматтан бошотулушу боюнча жарлыкта "ишенимден чыкты" деген формулировка жок экенин өзгөчө белгилеген. Бирок андан кийинки окуялардан көрүнүп тургандай, ал расмий айыпталбаганы менен болуп өткөндөр ага тынчтык берген эмес.

Старовойт анын Курск облусундагы мурдагы орун басары (ал кездеги губернатордун милдетин аткаруучу) Алексей Смирновдун иши боюнча суракка алынышы мүмкүн болчу деген ЖМКлардын маалыматын Орусиянын Тергөө комитети тастыктаган жок.

Декабрда Смирнов "өз каалоосу менен" кызматтан кетип, апрель айынын ортосунда коргонуу объектилерин курууга бөлүнгөн акчаны кымырып алган деген айып менен кармалган. Мамлекеттик маалымат агенттиктери билдиргендей, бул акча Курск облусунун өкмөтүнө 2022–2023-жылдары, Старовойт губернатор болуп турган маалда бөлүнгөн.

Кыязы, мурдагы орун басары Смирнов камалгандан кийин Старовойт өзүнүн тагдыры үчүн катуу кооптонуп жүргөн. Камакка алынган адам жетекчисине каршы көрсөтмө берген учурлар, Орусиянын кылмыш ишинде кадимки көрүнүш.

Орусияда соңку жылдары абакка түшүү коркунучу менен өз жанын кыйгандар негизинен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болуп келген.

2020-жылы Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын автотранспорт департаментинин башчысы Виктор Свиридов опузалап акча талап кылуу боюнча сот өкүмдү угузуп жаткан маалда, өзүн-өзү атып салган.

Тергөө комитетинин ички коопсуздук башкармалыгынын мурдагы башчысы Михаил Максименко 2023-жылы колонияда асынып өлгөн. Ал пара алуу боюнча 14 жылга кесилип, анын жарымын өтөгөн болчу.

ИИМдин Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары, генерал Денис Сугробовдун резонанстуу иши боюнча айыпталуучулардын бири Борис Колесников 2014-жылы Тергөө комитетине сурак берип бүткөн соң, терезеден секирген.

Старовойттун өлүмү орус элитасы үчүн маанилүү окуя болуп калды. Бул окуя кайсы бир иш боюнча шектелген чиновниктердин коркуу сезими кандай деңгээлде экенин көрсөтүп койду. Айыбы жоктор дагы өз өлкөсүнүн сот системасын, алар үчүн актоо өкүм дээрлик чыкпай турганын, түрмөлөрдүн абалы оор экенин жакшы билгендей.

Сталиндин доорундагы "тазалоолор" менен салыштыруу азыр аша чапкандык болбой калды.

Мына ушул окуянын фонунда дем алыш күнү дагы бир маанилүү кабар чыкты. Коммунисттик партиянын (КПРФ) курултайы Хрущёвдун Сталинди ашкере көкөлөтүү саясатын сындаган баяндамаcын жаңылыштык деп жарыялады.