You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ Израилге кат аркылуу муштум кезеген соң Газага гумжардам өтө баштады
Израил Газанын түндүгүнө чабуулун күчөттү. Анын максаты - Хамастан тазалоо дешет алар.
Бирок гумжардам топтору, аймак курчоого алынып, буйрукка баш ийбеген жарандар аман калбашы мүмкүндүгүн айтышууда. Израил эки аптадан бери бул жерге гумжардам киргизбей келди.
АКШ мамлекеттик катчысы жана коргоо министри Израил өкмөтүнө кат жолдоп, гумжардам жеткирүүгө бут тоспоону талап кылышкан.
Кат жекшемби күнү Израил өкмөтүнө жөнөтүлгөн.
Анда, АКШ "Газада гуманитардык кырдаал курчуп баратканына" терең тынчсызданары, Израил газалыктарды жээктеги тар аймакка мажбурлап көчүргөндүктөн 1,7 млн жарандын "өлүмгө алып келүүчү жугуштуу ооруга чалдыгуу тобокелдиги жогору" экени эскертилет.
Аягында, "чукул жана туруктуу чараларды көрүү менен... ушул айда абалды жакшыртууну" талап кылып, Израил "азыртан баштап, 30 күндүн ичинде" гумжардамдын киришин көбөйтүшү керектиги айтылат.
АКШ кат аркылуу катуу талап койду
Эгер талаптар аткарылбаса, "АКШнын саясатына кедергисин тийгизиши" мүмкүндүгү эскертилип, гумжардам жеткирүүгө бут тоскон өлкөлөргө аскердик жардам берилбейт деген мыйзамды цитата келтиришкен.
"Сынчылар көптөн бери АКШны Израилге курал-жарак бербей коебуз деп коркутуп, Газадагы жарандарды коргоп калса болмок деп айыпташат. Алар болсо дайыма аны четке кагышат. Бирок учурда АКШ Газага гумжардам жеткирүүгө жолтоо болбогула деп Израилди эскертүүдө."
Мамлекеттик департаменттен, кат АКШ мыйзамынын негизинде жазылганын кабарлашты. Би-Би-Си кабарчысы жыйын учурунда АКШнын өкүлүнө собол узатты.
"Израилдиктерге ал катты жазып, катуу эскертүү берүүгө бир жыл убакыт кеттиби дешүүдө. Эмне үчүн ага көп убакыт кетти?"
"Кырдаал боюнча Израил өкмөтүнө биринчи жолу кат жазып кийлигишип жатат деп ойлобоңуз. Соңку бир нече айдан бери аларга кайрылып, жыйынтыгын көрсөткүлө дегенбиз, бирок аны көрө албай келдик",- деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Мэттью Миллер.
Президент Байдендин мөөнөтү аяктаар алдында Израил өкмөтүнө кысым көрсөтүүнү күчөтүп жаткандай, бирок Газадагы согуш көпкө уланышы мүмкүн.
Гумжардам жеткирүүдө Израил бийлигине буга чейин да нааразылык боло келген
Гуманитардык жардам жеткирүү боюнча буга чейин да көйгөйлөр болуп келген. Ушул жылдын апрель, май айында да бул маселе абдан курч турган.
Ошол тушта Газанын түндүгүндөгүлөр ачарчылыкка бет келген. Гуманитрадык уюмдар ошол мезгилде дагы тамак-аш зарылдыгын, азык-түлүк тартыштыгын айтып коңгуроо кагышкан. Жардамдын көбү авмобил жолдору аркылуу ташылат. Ошондуктан жүк ташыган унаалардын тосколдуксуз өтүүсү абдан маанилүү маселе.
Келген жүк Газаынын түштүгүнө топтолуп, андан соң түндүгүнө жеткирилет. Израил жардамдарды жеткирүү ишинде зарыл болгон аракеттин баарын жасап жатканын билдирген.
Бирок Бириккен Улуттар Уюму аймактагы негизги өткөрмө бекеттериндеги тоскоолдуктар уюмдун ишине абдан кедергисин тийгизип жатканын айткан.
Би-Би-Си ошол мезгилде сөз болуп жаткан аймактарды, өткөрмө бекеттерин спутник сурөттөрү аркылуу байкоого алып, талдап көргөн. Ал байкоолор апрель айларында да жүк ташуучу унаалардын узун кезекке тизилип, акыйып күтүүгө аргасыз болушканын аныктаган. Би-Би-Си бул боюнча Израил бийлигине кайрылып, жооп ала алган эмес.
Жардам көрсөткөн эл аралык уюмдар Израил тараптын тоскоолдуктарынан улам карапайым калкка жардам көрсөтүү кыйындап жактанын кайра кайра айткан.
Газа эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жардам колун сунган ыктыярчылар үчүн да абдан кооптуу аймак болуп келди. Ал тургай Израилдин чабуулунун ыктыярчылар мерт кеткен мисалдар да болгон.